ОКУУЧУНУ ЖАЗАЛОО АРКЫЛУУ МУГАЛИМДИН КАДЫРЫН КӨТӨРҮҮ МҮМКҮНБҮ?

Мугалимдин укугун коргоо, кадыр-баркын көтөрүү маселеси дагы деле күн тартибинде турат. Парламент депутаттары мугалимди кемсинткен окуучу жана студентти айып пул салып жазалаш керек деп жатышат. Буга чейин депутат Мирлан Самыйкожонун демилгеси менен мугалимин мазактаган окуучуга 1000 сом айып пул төлөтүү боюнча мыйзам кабыл алынса, өткөн аптада депутат Данияр Төлөнов айып пулдун суммасын 1000 сом эмес, 20 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. "Окутуучунун кадыр-баркын балдарды жазалоо аркылуу көтөрүү мүмкүн эмес" дегендер да, тескерисинче, "окуучу жана студенттерге катаал чара көрүлбөсө мугалимдин ар-намысы тебеленип жатат" деген пикирдегилер да бар. Айтор, өлкөбүздөгү мугалим мазакталган окуялардын көбөйүшү көпчүлүктү кайдыгер калтырган жок.


Мирлан Самыйкожо, депутат: “Баланын укугу деп эле кокуйлай бербеш керек”

– Учурда мугалимдин статусун көтөрүү зарылдыгы турат. Буга чейин интернет желесине окуучулардын мугалимди кемсинтип, жаман сөз айтып, теңине албаган окуялары жарыяланып, чыр-чатактар көбөйүп кеткен. Ошондой учурларда окуучунун бейбаштыгы үчүн ата-энеси жооп бериши керек. Анткени билимди мугалим берет, ал эми тарбияны ата-эне бериши зарыл. Эгер келечегинен үмүт эткиси келсе, анда ата-эне балдары үчүн жоопкерчилик алууга милдеттүү. Медалдын экинчи тарабы да бар, мугалим өз деңгээлин түшүрбөшү керек. Мектепке барып алып батинке, көйнөк сатып, окуучуларына теңтуш болбошу зарыл. Айрым учурларда мугалимдер билиминин жетишсиздигинен, ички этиканы сактабаганынан кадыр-баркын түшүрүп алышат. Келишпестик жаралган учурларда гана айып пул салуу жөнүндө мыйзамды кабыл алганбыз. Себеби көчөдөн ата-энелер келип мугалимге кол көтөрүп, сабап жатышпайбы. Мугалим робот эмес да, окуучусу кемсинтип, ата-энеси келип сабаса унчукпай отура бергидей. Укугу мыйзам тарабынан корголсун деп жатабыз. Анан кыргыз жазылбаган мыйзамдар менен да жашап келген, биз салт, нарк деген баалуулуктарды бала тарбиялоодо кенен колдонобуз. Сөз укпаган балага апасы, эжеси же агасы эскертүү берет. Баланын укугу деп эле кокуйлай бербеш керек. Илгери деле ээнбаш балдарды тартипке үйрөтүп, тарбияга салып коюшкан.

Орозали Сайдилканов, автордук мектеп-гимназиясынын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими: “Айып пул салынса эле мугалимдин кадыр-баркы көтөрүлүп кетпейт”

– Мен гумандуу педагогиканын жактоочусумун. Окуучуга, ата-энеге айып пул салып мажбурлоо жолу менен эч качан мугалимдин беделин көтөрө албайбыз. Мыйзам чыгаргандар анын түпкү маңызын терең түшүнүшү зарыл. Эртең ал мыйзам ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени бузушу мүмкүн. Айып пул төлөгөн ата-эне “сен үчүн биз баланча акча төлөдүк” деп балага басым жасабашына ким кепилдик берет? Мугалимдин кадыр-баркы 3 нерседен көтөрүлөт. Биринчиси, мугалим тазалыгы, тыкандыгы, кийингени, жүрүм-туруму менен окуучуларга үлгү болушу керек. Мугалимдин иши – бүгүнкүнүн гана эмес, келечектин инсанын жаратуу. Экинчиси, мугалим кесипкөйлүгү, иш билгилиги менен үлгү көрсөтүшү шарт. Ар бир сабагын жеткиликтүү, кызыктуу өтүп баланы кызыктыра алса, анын шык, талантын ача алса, мээрим чачып турса кадыр-баркка ээ болот. Үчүнчүсү, мугалим баланы сүйө, түшүнө жана ишене билиши керек. Бул эң негизгиси. Сүйүү – окуучунун башынан сылап, бетинен өбүү эмес, баланын келечеги үчүн жан үрөп, тер чачып сабак өтсүн. Баладан сезимтал, баладан көрөгөч эч ким жок. Ошондо балада мугалимге карата жакындык, жылуулук ойгонуп сыйлап баштайт. Анан мугалим ата-энелер менен тыгыз кызматташуусу зарыл. Мен 30 жылдан ашык мектеп директору болуп иштегем, ата-энелер менен иштешүү, тил табышуу машакаттуу иш. Бир жолу иш бөлмөмө ачууланган эне кирип келди. Келип эле бир мугалимимди жамандап, каргап-шилеп кирсе болобу? Ал эженин уу сөздөрүн угуп буткөндөн кийин “эже, жүрүңүзчү ошол мугалимдин сабагына кирели” деп класска алып кирдим. Кирсем, ал эжеке тер чачып, берилип сабак өтүп жатыптыр, бизге көңүл да бурган жок. Ошол сабактан кийин жанагы эне менден кечирим сурап, “менин даттанып келгенимди мугалимге айтпай эле коюңузчу” деп суранды. Ата-энелердин да түрү болот, мен аларды алтыга бөлөм. Биринчиси – үстөмдүк кылган ата-эне, мен айтканды кыласың, мен айткандай болосуң дегендер. Экинчиси – атасы бирди, энеси бирди айтып баланын башын айлантып салгандар. Үчүнчүсү – баланы ашыкча сүйгөн ата-эне, баланын оозунан эмне чыкса анын баарын аткара беришет. Төртүнчүсү – кайдыгер ата-эне, жарыкка алып келдик, эми бешенесине жазганын көрөт деп көңүл бурбагандар. Бешинчиси – кооптуу ата-эне. Ынтымагы жок, ырксыз, аракеч, баңги үй-бүлөлөр. Алтынчысы – социалдык шарты оор ата-эне, жакыр жашагандар. Мугалим ушундай түрдүү ата-энелер менен иштешет.

Ишенгүл Болжурова, мурунку билим берүү министри: “Өз ишин билген мугалимди баары сыйлайт”

– Баланын өзүнө жана ийгиликтүү боло аларына ишенимин арттырган, жаратман инсан экенине ишендире алган педагог – чыныгы педагог. Мугалимдин статусун мыйзам же жазалоо жолу менен көтөрүүгө карата эки көз караш бар. Биринчиси – баарын акча менен бүтүрсө болот деген пикир, экинчиси – акча менен мугалимдин кадыр-баркын сатып алуу мумкүн эмес деген бүтүм. Жеке менин оюмда, тажрыйбалуу, өз ишин билген, баланын психикасын жакшы түшүнгөн мугалимди ата-эне да, окуучу да сыйлайт.

Абдывахап Нурбаев, коомдук ишмер: “Мугалимдин милдети – сапаттуу билим берүү, калган жүк ашыкча”

– Учурда мамлекет, коомчулук, ата-эне, баары “кантип келечекте атаандаштыкка туруштук бере ала турган балдарды даярдайбыз?” деген маселе менен убара. Окуучу мугалимди сыйлаш үчүн мугалим өзүнүн деңгээлин билиши кажет. Мугалим акыл-эси, билими менен бир топ жогору турганы жакшы. Бизде азыр Союз убагында билим алып калган мугалимдер бар, алар колдонгон методикалардын баары эски, азыр дүйнө өзгөрүп, балдар баарын эрте эле интернеттен окуп билип алып жатышат. Мугалимдин да өнүгүү, өсүү ылдамдыгы окуучунун кабыл алуусундай ылдамдыкка жетиши керек. Мугалимдерди даярдоодо реформаны университеттерден баштоо зарыл. Мисалы, келечектеги мугалим балдар психологиясын окуп, ар бир балага жекече мамиле кылганды билиши керек. Бизде, тилекке каршы, балдарга жаңыча мамиле кылуу методикасы жокко эсе. Мугалимдер дүйнөдөгү жаңы ийгиликтер, ачылыштар боюнча кабардар болуп турса жакшы болмок. Анан коомчулук мугалимдерге жакшы мамиле кылганды өздөштүрүүсү зарыл. “Мамлекет сага маяна төлөйт, окутууга милдеттүүсүң” дебей, баласынын жетиштүү билим алып же албай жатканын ата-эне өзү да үйдөн көзөмөлдөгөнү туура. Бизде чиновниктер байкуш мугалимдерди ишембиликке, майрамдарда, саясий иштерде такай “дежурный” кылып катыштырып алышат. Ошондой жүктөрдү үйгөндү токтотуш керек. Мугалимдин милдети – балдарга сапаттуу билим берүү, калган жүк ашыкча.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан