Самат Эркинбеков, актёр: «ӨЗҮМДҮ АКТЁРЛУКТАН ТАПТЫМ, БАШКА ИШ МЕНИКИ ЭМЕС ЭКЕН»

Алгач “Тамашоу” аркылуу элге таанылды. Анан актёрдук талантын сынап клиптерге, тасмаларга тартылды. Алпаруучулук менен да алектенип келет. Айтор, элдин көз кубантып, кулак сүйүнтчү сүймөнчүк уулуна айлана алды десек жарашат. Таанымал актёр, вайнер, тамада Самат Эркинбековдун атактуулукка карай баскан жолун баяндайбыз.

«Тиш доктурлук менин ишим эмес экен»

– Мен чыгармачылыкка 10-классымда, 16 жашымда келдим. Алгачкы жолу сахнага “Тамашоу” менен чыктым. Ак-Өргөөлүк балдар команда чогултуп, атыбызды “Ак-Өргө city” деп атаганбыз. Мектепти бүткөндөн кийин ата-энем экөө тең медицина адиси болгон соң мен деле врач болоюн деп Кара-Балтадагы Медициналык колледжге тапшырдым. Ал кезде КВНди убактылуу кызыгуу деп ойлогом. Окуудан улам суранып Кара-Балтадан Бишкекке келип “Тамашоудо” ойноп жүрүп, анан Бишкекке которулуп келдим.

Окуу жайдагы иш-чараларды алып барып жүрдүм. Эстеп көрсөм, ошол кезде эле “Тамашоу” аркылуу өзүмдүн баскан-турганыма акча таап жүрүпмүн. Окууну бүтүп, 2 айлык практикадан өткөндөн кийин дипломду үйгө койдум да, ошол бойдон ал ишиме кайткан жокмун. Мен үчүн эртеден-кечке бир жерде тиш жасап отуруу зеригичтүү болду.

Андан кийин кинолорго тартылып, корпоративдерди, иш-чараларды алып бара баштадым. Кесибим чыгармачылык жол экенин түшүндүм. Ошентип хоббим негизги кесибиме айланып кетти. Ойлоп көрсөм, азыркыга чейин чыгармачылыктан башка бир да жерде иштеп көрбөптүрмүн. Кээ бирлер жок дегенде официант болуп иштеп көрүшөт го, жок, менде андай болбоптур.

“До+Фа” тасмасы мага көп күйөрман арттырды”

– Актёрлукка келишиме да “Тамашоу” себеп болду. Ал жакта калыстар тобунда режиссёрлор да отурчу эмес беле?.. Эрнест агай (ред.: Абдыжапаров) мени ошол жактан көрүп, бир тасмага тартам деп жүрчү экен. Бир күнү кастингге чакырды. Тандоодон өтүп, “До+Фа” тасмасына башкы каармандын ролуна тартылдым. Бул кино мага ийгилик алып келди, көп күйөрман арттырдым.

Андан кийин режиссёр Нурлан Мамакеев менен, “Ак-Өргө city” менен да өзүбүз сценарий жазып, кино тарта баштадык. Чыгармачылык уланып жатты. 2019-жылы ырдап көрөлү деп “Дыкын-дыш”, “Апоу” деген ырларды жаздырдык. Дароо эле хит болуп, той-мааракелерге чакырып жатышты. Ошол учурда Куба, Рүстөм үчөөбүз “Жер тоголок”, “Жора & Гуля” деген тасмаларды тарттык, эл жакшы кабыл алды.

Акырындык менен сценарий жазганды, тасма тартканды, роль ойногонду үйрөндүк. Эч ким бизге “минтип тартасыңар” деген жок. 2012-2015-жылдары элдин кыргыз киносуна агылып келишинин бирден-бир себеби биз болуп калдык окшойт.

“Ак-Өргө city” командасындагы балдар үйлөнүп-жайлангандан кийин чыгармачылык бир аз солгундап калды. Анын үстүнө жаш улуулаган сайын ар ким өз алдынча команда топтоп, ар бири өз алдынча лидер болгусу келет экен. Ар кимибиз өз жолубузга түштүк.

«Жубайым экөөбүз 5 жыл бала күттүк»

– Жубайым Чолпонай менен 2013-жылдары тааныштым. “Супер-Инфонун” футбол турнирине комментатор катары барып, ошол жактан таанышып калганбыз. 2 жыл сүйлөшүп, 2015-жылы баш коштук. Жаңы үйлөнгөндө 1-2 жылдай байкем, жеңемдер менен чогуу жашап, кийин батирге чыктык. Ошол учурда жумуш да солгундап, кыйынчылыктар болду. Ошондо “тиш доктуру болуп иштесем окшойт” деген бир ой келген. Кээде “чет өлкөгө кетип калсакпы” деп да ойлончумун.

Баланы 5 жыл күттүк, 6-жыл дегенде уулдуу болдук. 5 жылда эмне деген гана кыйын абалдар болбоду. Келинчегим ыйлап бугун чыгарып алат. Мен ичимден кыйналчумун. Башка бирөө балалуу болсо же сүйүнөрүңдү билбейсиң, ыңгайсыз. 5-6 жыл бала күтүү оңой эмес. Тойго барганда чоң ата, чоң энелерге “балалуу бол деп бата берип коюңузчу” дей берчүмүн. Ал күндөр артта калды, буюрса. Балалуу болгондон кийин жанагы 5 жылды унутуп коёт экенсиң. Азыр Кудайга шугүр, уулум 3кө чыгайын деп калды. Биринчи жолу “ата” дегенин укканда Москвада элем. Телефондон жубайым чалып айттырды. Сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибергем.

Жакшы жолдош, жакшы ата болгонго аракет кылам, келинчегиме жагымдуу маанай тартуулаганды жакшы көрөм. Аял кишиге ашыкча жүк үйгүм келбейт. Үйдө эң башкысы кыргыз тилге басым жасайм. 2-3 айга бир жакка кетсем эле үйдө орустар жашагандай абал түзүлүп калат. Ушунун айынан да кээде жубайым экөөбүз урушуп калабыз. Өзүм кыргыз тили деп теледе, кинодо жүрсөм, анан балам кыргызча билбей турса, уят да.

«Алпаруучулук бардык эле кишинин колунан келе бербейт»

– Арслан Ибрагим деген “Тамашоунун” редактору бар. Ал киши ошол кезде алпаруучу болуп иштечү. Бир күнү ага “сизге жардамчы болуп, алпаруучулукту үйрөнөйүнчү” десем макул болду. 2 күн катары менен иш-чара алпармак экен. Биринчи күнү жардамдашып жанында жүрдүм. Эртеси “Самат, сен баштай бересиңби?” деди да кетип калды. Телефон чалсам албайт, мен турам микрофонду кармаган бойдон калчылдап. Эмне деп баштаарымды билбейм, эл күтүп жатат... Отургандар мени боору ооруп карашат, “жаңы үйрөнүп жаткан турбайбы” дегендери угулуп жатты. Көрсө, Арслан байке мени атайын таштап кетиптир. Ошол күнү мен биринчи коркунучту жеңип алган экенмин. Алпаруучулук бардык эле кишинин колунан келе бербейт, бул оор, азыркыга чейин башында жүрөк лакылдайт. Теледе иштеп жакшы тажрыйба топтодум, камерага иштегенди, ар бир сөздүн дикциясы, интонациясы дегендерди окубай үйрөнүп алдым.

Тобокелдиктер...

– Съёмкада жүргөнүбүздүн өзү деле курмандык, кээде саат канча болгонун деле билбей калабыз. Бир кинодо өзүм үчүн рекорд койгом, 41 саат уктаган эмесмин. Адам көпкө уктабаса акылы тумандап калат экен. Ошондо үйгө келатып үйүмдү таппай жаман болгонум эсимде.

Карантин убагында баарыбыз үйдө отуруп калбадыкпы. Ошол кезде балдар менен бирге онлайн кинотеар ачтык, бирок ага көп каражат салыш керек экен. Жарым жылдай иштеттик, инвестор чыккан жок, ошол бойдон ал долбоор токтоп калды. Бул чыгармачылыкта эң чоң акча сарптаган, тобокелдикке барган долбоорлордун бири болду.

«Бир эле образда калып кетким келбейт»

– Артисттердин арты да, алды да эмесмин. Ар бир артисттин өзүнүн белгилүү бир күйөрмандары бар. Мен күйөрмандарым үчүн бир эле образда калып кетким келбейт. Азыркы учурда актёрлукка басым жасап калдым. Режиссура, сценарий жазуу меники эмес экен. Өзүмдү актёрлуктан таптым. Өзүм тарткан кинолордо продюсерлик кылып калышым мүмкүн. Жакында “Мурас” деген драмалык сериалга тартылып бүттүм. Буюрса, эл мени башка образда да көрөт. Мен үчүн биринчи орунда чыгармачылык рейтинг турат. Андыктан бул сериалга тартылып жатканда көп иш-чаралардан, той-топурдан баш тарттым. Бир күнү жоголуп кетсек, эл бизди тааныбай калса эмне болот деп ойлоно берем. Чыгармачыл адам ушундай кызганчаак болуш керек. Негизи, кино тарыхта калат. А той, иш-чараларды эртең-бүрсүгүнү эч ким деле эстебейт.

«Байдын баласы болсок, балким, минтип сахнага чыкпайт элек»

– Чыгармачыл кишиде өйдө-ылдый болуп турганы жакшы экен. Бир калыпта кете берсе, өнүгүү токтойт. Чынында, кыйынчылыктар көп болду. Бир киноң жакшы, экинчиси начар болуп калат. Акыркы “Здравствуй, папа” деген кино ийгиликсиз болуп, кинодон бир аз көңүл калып барып анан түзөлдү. 1-2 ай эч ким менен сүйлөшпөй жатып алдым. Баары жакшы болуп келе жатып эле бирөө болбой калса жаман болот экенсиң. Бүгүнкү күнгө жеткиче азапты көп эле тарттык. Байдын баласы болсок, балким, минтип сахнага чыкпайт белек. Көп нерсе муктаждыктан улам жаралат.

Анан да “мен чыгармачыл адаммын” деп эле бир бөлмөлүү жатаканада жашап жүрө берген болбойт. Популярдуулукту туура колдоно албай калуудан корком. Менимче, аты чыккан адам жакшы жашашы керек. Шарты бар үйдө жашап, жакшы машинеде жүрүш шарт. Чыгармачылык менен жеке жашоону бирдей ала жүрүш керек. Бул жагынан мурдагы артисттердин катасын кайталабаганга аракет кылам. Картайгыча ким билет, кандай актуалдуулукта болобуз. Ишибиз жүрүшүп жаткан учурда материалдык жактан да жакшы шарт түзүп алышыбыз кажет.

«Атым мезгил-мезгили менен өзгөрүп турат»

– Башында бирөө-жарым көчөдөн таанып калса “чын эле мени таанып жатабы?” деп сүйүнөсүң. Ал киши менен барып сүйлөшкүң келип, кайдан көрдүңүз мени деп сурагың келет... Бирөө “сени телевизордон көрдүм” деп койсо деле сүйүнө берчүмүн. Бир жолу жаңы баш кийим кийип маршруткада келатсам, артта отурган эки кыз мени карап эле жылмаят. Бир эже да карап жылмайып койду. Ичимден “мени таанып жатышат” деп өзүмчө сүйүнүп калдым. Үйгө келип күзгүнү карасам, баш кийимимди тескери кийип алыптырмын (күлүп).

Чыгармачылыктан эмне таптым? Биринчи кезекте акыл-эс таптым, дүйнө тааным арттырдым. Орто билимим болсо да өзүмдү жогорку билимим бардай сезем. Андан тышкары көптөгөн досторду таптым, ушул тармак себепкер болуп үй-бүлө күттүм. Элдин сүймөнчүлүгүнө, сый-урматына ээ болдук. Бул мен үчүн аябай чоң нерсе. Ошондо да дайыма жөнөкөй болгонго аракет кылам.

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр: «Драмалык образдарды да жакшы ачып бере алат»

– Эрмек Нурбаев калыстар тобуна мүчөлүккө чакырганда ошол жерден “Тамашоудогу” балдардын талантын байкагам, мага чоң таасир берген. Ошол учурда музыкант балдар музыкалык кино тартабыз деп кайрылып калышты. Аларга “муну сөзсүз комедиялык жанрда тартыш керек, анткени “Тамашоунун” балдары бүгүнкү күндө ачылыш жасап жатышат, кыргыз маданиятында чоң жаңылык болуп жатат” дедим. Ошентип “До+Фанын” сценарийин жазганбыз. Мен дароо эле башкы ролго Саматты көргөм. Анткени Саматтын ички дүйнөсү өтө таза, айылдын жыты буркурап турган, өзгөчө куудулдугу бар жигит. Музыкант балдар “музыкантты тарталы, башкы ролду Мирбек Атабеков ойносун” дешкен. Мен болбой эле Саматтын аткарганы мыкты болорун аларга далилдеп бергем. Чынында, “До+Фанын” элде жакшы кабыл алынышынын бир себеби – анын комедиялык жанрда болгону болсо, экинчи себеби – Саматтын чеберчилиги. Бул ролду Саматтай эч ким ойной алмак эмес.

Самат кичи пейил, ак көңүл, байкасам, өтө күжүрмөн дагы экен. “Здравствуй, папаны” да биргелешип тарттык. Эми жашоодо бирде өйдө, бирде ылдый болот да, “До+Фанын” деңгээлине жетпесе да, кыргыз кино жаатында “Здравствуй, папа” дагы өзүнүн ордун ээлеп калды. Самат комедияны гана эмес, драмалык образдарды да жакшы ачып бере алат. Анткени терең ички дүйнөсү бар, таланты, көрөгөчтүгү бар.

Касиет Садыкова, эжеси: «Атамдын эң сүйүктүү баласы болчу»

– Кичинесинен эле токтоо, кичи пейил. Тартиптүү, улууларга, дегеле бирөөгө катуу суйлөбөгөн адам. Аябай берешен, жеке эле өзүн ойлобой, төрт бир тууганыбызга тең камкордук кылат. Үй-бүлөсүнө карамдуу, келиниме “повезло”. Тилекке каршы, ата-энебиз дүйнөдөн эрте өтүп кетти.

Саматтын бала кезде эле күлкүлүү жоруктары бар болчу. Атамдын эң сүйүктүү баласы болчу, башка бир туугандар Саматты эле ишке жумшай берсек, атам болушуп калчу. Мен иним менен абдан сыймыктанам.

Чолпонай Ормонова, жубайы:«Бирөө жардам сураса жок дебейт»

– Самат жакшы ата, мээримдүү, боорукер, аябай ак көңүл адам. Кек сактабайт, баарына бирдей мамиле кылат. Күнү-түнү иштейт, жумушу көп, ошого карабастан бизге да көңүл буруп, бир жакка алпарып көңүлүбүздү алганга жетишет. Анан бирөө жардам сурап кайрылса, жок дебейт. Чарчап турса же бошобой жатса да жардам колун сунганга даяр турат.

Рүстөм Аскенов, актёр: «Достукка бекем, тууганчыл»

– Саматтын жүрөгү таза, боорукер. Достукка бекем, тууганчыл жана жакшы дос. Анан аябай шайыр. Биз “Жер тоголок”, “Жора & Гуля” тасмаларында чогуу иштедик. Кызыктуу бир окуясын айтып берейин. “Жора & Гуля” тасмасын тартуу учурунда Гулянын образында жарнама тартып бир супер маркетте жүргөнбүз. Бир маалда эле ал жакка Саматтын бажасы келип калып жатпайбы. Самат “бажам жүрөт” деп эле шашкалактап калды. Жашынганга мүмкүн болбой калды. Анан Самат Гулянын образы менен “иий, ай, бажа, кандай, жакшыбы? Бажа, биз жумуштабыз, анан көрүшөбүз, ээ?” деп кырдаалдан чыгып кеткен. Тиги бажасы таң калып, жылмайган бойдон басып кеткен. Көчөдөн Саматты таанып “Доорон, кел сүрөткө түшүп алалы” дешсе эч качан баш тартпайт.

Лариса Садыгалиева, Бишкектин Ак-Өргөө конушунун квартал башчысы: «Кайсы образда болбосун актёрлук чеберчилиги мыкты»

– Ак-Өргөө конушунда 20 жылдан бери квартал башчысы болуп иштейм. Өзүм жашаган аймактагы жашоочулардын баарын атынан билем. “Ак-Өргө city” командасы 2008-жылдары уюшулган. Башында ата-энелерди уюштуруп демөөрчү болдук, анан ар кайсы жактан сураштырып формаларын тапканга, жол кире, роликтерин тартканга жардам берчүмүн. Балдар бири-бири менен абдан ынтымакта болушту, ошонусу менен ийгиликке жетишти. Самат кичинекейинен эле зирек, элпек, ак көңүл, улууну урматтаган, тартиптүү бала болуп чоңойду. Ачык-айрым, музыкалык аспаптарда да ойночу.

Кайсы образда болбосун, мейли эркектин, аялдын же баланын, актёрлук чеберчилиги мыкты. Буга тубаса талант берилген. Өкүнүчтүүсү, ата-энеси дүйнөдөн эрте өтүп кетип, Саматтын азыркы ийгиликтерин көрбөй калышты. Апасы ыр жазып калчу. Эмгекчилдиги, күжүрмөндүгү, ташкындаган таланты менен азыркыдай атактуулукка жетти деп ойлойм. Кыргызстанда Саматты баары тааныйт десем жаңылбайм. Аны мен өзүмдүн уулумдай көрөм. Өнөрү дагы арта берсин, ийгиликтери көп болсун.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан