КАРЫНДАШЫН КОРГОО ҮЧҮН КИШИ ӨЛТҮРГӨН АДАМ АБАКТАН БОШОТУЛДУ

Карындашына кол салган адамды өлтүрдү деп айыпталган Сухраб Жумакулов аттуу жаран абактан бошотулду.

17-октябрда жактоочу Кайсын Абакиров билдиргендей, Чүй облустук соту жабырлануучу тараптын макулдугун эске алып райондук соттун чечимин жокко чыгарды. Айыпталуучуга 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындалды.

Эсиңизге салсак, 2022-жылы 33 жаштагы келиндин Токмокко жакын жерде, Бишкек-Торугарт жолунда кабылган окуясы жарыяланган. Маалыматка таянсак, келин Бишкекке жетүү үчүн жолдон өткөн унаалардын бирине отуруп, жолдо айдоочу тарабынан ыдык көрсөтүүгө кабылган. Ал унаадан түшүп калып, башка унаага отуруп, жолдо баратып агасына телефон чалат. Бирок биринчи унаанын айдоочусу артынан кууп барып унааны токтотуп, келинди сыртка сүйрөп чыгууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы келип, ыдык көрсөттү делген айдоочуну атып алган. Ал каза болгон.

Чүй райондук соту Жумакуловду быйыл июнь айында 3 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Башында ага “Киши өлтүрүү” “Курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери боюнча айып тагылып, соттук териштирүү учурунда тагылган айып “Аффект абалында киши өлтүрүү” деп өзгөртүлгөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан