Биржан Байбол, ырчы: “МАГА ЭЧ КАНДАЙ ХАЙПТЫН КЕРЕГИ ЖОК”

– Биржан мырза, маек төрүбүзгө куш келипсиз! Кандайсыз?

– Рахмат, баарына шүгүр. Жалпы “Супер-Инфо” гезитинин окурмандарына салам! Кыргызстандын абасын жыттап сонун эс алганча чыгармачылык менен алектенип жүрөбүз.

– Экрандан ачык, шайыр адамдай көрүнөсүз. Жашоодо кандайсыз?

– Ушундай эле (күлүп). Эми ар бир адамда мүнөз, кыял болот да. Бирок мага жыргап эле жүргөн жарашат окшойт. Шайыр жүргөн адамдын өмүрү узак болот дешет эмеспи. Ошон үчүн кандай кырдаал болбосун көңүлүмдү катуу чөктүрбөгөнгө аракет кылам.

– Көңүл чөккөн учурда эмоцияңызды кантип чыгарасыз?

– Ыйлап алам (күлүп). “Сабырдын түбү сары алтын” дейт. Андай учурда апама чалып сырдашам. Ата-энемдин кеңеши мени жеңилдетет.

– Алар ырчы болушуңузду башынан эле колдоп келишеби?

– Жок, башында катуу каршы болушту. Өнөрдүн жолу өтө оор, көз тийип эрте дүйнө салып кеткен ырчылар болгон. Ушундайлардан коркушкан. А мен кайсы тармак болсо да иштеп кете алам, өзүмө ишенем.

– Чыгармачылыгыңызды өркүндөтүүдө эмне үчүн Кыргызстанды тандадыңыз?

– Баары Кудайдын каалоосу менен болот экен. Кыргыз өлкөсүндө белгилүү ырчы болорум үч уктасам түшүмө кирген эмес. Кудай менин ырыскымды кыргыз элинин арасына чачып койгон экен, ошол ырыскымды жыйнап жаткан чагым. Буюрса, бир эле кыргыз-казак эли менен чектелип калбай, келечекте дүйнө жүзүнө белгилүү болчу деңгээлге чыгабыз деген пландар бар.

– Кыргызстанга эң биринчи жолу качан келгенсиз?

– Биз окуучу кезде Кыргызстандан тигилген кийимдер Казакстанда хит болчу. “Дордойго” келип кийинип кетчүбүз. Биздин айыл Кыргызстанга жакын, Бишкекке келип кийинип кетүү арзаныраак түшчү. Азыр ойлосом, бала кезден эле Кыргызстан менен байланышта экенмин. Мектепте класстар арасында ар кандай сынактар болуп турат эмеспи. Бир жолкуда биздин класска кыргыз элинин маданиятын чагылдыруу темасы туш келген. Ошондо колума комуз кармап, башыма калпак кийип жарышка түшкөм.

– Жакында кыргыз тилинде жаңы ыр жаздырып тартууладыңыз, кыргыз тилинде ырдоо кимдин сунушу болду?

– Негизи ар бир ыр-клипти продюсер менен кеңешип жасайбыз. Канат байкеге (ред.: продюсер Канат Култаев) “менде ушундай ыр бар” деп угузам, ал ыр кыргызча ырдоого жарашса кыргызча, болбосо казакча эле чыгарабыз. Чыгармачылыкты Кыргыз жеринде улантып жаткандан кийин, албетте, кыргыз тилин даңазалап турган дурус деп ойлойм. Кыргызча ырларымды Казакстандагы досторум, үй-бүлөм угат. Казакчасын кыргыз элинин азаматтары угат. Ушул сыяктуу. Казакстандагы радиолорго кыргыз тилиндеги ырларымды да берип турам, кыргыз тилинде да даңазалана берсин, тарала берсин деп. Тил билген жакшы да.

– Бир интернет колдонуучусуна “азыр кыргызча диктант жазууга дайынмын” деп жооп берипсиз. Чын эле кыргыз тилин мыкты билип калдыңызбы?

– Укмуш, так сүйлөйм деп айта албайм. Аны бир күйөрманыма тамашалап жазып койгом (күлүп). Бирок Кыргыз жеринде жашап жаткандан кийин үйрөнүүгө аракет кылып жатам. Менин тилимде көп учурда түштүк тараптын диалекти бар (күлүп).

– Көп кыздардын кыялындагы мырза үйлөнүүнү качанкыга пландап жатат?

– Продюсерим менен 2 жылдык келишим бар. Негизи баары Кудайдын буйругунан, маңдайыма жазылганын көрөбүз. Иним үйлөнгөн, үйгө барсам анын кызы “дөө папа” деп чуркап алдымдан тосуп чыгат. Бизде атасынын агасын “дөө папа” деп коёт. Балдарды көргөндө үйлөнгүм келип кетет. Бирок азырынча иштешим керек.

– Жүрөгүңүздү багындырган бийкеч барбы?

– Азырынча жок, келечекте болуп калышы мүмкүн.

– Коомчулукта резонанс жараткан окуяны аттап кетүү болбос. Жакында ырчы Нурайым Акылбекованын концертине күтүүсүз барып, ал жактан ыңгайсыз абалга кабылып калдыңыз...

– Нурайым концерт берет дегенде барып куттуктап коёюн деген эле ой болчу. Анткени биз кыргыз-казак дуэти деп чыгармачылык жолду бирге баштаганбыз. Ушундай деңгээлде концерт берип жаткандан кийин... Эми 2 күн бою залды толтуруп концерт берүү оңой иш эмес. Эч кандай хайп жаратуу оюм жок эле. Дегеле чыгармачылыкты эч кандай ызы-чуусу, хайпы жок уланткым келет. Менин баскан-турганымдан, сөзүмдөн хайп издегендер бар. Жок, мага хайптын кереги жок.

– Ошондо сизге карата айтылган “атайын келип Нурайымдын концертин бузду” дегендерге кандай жооп берет элеңиз?

– Негизи күйөрмандарымдын, элдин пикири менен эсептешип турганды жактырам. Эч кандай жаман ниетим болгон эмес. Нурайымга эч кандай жамандык каалабайм. Кандай күндөр өтсө да жакшылык гана каалайм. Ал миң жылда бир дүйнөгө келе турган азамат кыз, таланттуу, аны кыргыз-казак сахнасында гана эмес, андан да чоң дүйнөлүк сахналардан көргүм келет.

– Чогуу иштешпей калганыңарга эмне себеп болду?

– Бул көз тийүүбү, сөз тийүүбү билбедим. Бат эле көтөрүлүп, бат эле бөлүндүк. Нурайымга бир жаман мамиле кылып же жаман сөздөрдү айткан жокмун. Болгону ортодо түшүнбөстүктөр көп болуп кетти.

– “Сүйүүнүн аныктамасы жок” деп айтылат эмеспи. Сиз сүйүүнү кандай сүрөттөйсүз?

– Сүйүүнүн аныктамасы жок деген сөз туура эле болуш керек. Чынында, сүйүү ойлобогон жерден келип калат. Сүйүү жөнүндө сүйлөгүм келбейт. Окуучу кезде сүйлөшкөн кызым бар эле, кийин башкага турмушка чыгып кеткен. Айтор, менде бир окуя болуп жүрөт Ромео менен Жульетта сыяктуу. Бирок сүйүү келген учурда сүйүүгө баш-отум менен берилип кеткен адаммын.

– Эгер бир убакыт келип, өз жашооңуз тууралуу китеп жазсаңыз ал кандай аталышы мүмкүн?

– Жакында Таласка концертке барганда Чыңгыз Айтматов атабыздын “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” деген сөзү илинип туруптур. Бул жерде чоң бир философиялык ой жатат. Китебимди, балким, ушундай атамакмын.


– “Өнүгөр адам өрнөк болчу инсанды издейт” дейт. Чыгармачылыкта өрнөк туткан адамыңыз барбы?

– Бала кезден атамдын фанатымын. Атамдын үнү коңур, үйдө ырдап калчу бала кезимде, угуп отуруп ойго чөмүлүп кетчүбүз. Өзүнө арбап алган бир касиети бар эле. Ошон үчүн атамдай таланттуу болсом экен дейм. Атама жете элекмин али.

– Алдыда чыгармачылыкта кандай пландар бар?

– Май айында концерт бергем. Күйөрмандарымдын суранычы, каалоосу менен, буюрса, ноябрдын башында жаңы форматта, жандуу аспаптардын коштоосунда, бенд деп коюшат го, ошондой стилде концерт берели деп турабыз. Бул ырчы үчүн жаңы деңгээл, жаңы даража.

– Убакыт бөлүп маек бергениңиз үчүн ыраазычылык...

– Сизге да убакыт бөлүп, маекке чакырганыңызга терең ыраазычылык билдирем. Ар дайым мени колдогон күйөрмандарыма да алкыш айтам.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан