ИЗРАИЛЬ-ПАЛЕСТИНА ЖАҢЖАЛЫ: ООРУКАНАГА СОККУ УРУЛУП, 800 АДАМ КАЗА ТАПТЫ

Израиль-Палестина жаңжалы уланууда. 17-октябрда Газа тилкесиндеги Аль-Ахли ооруканасына ракеталык сокку урулуп, 800дөн ашык адам каза тапканы жарыяланды.

Тараптар бири-бирин айыптоодо

Каза тапкандардын көбү карапайым жашоочулар, арасында жүздөгөн балдар бар деп маалымдалды. Бул окуяга байланыштуу Палестинада 3 күндүк аза күтүү жарыяланды. Соккуну ким урганы талаш жаратууда. Израиль “ракета учурууда жаңылыштык кетирди” деп ХАМАС кыймылын айыптаса, ХАМАС Израилди күнөөлөп жатат. Кыймылдын лидери Исмаил Хания Израилдин ооруканага урулган соккусу үчүн жоопкерчилик АКШда деп эскертсе, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху бул окуяга Израил аскерлеринин тиешеси жок деп билдирди.

Башка өлкөлөр эмне дешти?

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо аталган окуяны “жеткен ырайымсыздык жана такыр акылга сыйгыс” деп атап, эл аралык укуктун нормаларын сактоого чакырды. Пентагондун расмий өкүлүнүн орун басары Сабрина Сингх АКШ Израилди “согуштун мыйзамдарын” сактоого чакырды. Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев чабуулду аскердик кылмыш деп атап, бул окуяда АКШнын жоопкерчилигин эскертти. Түркия, Иран, Ирак, Сирия, Египет жана башкалар Израилди айыптса, бир катар Европа мамлекеттери соккуну айыптап, бирок бир өлкөнү күнөөлөшкөн жок.

Палестинанын лидери Махмуд Аббас 18-октябрга пландалган АКШ президенти Жо Байден жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушуудан баш тартканы жарыяланды. Жолугушуу Иорданиянын борбору Амманда өтмөк.

Ошондой эле Байден менен жолугушуудан Иорданиянын падышасы Абдалла II да баш тартканы жарыяланды. Эл аралык айрым ЖМКлардын өкүлдөрү муну “Байденди кемсинтүү, эл алдында жаакка чапканга тете” деп баалашты.

Айта кетсек, Жо Байден 18-октябрда иш сапары менен Израилге барды.

Анда Газа тилкесине жерден операция жүргүзүү жолдору талкууланганын билдирди АКШ президенти.

- Биз кандай альтернативалар бар экенин көпкө талкууладык. Бул боюнча биздин аскерлер алардын аскерлери менен сүйлөшөт, мен терең кирбей эле коёюн – деген Байден.

Буга чейин Израиль Газага жерден чабуул жасоо планын жарыялап, бирок аны ишке ашыруудан карманып турат. Эгер жерден толук кандуу чабуул башталса, бул жаңжал масштабдуу согушка айланып кетиши мүмкүн деп жатышат эксперттер.

Кыргызстан тараптарды сүйлөшүүгө чакырды

Кыргызстан дагы Газадагы ооруканага чабуул жасалганын кескин айыптады. “Кыргызстан эл аралык гуманитардык укуктун принциптерин жана нормаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгилейт” деп билдирди ТИМ. Согушту токтотуу үчүн тараптарды токтоосуз түрдө сүйлөшүү процессин баштоого чакырды Кыргыз өлкөсү.

Жогорку Кеңештин депутаттары Палестинага гуманитардык жардам жөнөтүү керектигин айтып чыгышты. Төрага Нурлан Шакиев сунушту колдоп, “сөзсүз жардам беришибиз керек” деп билдирди 18-октябрда.

АКШдагы нааразычылык

АКШда Газага чабуул жасалышына каршы жарандар митингге чыгып, АКШ конгрессинин имаратына бастырып киришти. Бул окуя боюнча 500дөй адам кармалганы кабарланды. 18-октябрда бир катар өлкөлөрдө Израилге каршы маанайда акциялар өттү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан