АДАХАН МАДУМАРОВ КАМАКТА КАЛТЫРЫЛДЫ

18-октябрда депутат Адахан Мадумаров айыпталып жаткан кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу өттү. Угуу жабык эшик артында өтүп, ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок. Биринчи Май райондук соту Мадумаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке какканы белгилүү болду.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова кесиптеши Адахан Мадумаровдун ден соолугу үчүн тынчсызданып жатканын билдирди.

- Соттук угууну жабык өткөрүү чечими чыгып, мени да залдан чыгарышты. Мадумаровдун ден соолугун сураганга жетишип калдым. Ал ден соолугу жакшы экенин айтты. Бирок анын мүнөзү баарыбызга белгилүү да, эч качан абалым начар дебейт. Анын ден соолугу бизди кабатыр кылат – деди депутат.

Эскерте кетсек, Адахан Мадумаров 2009-жылы Кыргыз-Тажик чек арасына тийиштүү протоколго кол койгону үчүн кылмышка шектелип быйыл 2-сентябрда кармалган. Саясатчы ал прокотол юридикалык күчкө ээ эместигин айтса, бийлик тарап чек ара талашы боюнча сүйлөшүүлөрдө Тажикстан ошол документти бетке кармап жатканын билдирип келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан