(Башы өткөн санда)
Канат менен Жанат биринчилерден болуп класска киришти. Эмнегедир класска кечээ жаңы келген кыз дагы эрте келген экен. Канат өзү шар жүргөн бала эле, дароо башын ийкеп жарк эте саламдашты. Жанат эч нерсе дей албады. Кыз карап койсо уяла түшүп көзүн ала качты.
- Салам.
- Салам - деди Шоола. Кыздын сезимтал жан дүйнөсү Канаттын көзүндөгү жылуулукту сезе калды.
- Кайсы мектептен келдиң?
- Балыкчыдан. Башында Москвадан. Андан мурун... Кыскасы мен көп мектеп котордум.
- Көлдөн келген турбайсыңбы ээ? Биздин мектеп жактыбы? Баса, менин атым Канат. Ал эми бул Жанат. Менин иним болот.
Канат ишенимдүү болчу, кыз менен ачык айрым сүйлөшүп кетти. Шоола биринчи этияттап сүйлөшүп жатканы менен Канаттын үнүндөгү жылуулук менен ишенимдүүлүк ээрчитип кетти. Ачыла түштү. Кызыкчылыктары да бир чыгып калды. Көргөн фильмдери тууралуу бир аз сүйлөшүп турушту. Сабак башталганда Канат көзүн кыса күлүңдөп коюп өз ордуна өтүп кетти. Шоола таң кала түштү. Буга чейин көп эле классташ балдары анын көңүлүн алганга аракет кылышчу. Бирок Канат аларга окшош эмес эле. Кыздын жүрөгүн туйлаткан бир нерсеси бар болчу. Сабак аяктап үйгө жөнөй турган болгондо Канат Жанатка акырын шыбырай берди.
- Сен үйгө бара бер. Мен анан барам.
- Эмне-е?
- Апама бир иши чыгып калды деп кой.
- Сен каякка?
- Бир жакка. Үйгө барганда айтам.
Канат ушинтип шыбырай берди да Жанатты жалгыз калтырып, мектептин аркасын көздөй шыпылдай басып кетти. Көз айнегин оңдой берип, таң калган Жанат туруп калды. Ушуга чейин бир да жолу экөө бөлүнүп үйгө барышчу эмес. Балким, бир эки жолу бир себептер менен болсо болгондур. Бирок...
Жанат жинденип кетип бара жатты. Канаттын кайда кеткенин билип жатты, ого бетер жаны ачышты. Алгач байкесин тиги кыздан кызганып жаткандай болгон, бирок чындап келгенде дагы да болсо Канат озунуп кыз жаңдап кеткенине ичи өрттөнүп жатты. Бирок балалык кылып аны анализдегенге алы жеткен жок. Ичинде ызасы кыйнап, муунтуп бара жатты. Апасы Айым сыртка чыгып келе жаткан. Жанаттын жалгыз келе жатканын көрүп санааркай түштү.
- Канат кайда?
- Мен кайдан билем, өзүнө чалбайсыңарбы? - деп дүңкүлдөгөн Жанат апасын карабай өтүп кетти. Айым эмне дээрин билбей туруп калды. Канаттын телефонуна чалды эле алган жок. “Кызык, экөөнө эмне болду? Канат муну жалгыз таштачу эмес эле”... Канат чындап инисин жалгыз таштачу эмес, анткени бир жолу жолдо жалгыз келе жатып иттен коркуп талмасы кармап калган эле. Ошондон кийин аны такыр жалгыз калтырчу эмес. Андан бери жылдар өттү.
ххх
Шоола Канат экөө бара жатты.
- Сенин үйүң да ушул жактабы?
- Жок, мен сени узатып бара жатпаймбы?
Кыз бырс күлүп жиберди. Канат адатынча күлүңдөп койду.
- Узатып бара жатсаң анда сумкамды да көтөрүп ал да - деди Шоола тамашалай.
- Келе, көтөрүп алам.
Экөө ар кайсы сөздөрдү сүйлөшүп бара жатышты. Өзү машыгып жүргөнүн, эмнелер жагат, эмнелер жакпайт баарын айтып берип салды Канат.
- Спортчу Канат деген сен турбайсыңбы?
- Жөн эле Канатмын мен...
- Келгенден бери эле легендага айлантып сени сөз кылып жатышкан. Бирок ал сен экениңди билген эмесмин. Класстын сыймыктанган окуучусу экениңди азыр билип жатам.
- Эми анчалык деле эмес. Бир эки жерден баш байге алгам – деди Канат. Ошентип аркы-беркини сүйлөшүп жетип калышты Шооланын үйүнө. Сумкасын колуна берип жатып Канат кыздын көздөрүнө карады. Көздөрү сулуу болчу. Апкаарый түштү. Кыз болсо аны ого бетер сүрдөтүп көзүн тартып кетпей карап туруп алды. “Кана, эр болсоң мени көпкө карап көрчү” дегендей каректер.
- Жакшы кал, эртең көрүшөбүз - деди эмне дээрин билбей.
- Рахмат, узатып келгениңе.
Шоола токтоо гана рахматын айтып кирип кетти. Канат эңги–деңги боло артка кайтты. Буга чейин ал кыздар менен бир-эки жолу мамиле куруп көргөн. Бирок мынчалык таасирленген эмес эле. Жолдо мас кишидей бир жылмайып, бир мостоюп барды. Бир кезде караса үйүнө жакындап калыптыр. Шаша–буша эки жагын карап алды. Эч ким жок экен. Бирок анын кеч келгени апасынын көз жаздымында калган жок. Ошол күнү кечки тамакта Канатка карай жылмайып алды.
- Эмне болду сага, уулум?
“Уулум” дегенди ушундай бир мээрим менен айтчу апасы. Башын көтөргөн бала апасы өзүнүн жан дүйнөсүн окуп тургандай оңтойсуз болуп кетти.
- Жакшы эле баары, апа. Эч нерсе болгон жок.
- Угуп туруп укпай калып жатасың го. Бир жылмайып, бир ойлонуп, башкачасың.
- Сүйүп калыптыр мунуңар! - деди Жанат бурк эте.
Канат ага кыжаалат боло карап койду. Апасы андан башка эч нерсе деген жок. Канаттын башынан сылап, өзүнчө улутунуп алды. Жанат менен жалгыз калганда Канат аны капталга нукуду.
- Болдучу эми, кечке эле тултуя бересиңби?
- Мен жолдо араң келдим.
- Койчу, анда сени эртең балдарга табыштайын. Алар менен чогуу кет, болобу?
- Эмне-е? Эртең дагы аны жеткирейин деп жатасыңбы?
- Тысс, акырын апам укпасын.
- Уксун, апам эмес атам да уксун.
- Жанат дейм, эгерде сырды сактасаң мен жуманын аягында... - Канат инисинин кулагына шыбырай берди. Кабагын чытыган Жанат араң көндү. Көнмөк деле эмес, Канат баары бир ал кыздын аркасынан бара турганын билгени үчүн көндү. Агасынын мүнөзүн беш колундай билип бүткөн. Анан да жакшы билгени үчүн аны кайсы жерде эмне кылып колдонуу керек экенин да билчү.
ххх
- Ким менен келдиң? – деди апасы Шооладан. Адатта кызы эч кимди жанына жуутпасын билчү. Көп киши менен баарлашпасын билгени үчүн таң калып сурады.
- Досум - деди Шоола тамагын шашпай чайнап атып. Бирок жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй дүкүлдөп жатканын сезди. Канатты ойлосо эле жүрөк ушинтип сого баштачу болду.
- Бетиң албырып турат...
- Апа, баштаба. Баары жакшы.
- Сен акылдуу кызсың. Оору кандай учурларга таасир берет, билесиң. Албетте, досторуң болуш керек. Сенин чөйрөң да болушу зарыл, мен каршы эмесмин. Бирок баарын акыл менен чене. Сен экөөбүз ушунча жол бастык. Эми баары жакшы болуп баштаганда бир нерсе болуп кетпесин деп чочулап турам.
“Азыр айтат. Сенин ооруң үчүн жашабаган жерим калган жок. Жаш чагымды кантип өткөрдүм билбейм, ошонун баарын айтат” деп көзүн жума калды Шоола. Апасы эч качан антип айткан эмес. Бирок Шооланын коркунучу так ушул жерде эле. Көзүн ачты. Апасы ага мээрим менен тиктеп турган экен. Ушундай чоң сүйүүнү көрдү көздөрүнөн, өзүнүн жанагы ойлору үчүн уяла түштү.
- Апа, мен сага убада берем. Мага зыян кыла турган эч нерсе кылбайм. Мен баарын билем. Абайлайм, апа.
Апасы кызынын чачтарынан сылап койду. Жалгыз кызы жашап кетсин деп эмнеге гана барган жок. Ушунун жүзү күлсүн деп жасады баарын. Бирок тагдырдын буйругунан адам качып кутала алабы?..
(Уландысы кийинки санда)