АЙЫКПАС ДАРТ МЕНЕН КҮРӨШҮП ЖАТКАН АТАКТУУЛАР

Атактуу десең дүйнө жүзүнө белгилүү, бай десең бай адамдар. Жашоосу түгөл көрүнгөн бул жылдыздардын өнөкөт айыкпас дарт менен жабыркап келерин көпчүлүк биле бербейт. Булардын оору тарыхын окугандан кийин алты саныбыз аман экенине дагы бир жолу шүгүр кылышыбыз керек, окурман.

Селена Гомес – бөрү жатыш

Системдүү кызыл бөрү жатыш же болбосо Либмандын оорусу – тутумдаштыргыч ткандардын диффузиялык системдүү оорусу. Аутоиммундук оору, анда адамдын иммундук системи тарабынан өндүрүлгөн антителолор дени сак клеткаларга зыян келтирет, биринчи кезекте тутумдаштыргыч ткандар жабыркайт.

Голливуд актрисасы, белгилүү ырчы Селена Гомес өнөкөт бөрү жатыш оорусу менен күрөшүп жатканын 2015-жылы ачыктаган. Иммундук систем өзүнүн ткандарына өзү “кол салганынын” натыйжасында ырчы айымдын бөйрөгү жабыркап, 2017-жылы бир бөйрөгүн алмаштырууга туура келген. “Мурда бөрү жатыш десе аллергиянын эле бир түрү да деп аны олуттуу оору катары кабыл алчу эмесмин. Өзүм өлүм менен кармашып калган учурда гана кандай оору экенин түшүндүм. Эми өмүр бою гормоналдык препараттар менен жашашым керек” дейт атактуу ырчы.

Морган Фриман – фибромиалгия

Же жашарганы же картайганы билинбеген, дайыма бир калыпта жүргөн актёр бар Голливудда – Морган Фриман деген. Актёр өнөкөт фибромиалгия дарты менен жабыркап жатканын 2012-жылы журналисттерге берген бир маегинде айткан: “Колуңдан өйдө-төмөн чуркаган жан чыдаткыс оору. Күтүүсүз жерден бүт денең тырышып калат. Ал учурда сен жумуштасыңбы, трюк аткарып жатасыңбы же жолугушууда маанилүү маселе чечип жатасыңбы, же болбосо үйүңдө эс алып уктап жатасыңбы дарттын иши жок. Бир заматта сени тырыштырып жерге жыгат. Ал ооруну басыш үчүн баарына даяр болосуң”.

Фибромиалгия – булчуң, тарамыш жана муундардын өнөкөт оорусу. Бул дарт менен жабыркагандарда уйкусуздук, дайыма чарчаңкы абал, депрессия, стресс да күтүлөт.

Жулия Робертс – тромбоцитопения

Тромбоцитопения – кандын курамындагы тромбоцит клеткалары өтө азайып кеткен, чанда кездешүүчү оору. Тромбоциттердин негизги милдети – кан кеткенде жараны тромб же уюган кан пайда кылып жабуу. Түрдүү жаракат учурунда организмди көп кан жоготуудан коргоп турат. Бул абал көбүнчө эч кандай белги бербейт, бирок кандагы тромбоциттердин саны кыйла азайса, өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн.

Голливуд актрисасы бул дарт менен жабыркаарын кокустан билип калган. Башы көп ооруп, башы айланып, дайыма чарчаңкы абалда жүргөн Жулия 2002-жылы дарыгерлерге кайрылат. Текшерүүдөн кийин ага тромбоцитопения диагнозу коюлган. Дартты жашоо ритминдеги тыгыз иш графиги, организмге күч келтирүү жана инфекциялык оорулар жаратышы мүмкүн. Ал учурда Жулия Робертс бир нече долбоордо иштеп, үйүндө эки баласына камкордук кылып, өзүнө убакыт тапканга жетишпей жүргөн убак эле. “Менин мисалым башкаларга сабак болсун, кеч боло электе өзүңөргө камкордук кылганга убакыт тапкыла” дейт актриса.

Пинк – астма

Эпатаждуу образдары, бийик үнү менен таанымал болгон америкалык ырчы Пинктин оору тарыхы көпчүлүккө үлгү болчудай. Дартка баш ийбей, күрөшүү керек деген мааниде. Чыныгы аты-жөнү Алиша Бет Мур, бирок дүйнөгө Пинк каймана аты менен таанымал болгон ырчы дем алуу жолдорунун өнөкөт оорусуна 2 жашында эле кабылган. Ырдаганды жакшы көргөн кыз кичинесинен приступ кармабашы үчүн кантип туура дем алыш керектигинен бери үйрөнгөн. Бирок өпкөнүн шишип кетүүсүн же болбосо дем кыстыгуу процессин дайыма көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Андыктан ырчыны сахнадан эс-учун жоготкон абалда “Тез жардам” унаасына салып кеткен учурлар бар. Ошентсе да дартка моюн бербеген күчтүү айым азыр эки баланын энеси, ырчылык карьерасын да токтотпой иштеп келет.

Хью Жекман – тери рагы
-адамдар” тасмасында жеңилбес Росомаханын ролу менен белгилүү болгон Хью Жекман дагы күйөрмандарына “ден соолугуңарга көңүл бургула” деп кеңеш берет. Актёрдун ден соолугундагы маселелер 2013-жылы башталган. Ал дарыгерлерге кайрылып, мурдундагы сөөлдү алдырып салат. 2017-жылга чейин дагы 6 жолу бетиндеги ракка айланган бүдүрчөлөрдү алдырганга туура келген. Химиотерапиядан өтүп, тери рагы менен күрөшүп келе жаткан Хью мырза “дайыма күндөн коргоочу SPF кремин сүйкөнгүлө. Антпесе күндүн нуру теридеги рак клеткаларын ойготот экен” дейт. Актёр бир нече ай сайын дарыгерлерге кайрылып, дарттын өөрчүп кетпешин көзөмөлдөп турат.

Чарли Шин – ВИЧ

Голливуд жылдызы, ондогон тасмаларды көркүнө чыгарган Чарли Шин 2015-жылы ВИЧ дарты менен жабыркаарын айтып күйөрмандарын “шок” кылган. Учурунда көптөгөн сулууларды торуна илген актёр “сактанбаган” сексуалдык мамилелердин жыйынтыгы ушул дартка алып келгенин билдирген. Анан да “мен эрдик кылгансып ВИЧ болуп калдым деп эч кимге айткым келген эмес. Бирок айрым адамдардын “элге жаям” деп мени коркутуп, акча талап кылуусунан чарчадым” деген. Азыр актёр дарттын өөрчүп кетпешин алдын алып, дайыма дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан