ПАЛЕСТИНА - согуштан башы чыкпаган өлкө

Учурда Палестина – Израиль жаңжалы дүйнө назарында турат. Эки тараптын тиреши кылымдар бою эмнеге токтобой келет? Буга жооп издөө үчүн Палестинанын тарыхына көз чаптыруу керек болот. Палестина жана анда жашаган эл, аймактын өзгөчөлүгү тууралуу макалада айтып беребиз.

Көз карандысыздыгын жарыялаган жылы: 1988-жыл, 15-ноябрь

Дипломатиялык таануу: жарым-жартылай

Расмий тили: араб

Борбору: де-факто Рамалла, де-юре Иерусалим

Эң чоң шаары: Газа

Башкаруу формасы: парламенттик республика

Президенти: Махмуд Аббас

Мамлекеттик дини: ислам

Аянты: 6020 чарчы чакырым

Калкынын саны: 5,5 миллионго жакын (2022-жыл)

Аймагы эки бөлүккө бөлүнүп калган

Палестина мамлекети – де-юре көз карандысыз, жарым-жартылай таанылган Жакынкы Чыгыштагы түзүлүү процессиндеги мамлекет. Палестина эки аймакка бөлүнгөн: Иордан дарыясынын Батыш жээги жана Газа тилкеси. Документтердеги аталышы – Палестина улуттук администрациясы (ПУА). ПУА, андагы ФАТХ саясий партиясы азыркы учурда Батыш жээкти жарым-жартылай (ред.: Израилдин дагы бийлиги бар) көзөмөлдөйт. Газа тилкеси болсо ХАМАС кыймылы тарабынан башкарылат. Аталган кыймылды көп өлкөлөр “террористтик” деп тааныган, анын ичинде ПУА дагы. Аймак ич ара чыр-чатактардан улам ушинтип экиге бөлүнүп калган.

Газа тилкеси Жер ортолук деңизинин жээгинде жайгашып, чыгыш жана түндүгүнөн Израиль, ал эми түштүк-батышынан Египет менен чектешет. Андагы чек ара тилкеси дубал менен тосулган. Газа тилкесинин аянты 360 чарчы чакырым. 2020-жылкы маалыматка таянсак, аймакта 2 миллионго жакын адам жашайт. Батыш жээк болсо Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн да камтыйт. Иерусалим мусулмандар, христиандар, иудейлер үчүн ыйык жер болуп саналат.

Иш жүзүндө Палестина мамлекет болуп азыркы күнгө чейин толук түзүлө элек жана чыныгы эгемендүүлүккө ээ эмес. Мамлекеттик түзүмдөр жарым-жартылай түзүлгөн. Борбор шаары Рамаллада өлкөнүн президенти, өкмөтү жана парламенти иш алып барат. Армиясы жок болгону менен, полициясы бар, жарым аскерлештирилген уюмдар активдүү. Өзүнүн акча бирдиги жок, израиль шекели жана АКШ доллары колдонулат. Палестинада эл аралык аэропорт жок, мамлекеттик лидерлер учуу үчүн Иорданиянын борбору Аммандагы аэропортко барышат.

Калкынын 98 пайызын палестиналык арабдар – мусулмандар, калганын христиандар түзөт. ПУАнын башкаруусундагы аймактын экономикасы чет өлкөлөрдүн финансылык жардамынан көз каранды. Калкынын үчтөн эки бөлүгү жакырчылыкта жашайт.

Түрдүү кустардык ишканалар иштейт, зайтун дарагы, цитрус өсүмдүктөрү, жер-жемиш жана башкалар өстүрүлөт. Мал чарбачылыгы бар.

Газа тилкеси дагы чет жактан келген гуманитардык жардамдан көз каранды, жумушсуздук күч алган. Тилкенин деңизге чыгуусун Израиль чектейт.

Еврейлердин массалык иммиграциясы нааразычылык жараткан

Палестина кантип мындай абалга жетип калды? Тарыхка көз чаптырсак, биздин заманга чейинки 3 миң жылдыкта Палестинанын азыркы аймагында байыркы Ханаан цивилизациясы жаралган. Биздин заманга чейинки 12-кылымда Палестинанын жээктерин филистуялыктар, калган аймактарын иудей уруулары каратып, Израиль-Иудей падышалыгын негиздеген. Иудейлердин мамлекети кулаган соң Палестинаны Ахемениддер мамлекети басып алган, кийин Птолемейлердин, Селевкиддердин мамлекеттеринин курамына кирген. Кийин Рим империясы, Византия, арабдар, ал эми 1516-жылы Осмон империясы басып алган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Палестина Улуу Британияга көз каранды болуп калган.

1917-жылы Бальфур декларациясы жарыяланып, анда Улуу Британиянын өкмөтү Палестинада “еврей элинин улуттук очогун” түзүүгө жардам берүүгө даяр экендигин билдирген. Биринчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгында Палестинаны башкарууга мандат алуу менен Улуу Британия Бальфур декларациясын ишке ашырууга, Палестинага башка өлкөлөрдөн еврей калкынын келүүсүн колдоого аракет кылган. 1922-1947-жылдары Палестинага еврейлердин массалык иммиграциясы жүргөн. 1937-жылы ал жакта жашаган арабдар еврейлердин иммиграциясына каршы көтөрүлүш чыгарган. 1947-жылы Британ империясы Палестина аймагындагы маселени БУУнун кароосуна алып чыккан. Ошол жылы 29-ноябрда БУУнун Башкы ассамблеясы Палестинадагы Улуу Британиянын мандатын токтотуу, аскерлерин Палестинадан чыгаруу жана Палестина аймагына көз карандысыз эки мамлекет, араб жана еврей мамлекеттерин түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бул чечим палестиналык арабдарга да, коңшулаш араб өлкөлөрүнө да жаккан эмес. Арабдар бул аймакты өздөрүнүкү деп эсептешип, еврейлердин мамлекетинин түзүлүшүнө каршы чыгышкан. Ошол учурдан тарта еврей жана арабдардын куралдуу топторунун ортосунда ачык кагылышуулар башталган.

Тынчтык келишими аягына чейин иштеген жок

1948-жылы Израиль мамлекетинин түзүлүшү менен араб-израиль согушу башталган. Ошондон бери кагылыштар токтобой, Израиль көптөгөн аймактарды басып алган деп айтылат. 1964-жылы Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму (ПБУ) түзүлүп, уюмду Ясир Арафат жетектеген. Уюм палестиналык арабдардын өз мамлекетин куруу аракетин жактаган.

1967-жылы “Алты күндүк согуш” деп аталган согушта Израиль Батыш жээкти, чыгыш Иерусалимди, Газаны, Синай жарым аралдарын жана Сирияга караштуу делген Голан аймагын басып алган. Ошентип Израиль ондогон жылдар бою аталган аймактарды ээлеп турган. Ал эми 1988-жылы Палестинанын улуттук кеңешинин Алжирде өткөн сессиясында Палестина мамлекетинин түзүлгөндүгү расмий жарыяланган.

1993-жылы ПБУ менен Израилдин Ослодогу макулдашуусунун натыйжасында эки тараптын ортосундагы конфликтти токтотуу, палестиналыктардын Израиль өлкөсүн талкалоо планынан баш тартуу, Израиль аскерлерин Газа тилкесинен жана Иордан дарыясынын батышынан чыгарып кетүү, Палестина улуттук администрациясын түзүү жөнүндө келишим даярдалып, келишимге Ясир Арафат менен Израилдин ошол кездеги премьер-министри Ицхак Рабин АКШнын президенти Билл Клинтондун катышуусунда Вашингтондо кол коюшкан. 1994-жылы Палестина улуттук администрациясы түзүлүп, 1996-жылы башчылыгына Ясир Арафат шайланып, Батыш жээкти жана Газа тилкесин башкарып калган. Кийин ПУА ХАМАС тарабынан Газа тилкесинен сүрүлүп чыгарылган.

2004-жылы Ясир Арафат каза таап, анын ордуна Махмуд Аббас келген. Махмуд Аббас 2013-жылы 5-январда “Палестина улуттук администрациясы” дегендин ордуна расмий түрдө “Палестина мамлекети” деген аталышты колдонуу тууралуу жарлык чыгарган. Израиль, Испания, Норвегия, АКШ, Швеция жана башка мамлекеттер бул чечимди тааныган эмес. Палестина мамлекетин тааныган өлкөлөрдө ПБУнун дипломатиялык өкүлчүлүктөрү “Палестина мамлекетинин элчилиги” деген аталыш менен иш алып барат. 2014-жылы Бишкекте да Палестинанын элчилиги ачылган. Палестина аймагын БУУ “Израиль басып алган жер” катары карайт.

Израилде болсо 1995-жылы Ицхак Рабин киши колдуу каза таап, кылмышкер муну “Израиль элин Осло келишиминен куткардым” деп түшүндүргөн. Ошентип талаш-тартышты тынчтык жолу менен чечүү аракети толук ишке ашкан эмес. Рабиндин өлүмүнөн кийин Биньямин Нетаньяху башында турган оңчулдар бийликке келген. Ал эми Газа тилкесин ХАМАС кыймылы башкарып, кайрадан келишпестиктер, согуш уланып келе жатат. Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында ХАМАС Газа тилкесинен Израилге чабуул баштап, жаңжал оту кайра тутанды. Эки тараптан тең миңдеген бейкүнөө өмүрлөр кыйылып жатат. Көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан дагы тараптарды кепке келүүгө, көйгөйдү тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан