Кубат Кубанычбеков, шоумен: “АЙРЫМ ПОПУЛЯРДУУ АДАМДАРДЫН ДЕҢГЭЭЛИН КӨРҮП КЕЙИДИМ”

Бир кездеги КВН жылдызы, учурда тамада, алпаруучу Кубат Кубанычбеков менен чыгармачылык, кыялдар жана аялдарга болгон мамиле тууралуу сүйлөштүк. Маек кызыктуу болду, сизди кайдыгер калтырбайт деген ишеничтебиз.

– Кубат мырза, убактыңыз кандай? Эмне иштер менен алексиз?

– Күнүмдүк тиричилик менен эле алекмин. Жумуш, үй, оокат дегендей. Жеке бизнестерим бар. Бош убакыт аз.

– Жумуштарыңыздын бири - тамадалык, алып баруучулук да. Бул кесиптин эмнеси оор сиз үчүн?

– Алып баруучулук мага жагат, андан ырахат алам. Мен үчүн оорчулугу деле жок, болгону стресске туруктуу болуш керек. Атаандаштыкка туруштук берип, дайым бир планканы кармап турушуң зарыл. Күндө жаңы нерселер чыгат, алардан калып калбоо жеңил эмес болуш керек. Программаларды жыл сайын жаңылап турабыз. Ивент-базарында эмне жаңылык чыкса, аны да программаларга кошуп турууга аракет кылабыз.

– Тойлордун форматын өзгөртүш керекпи? Эмнелерди өзгөртүш керек деп ойлойсуз мисалы?

– Биринчиден, тойлордун масштабын өзгөртүш керек. Абдан чоң тойлордун кереги жок, чакан той өткөргөн жакшы. 100 киши чакырылган тойлор жакшы өтөт. Болбосо азыркы тойлордо эл көп болуп, коноктор тосттордон тажап кетип жатпайбы. 100 кишилик тойдо тост көп жана тажатма болбойт. Баары орду менен болот. Анан тойго көбүнчө улуу муун келет да. Эмнеге улгайган адамдар көп сүйлөй турганын түшүнүп калдым. Көрсө, жашоодогу тажрыйбасы менен бөлүшкүсү келет экен да.

– Өзүңүз каалабаган иш менен алек болгон учуруңуз болдубу?

– Кесибим боюнча инженермин. Биринчи курста эле инженерлик меники эмес экенин түшүнгөм. Кийин анан КВН, “Тамашоу” менен кетип калбадымбы. Мен кесипти эмес, кесип мени тандады. Тамада болом, алпаруучу болуп, стадиондо 10 миңдеген адамдардын алдына чыгып сүйлөйм деген ой үч уктасам түшүмө кирмек эмес. Жолум ушундай уланды, Кудайга шүгүр, өкүнбөйм. Баары сонун.

– Кыялдарыңыз канчалык орундалды?

– Биздин кичине кезибизде мүмкүнчүлүктөр аз болчу, көп нерсени деле кыялданчу эмесмин. Студент кезде өзүмдүн унаам, үйүм болсо деп кыялдандым. Кудайга шүгүр, унаам, үйүм бар. Саякаттайм деп кыялданчу эмесмин, азыр саякаттап жатам. Өткөндө дүкөндө шоколаддардын маңдайына туруп алып кичине кезимде курсагым жарылып кеткенче шоколад жесем деп кыялданганымды эстедим. Азыр 1 тонна шоколад алып жегенге акчам жетет да. Бирок жебейм, анткени азыр анын ден соолукка зыян экенин билем. Материалдык байлык тууралуу кыялданбайм. Үй, унаа бул кыял эмес, бул максат, ага аракет кылып жетсе болот. Кыял деген кол менен кармай албаган нерселер болушу керек. Мисалы, сүйүү, дүйнөнүн тынчтыгы... Дүйнөдө тынчтык болсо, бардык адамдар мээримдүү болушса деп кыялданам.

– Жылдыздарга мектеп программасындагы, логикалык суроолорду берип жарыштырган “Ким билет?” берүүсүн алып барып калдыңыз. Берүүнүн максаты эмне эле?

– Максаты - билимдүү болууну модага киргизүү болчу. Билимди популярдуу кылгыбыз келген. Акылдуу, билимдүү болуу жакшы деп көрсөткүбүз келген. Убакыт тартыштыгынан улам берүү токтоп калды. Долбоор улантылса, мен ырахаттануу менен алып барып бермекмин. Жарышка жалаң популярдуу адамдар катышышты да. Айрымдарынын билим деңгээлин көрүп чындыгында кейигем. Эмне үчүн ушундай адамдар популярдуу деп суроо салат экенсиң. Көрсө, популярдуу болуу билим деңгээлге байланыштуу эмес экен да. Кудай берип койсо популярдуу болуш бат эле экен.

– Бир кезде ырчы болом деген да оюңуз болгон экен...

– Кичинемден музыкага жакынмын, көп ырдайм. Азыр деле караокеде ырчы досторумдан микрофон талашып ырдайм. Студент кезимде “ырдайм” деп бир кафеге баргам. Ырдатып көрүп, “сенден ырчы чыкпайт, аракет кылбай эле кой” деп шагымды сындырып коюшкан. Кийин Мирбек Атабеков, Омар, Арсен менен караокеге барып ырдап калганда алар “сен ырчы болушуң керек болчу. Бир аз вокалга барып үнүңдү тууралап, туура ырдаганды үйрөнүп алсаң, сенден мыкты ырчы чыгат” деп айтышкан. Ооба, профессионал ырчы болом деген максатым бар болчу, азыр жок. Достор арасында ырдап калганым гана болбосо эл алдында ырдайм деген оюм жок.

– Мурда автобуста жол киреге 10 сом берсеңиз 2 сомун кайтарып бербей коёт деп коркчу экенсиз, азыр эмнеден коркосуз?

– Аны тамаша иретинде айтсам керек. Азыр эмнеден корком? Элдей болуп аялымдан корком дейин десем, коркпойм. Аялым менен эсептешем, бирок коркпойм. Азыр Кудайдын оор сыноосунан корком.

– Апаңызды, жубайыңызды, кыздарыңызды ханайым, ханыша деп турасыз. Себепсиз эле гүл бермейиңиз бар. Аялзатын сыйлоо тарбияданбы?

– Менимче, ар бир эркек үчүн энеси жашоосундагы негизги ханайым болушу керек. Жаш кезде апама туура эмес сүйлөп көңүлүн оорутуп алган учурлар болгон. Азыр апам менен сүйлөшкөндө сөз тандап сүйлөйм. “Кудай жүрөгү катуу адамдарга жумшарсын, жибисин деп кыздарды берет” деген сөз бар экен. Бул канчалык калп, канчалык чын, билбейм. Бирок досторумдун баары эле кыздуу болгондон кийин жумшарып калышты. Менин да эки кызым бар. Аялзатын урматтоо тарбиядан. Балага атасы үлгү болушу керек. Психологияда “сен кызыңдын жакшы күйөөгө туш болушун кааласаң, аны кызыңа айтып кереги жок. Болгону энесине жакшы мамиле кыл, аны көргөн кыз ошондой күйөөнү тандайт” деп айтылат. Кыздарымды ханышаларым дейм, бирок аларга да “апаңар дайыма биринчи орунда” деп турам. Кыздарыма кичирээк букет гүл алып барсам, жубайыма андан чоңураагын алып барам. Биринчиден, жубайым кубанат, экинчиден, бул кыздарыма мисал. Аялзатын сүйүү, туура мамиле кылуу энесинен, ал эми урматтоо атасынан.

Эмне кылмаксыз?

– Бардык иштешкен өнөктөштөрүңүз сатып кете берсе...

– Өнөктөштөр көп жолу сатып кетишкен. Бирок сатып кетет деп эч нерсе кылбай отура бербейсиң да. Андан ары жолуңду улай беришиң керек.

– Сыйкырдуу таягыңыз болсо, анын күчү менен баарын өзгөртө алсаңыз...

– Биринчиден сыйкырга ишенбейм. Эгер Кудайдан суранып өзгөртүү керек болсо, жер жүзүндөгү бардык адамдардын мээримдүү, боорукер болушун суранмакмын.

– Билли Айлиш жубайыңыз болсо...

– Ии, Кудай сакта... Мага ал ырчы көп жага бербейт. Жубайым болсо, анда өзүм деле ошого ылайык болмокмун да. Продюсери болуп концерттерде аркасынан жүрмөкмүн. Кызганчаакмын, эч качан жубайымдын ырчы же актриса болушун каалаган эмесмин.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан