"Өмүр дайра", "Кимибизден"... ЖАНЫШБЕК КОЧКОРОВ ЖАНА АНЫН ӨЛБӨС-ӨЧПӨС ЫРЛАРЫ

Мыкты текст, керемет обондор... Элдин жүрөгүнөн түнөк таап, муундан муунга өтүп ырдалып келе жаткан ырлар тууралуу аларга обон жараткан автор менен баарлашабыз. Белгилүү ырчы, обончу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жанышбек Кочкоров агабыз жан дүйнөсүн жарып чыккан мукам кыйрыктар, алардын кантип жаралганы жөнүндө айтып берди.

“Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин” – акын Азада Бегимкулованын тагдыры

– Бул ыр жаралган убакта Кара-Көл шаарындагы маданият үйүндө иштечүмүн. Бир күнү акын Азада Бегимкулованын “Сен окубаган кат” атттуу китеби колума тийди. Барактасам “Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин” ыры дароо көзүмө урунду.

“Буркурап боздой бербе сезимдерим,

Базардан кайтып калган кезим менин.

Бааласын, баалабасын башка бирөө,

Баркымды билгендердин эсиндемин” деген саптары бар эмеспи. Ырдын мааниси абдан таасирлентти. Бир нерсе жүрөгүмдү тешип өтүп, жүлүнүмдү аралап кеткенсиди. Ырды окуп “кайран акын өлөрү жакын калганын билип жазган экен” деп кейип калдым. Анан ырга бир көөнөрбөс обон чыгарайын деп ойлодум. Элден сураштырсам, ырдын тарыхы мындай экен. Азада кайтыш болор 1996-жылы жазында Бишкекке келип, акын Меңди Мамазаировага жолугуп, сырдашат. Сүйлөшүп отуруп “эже, мен быйыл, болгондо да жакында өлөм” дейт. Меңди эже чочуп “бул эмне дегениң?” десе, “бул дүйнөдө адамдардан ушунчалык көңүлүм калды” дейт кайран акын. “Кой, андай жаман сөз сүйлөбө, жинди болбочу” десе, күлүп коёт. Анан өзүнүн “Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин” деген ырын безилдеп окуп бериптир. Ошондон көп өтпөй кайтыш болот. Акындын тагдыры мени абдан кейитти. Ошентип акындын ыры, тагдыры мени обон чыгарууга түрткөн. Ыр мен ойлогондой көөнөрбөс, өмүрү узун болду.

“Өмүр дайра” – жашоо тууралуу толгонуум

– Бул ырдын сөзү базар-коргондук Карыбек Бегимкулов деген кишиге таандык. Бир жолу ырчы Шамшыбек Өтөбаевдин үйүнө барып калдым. Аңгыча Курманбүбү деген эже келип, “ушул ырды окуп көрчү, мүмкүн обон чыгарып каларсың” деп текст берди. Аны алып Бишкекке кеттим. Досум менен конок үйгө жайгашып, баягы ырды окудум да тексттин таасири менен өмүр, жашоо тууралуу катуу ойлондум. Анан ичимден кыңылдап отуруп, обонун бат эле чыгарып салсам болобу?! Ал жерден досума ырдап бердим да уктап калдым. Эртең менен досум “түндөгү ырың мыкты чыкты” деди. Ал ырды Динара Акулова комуздун коштоосунда ырдап чыкканда эле хит болуп кетти. Обондорумдун оор, салмактуусу ошол болду.

“Кимибизден?” – Дооронбек Садырбаевдин арманы

– Шахра Талипова экөөбүз концерт бергени Токтогулда элек. Ырдап отурсам Кенже деген эже “анчалык кыйын экенсиң, бул ырга обон чыгарчы, көрөйүн” деп калды. Текстти окусам “автору Дооронбек Садырбаев” деп жүрөт. “Сөздөрү оор, салмактуу, мааниси терең экен. Буга дароо обон чыгарыш кыйын” деп текстти алып келе бердим.

“Сенденби же менденби, кимибизден,

Сезимдер өчүп барат дилибизден.

Адашып атаганат баратабыз,

Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн” – деген саптарды ичимден миң кайталап, жан алакетке түшүп, кайрыктарды ичимден бышырып жүрүп акыры обонун чыгардым.

Бул менимче, Дооронбек Садырбаевдин жубайына жазган ыры. Эркек уулу жок, артымда туяк калбайт окшойт деп армандап жүргөндө жазгандай... Ал кийин 39 жашында уулдуу болгон да.

Ырдын “ий-ии-ий, ох-ии-ий” деген жерлерин Дооронбек аганын күйүтү, үшкүрүгү деп кабыл алуу керек.

“Жеңелерим тийишкенде “Жеңеме” ырын жараткам”

- 1988-жылы Аксынын Мал-Калды айылына он чакты адам концерт коюп барып калдык. Мал-Калды - мен туулган айыл. Ошондо жеңелерим “Көп эле ыр ырдайсың. Бизге арнап неге ыр чыгарбайсың, мурутчан бала?” деп тийишип калышты. Ал кезде чачым узун, мурут, бакенбард коюп, өзүмчө эле кыйын болуп жүрчүмүн да (күлүп). Ошого “мурутчан бала” деп коюшчу. Жеңелериме “макул, чыгарайын” деп күлүп кутулдум. Үйгө баргандан кийин эмне деп чыгарам деп ойлоно баштадым. Анан:

“Жеримдин аты Мал-Калды,

Жетүүгө дарман, ал барбы.

Жеңелердин ичинен,

Жез мончок жеңем аманбы? – деп баштап 2 куплет жаздым да обон чыгардым. Арадан 1-2 күн өтүп илхам келип баягы текстке улап жаздым. Арасына:

“Оролуп колуң мойнума,

Жатасың жеңе койнумда.

Ойгонуп кетсем түш экен, жеңе,

Ошол түш мени сойду да” - деп да коштум.

Бул ырды достор арасында эле ырдап жүрдүм. Бир жолу Ош шаарында радиодо иштеген достор менен отурганда ырдап берсем “жаздырып алалы, өзүбүз эле угуп жүргөнгө” деп суранышты. Макул деп ырдап берип, “бирок радидон бербегиле, уят” дедим. Бирок мен кетерим менен радиодон берип жиберишиптир. Эртеси эле баары эле ошол ырды ырдап жүрөт.

Айылга барсам баягы жеңелеримдин бири сенин ырыңа “ответим” бар деп дагы тийишет. Ии, айтыңыз десем:

“Ак чатыр тиктим тектирге,

Ак көйнөк кийдим этиме.

Ар дайым бирге болууга,

Акеңиз койбойт эркиме - десе болобу. Мен эч нерсе дей албай күлүп туруп калсам минтип улантып жатат:

“Көк чатыр тиктим тектирге,

Көй көйнөк кийдим этиме.

Күнүгө бирге болууга,

Күйөөм койбойт эркиме”... Ушинтип тамашалашып коштошконбуз.

“Курортто” ырында жашоонун сүртүмдөрү катылган

- 1988-жыл болуш керек эле. Көчөдөн курсташ кыздар жолугуп калды. Колдоруна Байдыла Сарногоевдин “Ашуудан берген отчётум” деген китебин көтөрүп алышыптыр. “Берчи барактап көрөйүн” десем, бири “ушул китептин ичинен 1 ырга обон чыгарам деп убада берсең гана берем” дейт такылдап. Дароо “макул” десем, китепти бере койду. Аз убакытта акындын “Курортто” деген ырына обон чыгарып, баягы кыздарга ырдап бергем.

Ырда: “Күйөөсү жокпу билбедим,

Күчөтүп күндө күлгөнүн.

Кубакай жүздүү алтын тиш,

Курортто жүрдү бир келин.

Таанышып мурун билбедим,

Таптыбы мүмкүн сүйгөнүн.

Карагай билди, чер билди,

Кай жерде дуулдап жүргөнүн” деген саптар бар.

Эми эл арасында тентеги, жөнтөгү, жеңил ойлуусу, олутуусу бар дегендей ар кандай адамдар кездешет да. Жалпылап караганда, жашоонун сүртүмдөрү сыяктуу жаралган обон болуп калды.

“Сага” ырында менин да сезимдерим катылган

– Бул ырдын автору Каныбек Иманалиев. Ырда:

“Каткырганың жаздын келиши,

Жылмайганың муздун эриши.

Кайгырганың кара сур булут,

Кийинишиң муздун периси ...” деген саптар бар эмеспи. Эми адам болгондон кийин жүрөк бар, жүрөк бар болгондон кийин сезим бар да. Саптарды окуп отуруп балалык кездеги, анан жубайым экөөбүздүн сүйүүнү эскерип дегендей, обонун тез эле жаратып, нотага түшүргөм. Негизи, бардык ырларым, обондорум менен сыймыктанам.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан