САГЫНДЫРГАН ЖАЗ

(Башы өткөн саныбызда)

Өзүнчө бир нерсеге ыраазы болгондой жылмайып да алды.
– Э-эй, Карачаң, бүгүн мен Бермет менен кечеге барам, билесиңби? Кандай сонун, ээ?! Бермет Илгиз менен сүйлөшүп жүргөндө ичим өрттөнүп, күйүп кетчүмүн го, күйүп. Кызганычтан Илгиздин шаардан алып келген күчүгүн дары берип өлтүрүп да койгом. Эми болсо Бермет мени менен сүйлөшөт. Илгиз Берметти чанып, Саадат менен жүрүп албадыбы. Азыр өкүнүп жүрөт. Ишенбейсиңби, Карачаң? Башыңды булгалайсың да болбой эле. Чын айтып жатам. Өкүнүп жатканын “б” класстагы Алтышка айтыптыр,- деп өзүнө-өзү ыраазы болуп сүйлөнүп жатты.
– Анан да чыдай албай Илгиз менен Берметтин жолугушуусун аңдып барчум. Ал Берметти кучактаганда, мен даракты кучактап алып ыза болчумун. Эмнесин айтасың, нечен кечти чөптүн арасында жатып өткөрдүм го. И-ий, баса, бир жолу экөө кечинде кучакташып алып сүйлөшүп турушкан. А мен жинди чыдай албай, Берметтин тамынын артынан барып терезесин таш менен сындыра сокком. Атасы чыгып тиги экөөнү кармап алган. Бермет байкуш 5 күн мектепке келбей калды го. Экөө мектептен гана жолугушуп жүрүштү. Ошондо мен жыргап эле калдым го, чиркин. Азыр кээде туруп ошонун баарын айтып коёюн дейм да Берметке, бирок карманам,- деп Адилет Карачаңдын мойнунан бекем-бекем кучактап алды.
– Мынакей, көрдүңбү, Кара­чаң. Эми Бермет меники. Биздин көчөдө да майрам болорун билбейт элем. Көрсө, болот экен да. Карачаң, сен мени өзү угуп жатасыңбы? Эмне мага кошулуп сүйүнбөйсүң, а?!- деп атына адамга кайрылгандай кайра-кайра суроо узатып бастырып барат.
Карачаңга жобурап жатып, Төө-Карын тоосуна кантип келгенин да байкабай калды.
– Ой, Кудай, кайда келип калдык? Бир аз болгондо Төө-Карынды ашып кетмек экенбиз. Аксак торпокко бул жакка суутуп коюптурбу десең.
Ошентсе да бир сыйра карайын деген ойдо дүрбүсүн алып чыкты. Биринчи эле маңдайдагы шактуу бадал тарапка дүрбү салды. Бир дарактын түбүнөн эки эшектик отун жыйылып турганын байкады. “Бул жакта как отун деле калган эмес. Жаш чырпыкка кол салыша баштаган го, ач көздөр. Ушул Сейиттин эле колунан келген болсо керек”. Андан ары карап отуруп Же­ле-Сайга ашып кеткен жалгыз аяк жолдон чийбөрүнүн балдарын ээрчитип баратканын байкады. “Ушу Миша болсо керек, кана, жакшылап карайынчы” деп эне чийбөрүнү жакшылап карап кирди. Моюнундагы ак тагын көрүп эле “дал өзү, Миша турбайбы” деп сүйүнүп кетти.
4-5 жылдан бери моюнунда ак тагы бар чийбөрүнү ар жыл сайын ушул жерлерден көрүп келет. Ага Миша деп ат коюп алган.
– Ээй, Мишаа!!! Ассалоому алейкум, Миша?! Канча бол­ду көрүшө элегибизге?! Да­гы эле тирүү экенсиң да, жаны­бар! Бул мен, Адилет, тааны­дыңбы?!- деп кыйкырды үнүнүн болушунча.
Эне чийбөрү да Адилет тарапты карап, бир орунда туруп калды. “Жылда эле ушул жерлерде айгай салып кыйкыра берген адам тура” дегенсип, башын бийик көтөрүп тиктеп турду. Бир аз турган соң балдарын ээрчитип шактарды аралап кирип кетти.
Саатын караган Адилеттин көздөрү алаңдай түштү. Саат жебеси 07:30ду кагып калыптыр. Дүрбүсүн жыйыштырды да, атын чапкан бойдон жолго түштү.
Бүгүн мектепти бүтүп жатканы эсине түшкөндө атын аркандаганды да унутта калтырды. Ушунчалык шашып баратса да, Берметтин үй жагы менен кетүүнү эп көрдү. Карачаңды ашыгынын үйүнүн жанынан чаап өтүп баратып:
– Бермет, мен азыр келем. Мектепке чогуу барабыз, күтүп тур?!- деп кыйкырып өттү.
Ал кезде Бермет сулуу ак көйнөк кийип, ак бантик тагынып алып үйүнүн короосунда жүргөн эле. Адилет кыйкырып өткөн сөздөрүн жакшы эле укса да, эмне дегенин түшүнө албай туруп калды. Көз ирмемден кийин гана “жинди неме го, айыл жаңыртып кыйкырат да” деп жылмайды.
Адилет кошунасынын үйүнүн жанынан аксак торпогун көрүп калды. Музоолуу уйдун жанында оттоп жүрүптүр. Торпогун таап алганына сүйүнө “ой десе, жаныбызда эле жүрсөң. Мен сени тоодон издеп... Сенин айыңдан акыркы коңгуроого кечикчү болдум го” деп торпокту мектептен келип алып кетем да деген ой менен үйүн көздөй жолун улады.
Келсе үйү тараптан кыйкы­рыктар чыгып жатыптыр. “Кагылайын Кудай, таң атпай келип алышкан го. Жок дегенде бүгүн келбей турса не болот эле?! Эмне, булардын балдары жокпу мектепке бара турган? Аларды даярдантып жөнөтүшсө болмок”. Адилеттин каңырыгы түтөп кетти.
Карыз доолагандар дагы үйү­­­­нө келип жаңжал са­­лып жатышкан эле. Сөөрүдө көлөмдүү келген 3 аял отуруптур. Дагы бирөөсү короонун айланасына көз чаптырып жүрөт. Апасы кичинекей карындашын алып босогодо отурат. Башка карындаштары көрүнбөйт. Мектепке кетип калышса керек, жакшы эле кетишиптир ушул чуунун баарын көргүчө. Апасынын ыйлаганы даана эле көрүнүп турду.
Аялдардын таң атпай келгенине өзүнчө аябай нааразы болду. Жек көрө аларды карап туруп алды. Эркек адамдын теше тиктеп турганынан аялдар ордуларынан козголо түшүштү.
– Эже, сөздү көбөйтпөйлү. Ачыгын айтыңыз, акча качан даяр болот?!- деп кесе сүйлөдү алардын бири.
– Азырынча акча жок бизде. Күйөөм акча иштегени кеткен. Алып келсе кутулабыз.
– Жок, эже. Сиз бизди тү­шүн­бөптүрсүз дагы. Ушул карыздын айынан бүт үй-мүл­күңүздөн айрылып каларыңыз­ды билип жатасызбы? Биз сизге жакшылыкча келип отурабыз. Буга көнбөсөңүз, жашооңузду астын-үстүн кылып салганга акыбал жетет. Сизге 3 күн убакыт.
Гүлсарадан эч бир сөз чыкпады. Көзүнөн аккан жашты аарчып гана туруп берди.
– Канча карыз эле силерге?!- деп Адилет болгон каардуу үнү менен кыйкырып жиберди.
– Ай, балам, эмне кыйкыра­сың? Биз сага карызга акча сурап келсек да,- деп жооп узатты баягы чакчаңдаганы.
– Канча сом дейм?!
– 14 миң сом.
– 14 миң сомду 3 күндөн кийин аласыңар. Азыр болсо үйдөн чыгып кеткиле!
– 3 күндөн кийин ушул убакта келебиз!
Аялдар короодон чыгып кетишти.
Алар чыгып кетери менен үйгө шашып кирди да, даяр турган көйнөгү менен шымын кийди. Апасы экөө сүйлөшкөн жок. Гүлсара “3 күндөн кийин каяктан акча таап бересиң?” деп да сурабады. Сөздү башкага бурду.
– Ай, балам, бети-башыңды жууп алсаң боло?
– Апа, шашып жатам. Бермет күтүп калат.
– Анан бир аксак торпоктун аркасынан жүрө бербей, эрте келсең болмок да.
– Апа, мен таап келдим торпокту. Кылычтын үйүнүн жанында оттоп жүрөт. Үмүтай экөөңөр барып алып келип койгулачы, ээ?
– Ой ботом, жаныбызда эле жүргөн турбайбы. Макул, макул. Ай, сени бир эле Берметиң эмес, карындаштарың дагы күтүп жатышат.
– Кана алар?
– Төркү үйдө.
– Калп айтпаңызчы, апа,- деп Адилет ишенбегендей төркү үйгө баш бакты.
– Ой-еей, кандай укмуш? Эмне бекинип отурасыңар бул жерде?
Төркү үйдө аппак гүлдөрдөй болуп кийинген жети карындашы отуруптур. Адилеттин эң кичүүсү Үмүтай менен сегиз карындашы бар. Бөлмөдөгү кыздар бир сонун көрүнүштү. 5 мүнөт мурда эле болуп өткөн ызы-чуудан эч дайын жок эле. Баары күлмүңдөгөн жылмаюу менен бир аваздан акесин мектепти аяктап жатышы менен куттуктап алышты.

Залкарбек Карабалаев

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
FIANIT
2011-02-06 10:37:20
Ммм... Мектепти ийгиликтуу аякташын менен Адилет!
0
aku
2011-02-07 09:43:56
ushul chygarma jakshy chygyp kele atat,chynygy turmushtu chagyldygan.
0
Barika
2011-02-09 18:46:56
аябай кызыкго!
0
Arstan
2011-02-09 19:25:11
Чыныгы турмуштан алынган чыгарма экен жакты мага.
0
chopa1971
2011-03-04 17:46:12
аягы кандай болуп бутот болду экен кызык
0
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан