БИР БҮРКҮМ. ЭКС-МИНИСТРДИН УУЛУ КАРМАЛДЫ...

  • Өлкөдө 9 айда 746 миң айдоочу жол эрежесин бузганы маалымдалды.
  • Мурдагы министр Динара Кутманованын уулу Кемел Кутманов Стамбулдан кармалганы айтылды.
  • Кыргыз өкмөтү: Кыргыз-Тажик чек арасында дагы 14 чакырым тилке такталды.
  • Кыргызстанда көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет.
  • Бишкекте Ленин райондук сотунун судьясы 2 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалды.
  • Индия жана Кытай жарандары эми Кыргызстанга 7 күнгө визасыз кире алышат.
  • Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Аксы районунун “смотрящийи” кармалганы жарыяланды.
  • Мындан ары окуу китептери “Учкун” басмаканасында басылып чыга турган болду.
  • Ысык-Көлдө 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды деп билдирди президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев.
  • Бишкек мэриясы автобус жана троллейбуста жол кирени 20 сом кылууну сунуштады.
  • Алтынай Сакеева Кыргыздын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулу болуп дайындалды.
  • 17-октябрдан тарта кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө документтерди кабыл алуу башталары айтылды.
  • Өлкөдө талапка жооп бербеген 14 мал базарга айып пул салынганы кабарланды.
  • Эрик Бейшембиев Кыргыздын Казань шаарындагы башкы консулу болуп дайындалды.
  • Кыргызстанда 450 миңден ашык бала кызамык жана кызылча илдеттерине каршы кошумча эмдөө алганы айтылды.
  • Талас Бегалиев Көк бөрү федерациясынын президенти кызматынан кетти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан