ШООЛА (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал )

(Башы өткөн санда)

Шооланы апасы кучактап өөп, көкүрөгүнө бекем кысты. Мындан канча жыл мурун ымыркай кезинде мээрим менен биринчи жолу көкүрөгүнө кыскан эле. Ошондо кызына сөз берген, азыр 15 жашка чыкканы турат, ал сөзүнөн бир мүнөт да кайткан жок. Кызы төрөлүп кубанычка балкып турган энеге ошол эле күнү кызынын тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөнүн айтышкан эле.

– Көп учурда бул өзүнөн-өзү айыгып кетет деп айтабыз. Бирок бул жолу башка...

Врач илимий тил менен кыздын жүрөк оорусу тууралуу айтып берди. Кенедей ымыркайда ушундай илдет болору үч уктаса да аялдын түшүнө кирмек эмес. Нес болду. Сүйлөп жаткан врачты такыр уккусу келген жок. Анын сөзүнүн көбү мээсине деле кирбеди. Эмне кыларын билбей жатты.

– Сиз өзүңүз дагы врач экенсиз. Жакшы түшүнөсүз...

Жок! Бул акыйкаттык эмес. Өзүңдүн балаңа келгенде врач экениңди да, салкын кандуу болушуң керектигин да унутуп калат экенсиң. Ымыркайды колуна алып көкүрөгүнө бекем кысты.

– Мен сени эч качан жалгыз таштабайм, кызым. Мейли, аалам аңтарылып кетсин, бирок мен сенин өмүрүң үчүн күрөшөм. Шооладай үмүт гана бер, калган баарын колумдан келишинче кылам. Болгону мага жашап бер. Атың да Шоола болсун!

Андан кийин канча гана азаптуу күндөрдү башынан өткөрбөдү. Кайсы жердин климаты жакшы болсо ошол жерде жашады. Бардык аракетин, жашоосун, кыялын кызына арнады. Бирок антип жашоо күйөөсүнө оор болду. Шоола төрт жашка чыкканда экөө эки ажырым жолго түштү. Адатта, ажыраша турган түгөйлөр урушуп-талашып эки башка жолго түшүшөт эмеспи. Шооланын ата-энеси жөн гана бири-биринен үнсүз алыстап баратышты. Ортолорунда бир дубал тургандай, ал дубалды жарып өтө албагандай, аягында бири-биринин жүзүнө тик карабай калышты. Чоочун эле бири-бирине.

– Кадича, мен Шооланы жанымдан артык көрөм. Бирок сенин ал үчүн деп өзүңдү жоготуп баратканыңды карап тура албайм. Тоскоол да боло албайт экем. Сен мени көрбөй калдың. Сен үчүн кызың гана бар...

– Мен жыргаганымдан ушундай кылып жатамбы?

– Билем, кызыбыз оорулуу төрөлдү. Сен 24 саат бою аны ойлошуң керек. Бирок менчи? Мен кайда калам? Өзүмдү борттон түшүп калган жүргүнчүдөй сезген күндөр, түндөр өттү. Бир нерсе кылганга, сүйүүбүздүн бул сыноону көтөрүшүнө мүмкүнчүлүк бербей койдуң. Баланын ушундай төрөлгөнүнө мени күнөөлөдүң да, турдуң. Мен кантип кызыбыздын оорукчан төрөлүшүн каалайт элем? Ушунун баары жанымды кыйнап жиберди.

– Анан жаның кыйналганы үчүн менин эң жакын курбум менен жатып алдың, туурабы?

– Сен түшүнбөй жатасың. Аялына бар-жогу билинбей калуу, анын көңүлүнө ээлик кылбай калуу эркек үчүн оор нерсе. “Мени көр” дедим, көрбөдүң. Укпадың! Жалгыз Шоола деп гана жашап калдың. Акыры ушундай абалга жеттик.

– Макул, сен акактай таптазасың. Мен жаманмын. Эми уятыңдан бошонуп алып, кете берсең болот. Үйлөнүү тоюңар болгондо чакырып коёрсуңар. Кантсе да бириң курбум, экинчиң мурунку жолдошум эмеспи.

Кадича какшыктай берди. Көз жашын көрсөтпөскө чымырканып турду. Аман башын чайкап турду да, чемоданын алып үйдөн чыгып кетти. Чындап эле 6 айдан кийин курбусу менен Аман баш кошконун укту. Баары бир көкүрөгүндө күйөөсү кайтып келет деп күтсө керек. Москвага Шоола үчүн барышкан эле, кайра күйөөсү жок кайтып келди. Келгенде ата-энеси кайтыш болуп кетти. Ошентип кызын бооруна кыскан боюнча жалгыз калды. Бирок Кадича жалгыз калчу аял эмес болчу. Аялдарда чанда кезиге турган сулуулук, назиктик бар эле. Бирок Амандан кийин эч кимге ачыла албады. Шамал учурган жалбырактай болуп, кызы үчүн кайсы жер ынгайлуу болсо ошол жерге байыр алып, болгон доктурдун баарына көрсөтүп жашап келе жатканы ушул. Шоола ата-энеси эмнеге ажырашканын билчү эмес. Атасын аябай жакшы көрчү. Анын атасындай билимдүү, мээримдүү ата жоктой сезилчү. Ошондуктан апасына көп капа болор эле. Эмнеге анын сонун атасын башка аялга берип салды? Атасы азыр деле апасын сүйөрүн тээ жүрөк тереңинде сезип турчу.

– Дем алыш күндөрү атамдыкына барып келсем болобу?

– Шаардан бир жерден эле жолуксаңар болбойбу?

– Атам айтат, “бөбөктөрүң менен да жакын болсоң болмок” деп. Ошол үчүн үйүнө чакырып жатса керек.

– Жок, үйүнө барбайсың!

Апасынын үнү катуу чыкты. Адатта ал эч качан үнүн көтөрүп сүйлөбөгөн, назик аял. Шоола апасын таарына тиктеп калды. Кадича чыдабай кетип терс бурулду. Кызына ал аялдын үйүнө эмнеге барбаш керек экенин кантип айтат?

– Макул, апа. Сен айткандай болсун. Атам менен гана жолугам. Тиги аялдын колунан тамак да ичпейм. Болду эми, кана мага карап күлүп койчу!

Энеси менен кызы күлүп калышты.

ххх

Шоола Канаттын жүрөгүн ээлеп алды. Кыз Канат тааныган кыздардын эч кимисине окшош эмес эле. Башкаларга окшоп сулууланып, бирөөгө жакканга аракет кылып же жакшы окуйм деп текеберленчү эмес. Класста алдынкы окуучулардан болсо да мурдун көтөрбөгөнү жакчу. Негизи көп эле сапаты жагат.

– Сен эмнеге сабакка көп келбей калып жатасың?- деди бир күнү узатып бара жатып.

– Ушундай болуп калды,- деп чаргыта жооп берди Шоола. Тез-тезден анализ тапшырып, врачтын көзөмөлүндө болуп турушу керек экенин айткысы келбеди.

– Сен келбеген күн мага оор. Эмне кыларымды билбей калам. Шоола, баса эртең киного барып келелиби?

– Макул.

Кызга убада берип коюп, Жанаттан кантип кутуларын билбей кыйналды. Акыры тердеп-тепчип отуруп айтты.

– Жанат, эртең мен сабактан кийин бир жакка барам. Жалгыз...

– Кандайча? Менчи?

– Сени менен башка күнү барам, макулбу? Бул жолу... Мен Шооланы киного чакырдым.

– Эмне-е? Дагы ошолбу?

– Тысс, акырын эми, апамдар укпасын. Мени түшүнүп койчу, Жанат. Апамдарга да эч нерсе деп айтпа. Билесиң го, атам укса кыйкыра берет.

– Эртең атам экөөбүздү тең үйгө эрте келигиле деди го.

– Ооба, бирок мен Шооланы чакырып койгом. Атам үчүн да баш тарта албайм. Сен эптеп бир шылтоо айтып тур. Канат жакшы окубаганы үчүн мугалимдер кошумча сабакка алып калышты де. Же башка бир нерсе айт. Иши кылып ушул жолу мага ишке жарап берчи, бир тууганым!

Жанат көз айнегин түздөп Канатты карап койду. Буга чейин такыр минтип жалооруй суранган эмес. Айла жок, башын ийкеди.

ххх

Күздүн күнүнө жарашкан кыска күрмө, бутуна спорттук бут кийим кийип алган экен Шоола. Өзү болсо мектептеги кийими менен эле. Бир аз оңтойсуздана түштү. Бирок шар мүнөздүгү жеңип кетти да, кызды колдон ала ээрчитип жөнөдү.

– Кеттик!

– Макул.

Биринчи жолу апасынан башка бирөө менен кол кармашып кетип бара жатат. Кыздын көңүлүн кытыгылаган бул таттуу сезим биринчи жолу болчу. Ишенимдүү жетелеп алып кетип бара жаткан Канатты карап алып сыймыктана берди. Экөө ошол күндү сонун өткөрүштү. Киного киришти, балмуздак жешти, ээрчишип паркта басышты. Сөздөрү бүтчүдөй эмес. Кыз ага окуган китептери тууралуу айтса, Канат өзү машыккан спорт түрү, спортчулар тууралуу айтып берди. Ошентип жүрүп кеч киргенин, саат канча болгонун да унутуп калышты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан