Башы өткөн санда)
“Күйөөң дагы келиптир” деп айтып, бөлмөсүндө баласы менен ойноп отурган кызынын маанайын бузгусу келген жок атасы. Кетип калар деген ой менен айнектен улам сыртты карап жатты. Дайыр болсо дарбазанын түбүнө жакында кетпечүдөй түр көрсөтүп отуруп алды. Муну көргөн кайнатасы ачууланып, кызынын бөлмөсүнө кирип барды.
– Тур, күйөөң дагы келди. Кошуналар көрсө эмне дейт, киргиз үйгө. Элге шерменде кылып бүтмөй болду. Сени алып кетип калсак кутулабыз го десек, үйгө келгенин койбойт. Сөзгө дагы түшүнбөйт мунуң. “Сүйөм-күйөм” дебегениңде сени тиги Эркинге эле берип коймокпуз. Мына, Эркин кандай жигит болду? Көрсөң көзүң кубанат.
– Ата, болдучу, Эркинди эми канча айтасыз?! Мен эле ушундай болорун билди дейсизби... Мага деле балам менен сиздин кашыңызда отуруу кызык эмес эле...
Алтынай үнүн өктөм чыгарды. Уулу бир апасын, бир таятасын карап көзү алайды. Алтынай сыртка жөнөдү. Дарбазаны ачса эч ким жок. Эки жакты карайын деп ары чыга бергенде каалганын аркасында дубалга жөлөнүп уктап калган Дайырды көрдү. Аны аяп кетти. Жанына барып тизелеп отура калды.
– Дайыр, тур, үйгө кирчи,- Алтынай ойготконго аракет кылды.
– Ммм,- онтоп койду да, бир тарабына оой түштү.
– Дайыр дейм,- колтуктан алып өйдө сүйөдү.
– Алты-ыш,- Дайыр көзүн ачып, Алтынайды кучактаганга аракет кыла ага карай колун сунду акырын. Азыр ушунчалык жийиркеничтүү болуп турса дагы Алтынай андан өзүн алып качкан жок. Аны ушунчалык сагынып калганын сезди. Акырын сүйөй жетелеп ичкери алып кирип кетти. Мунун баарын атасы терезеден карап турду. “Ай, кызым ай, ушул шумпайдын эмнесин жакшы көрдүң? Ушул сенин баркыңа бир жетсечи” деп сүйлөнө башын чайкап койду. Алтынай Дайырды астынкы кабаттагы бош бөлмөгө киргизип жаткырып үстүн жылуулап жаап койду.
– Алты-ы-ыш, жанымдан кетпечи. Мен...- тынчый түштү. Каалга ачылганда ойгонуп кетип апасын жоктоп ыйлаган жаш баладай үн катты.
– Кетпе, кетпе,- Дайыр ордунан тура калды.
– Сен жат, эс ал, мен балага барайын,- Алтынай кетенчиктеди.
– Мен эс алганы келген жокмун, сени көргөнү келдим. Сени сагындым. Сени сүйөм мен, а сен аны билбейсиң.
– Макул эми, эртең сүйлөшөбүз.
– Сенсиз мени кантип жашайт деп ойлоп жатасың? Жашагым келбейт. Түшүнчү ушуну. Сени сагындым, уулумду сагындым. Мен оңолом, Алтыш, ишенип кой,- Дайыр Алтынайдын колун коё бербей турду.
– Мен сага убакыт берем. Сен өзгөргөн күнү сага кайтууга даярмын. Мен мурунку сени сагындым. Мен азыркы эмес, мурунку Дайырды сүйөм. Мен өмүрүмдү ошол Дайыр менен өткөргүм келет,- мас экенин көрүп турса дагы ушул сөздөрдү ага айтууну жан дүйнөсү, жүрөгү каалады.
– Болду, сөз берем,- Дайыр Алтынайдын колун өзүнө тартып өөп койду. Экөөнүн ортосундагы сөз ушуну менен токтоду. Дайыр уктап калганча Алтынай жанында отурду. Экөөнүн кыз-жигит кезин, бактылуу күндөрүн эстеди көзүнө жаш ала.
xxx
Айзада менен Аман тамактанып бүтүп, кийинки дарекке жөнөштү. Аял унаадан түшүп каларда жигитке телефонун сунду.
– Телефон номуруңду жазып койчу, балким, дагы такси керек болуп калат.
– А болду, эже,- жигит шыпылдай телефонго номерин жазды да аялга кайтарды.
– Макул, рахмат сага,- деген аял эшикти жаап, көп кабаттуу элиталык үйлөрдү карай басып кетти. Жигит аялды узата карап кала берди.
– Мейличи, ээ, көк жоргом. Эмнеси болсо дагы бүгүн 100 доллар таптык,- деп сүйлөнө чөнтөгүнөн бир кагаз акчаны алып чыгып карап, кубанычын унаасы менен бөлүшүп койду. Жигит аял кирип кеткен үйдү дагы бир карап:
– Эх, биз ушундай үйдө качан жашаар экенбиз? Ушундай үйдө жашап калсам арманым жок эле го, көк жоргом... Үй деп коём, жадакалса сен да меники болбой жатпайсыңбы, сен меники болуп калсаң, үйдү оңой эле алат белек дейм да...- жигит нааразы боло сүйлөнүп, уюлдук телефонундагы такси кызматынын тиркемесин ачты.
– Кой, эми куру кыялданбай, иштейин. 100 долларга сүйүнүп отуруп калбай.
xxx
Жолдун тик өйдө экенине карабай Шам-эл тоонун бийигирээк жерине чыкты. Сыдырым жел менен жуурулушкан арча жыттуу абасынан кере-кере дем алды. Качан гана чокуга чыга бергенде токтоп, жер таяна отуруп калды. Айланага көз чаптырды. Өзүнүн эле айылы эмес, коңшу айылдар да тегиз көрүнүп турду. Бир кезде чалкасынан жатып алып көк асманга суктанды. Муздак шамал кийиминен өтүп ичиркентип жатса дагы үйгө кетүүнү каалаган жок. Үшүгөнүнө кайыл эле. Бир учурда ойлор аны балалыкка жетеледи.
– Атка минем, ата,- деп атасын колдон тартып турган өзү көз алдына тартылды.
– Атка минип эмне кыласың?
– Тээтиги тоого барам,- деп дал ушул өзү туран тоону көрсөткөн.
– Уулум, азыр бат эле кеч кирип кетет. Эртең күндүз алып барып келейинчи. Азыр апаңа уй сааганга жардам берели. Сен акылдуу баласың да, мага жардам бересиң,- деп атасы көндүрүүгө аракет кылды.
– Жок, жок, азыр барам,- деп өңгүрөп ыйлап туруп алган ошондо. Атасы күүгүм кирип баратканына карабай ишинин баарын таштап, атына өңөрүп алып Шам-элди тоону көздөй алып жөнөгөн.
– Эх, байкуш, атам. Менин көңүлүмдү оорутпайын деп бардык чыргоолугума түтүптүрсүң да. Ошондо эле менин оюм менен болбой, урушуп, бир аз төпөштөп койсоң болмок экен. Мен акмак сенин жакшы мамилеңди түшүнбөй көпкөн экенмин да. Апам экөөңдүн көңүлүңдү эле эмес, жүрөгүңдү, жүрөгүңдү эле эмес, бүтүндөй денеңди оорутуп, илдет болуп жармашкан экенмин да,- Шам-эл көзүнө жаш алды.
Күүгүм кирип калганда кыя ылдый басып, үйгө жөнөдү. Айылдагы тууган-туушканга барып учурашып, ата-энеси тууралуу сүйлөшүп отургусу келди. Караңгы кирип көз байланып калган учурду күттү. Айылдаштарынын аны сөөмөй кезеп күбүр-шыбыр кылышын каалабады. Аны аяп, мыскылдап же жек көрө тиктеген көздөрдү көргүсү келбеди. Ээнсиреп турган үйдү айлана түркүн ойдун кучагында ары-бери басып жүрдү.
Көз байланып калган маалда айылды аралай жөнөдү. Үйлөрдүн тосмолорунун баары жаңырып, көзгө таанылгыс болуп калыптыр. Өзүнө тааныш үйдү таба албай бир ирет көчөнүн башына чейин чыгып кетти. Кайрадан үйлөрдү санап жүрүп отурду, бул баланчанын, бул түкүнчөнүн үйү болсо керек деп келе жатып, бийик тосмо менен тосулган үйгө келип токтоду.
“Ооба, Сыдык атамдын үйү ушул. Тиги жерден айыл эли суу алчу эмес беле” деп үйдүн жанындагы дөңсөөгө карап тааныгандай болду. Дарбазаны каккылайын деп баратып токтоп калды. Ары-бери басып турду да, баары бир үйдөн бирөөнү чакырышы керектигин эстеп эшикти каккылады. Ичкериден жарыша үргөн иттердин үнү угулду. “Туура эле дарекке келген болсом экен” деген ой да кылт деди мээсине. Көп узабай эшиктин алдындагы жарык күйүп, үйдөн бирөө чыккандай болду.
– Жат, жат,- деп иттердин үргөнүн токтотууга аракет кылды.
Аңгыча дарбаза ачылып, бою узунунан келген бир киши чыкты.
– Ким экен бул?
– Ассалом алейкум! Алтынбек байке, сизби?
– Ооба, мен. Сен кимсиң?- караңгыдан көрбөй жатканын билдире Шам-элдин жүзүн көрүш үчүн далысынан тийген жарыкка жол бошото оң тарапка жылып койду...
(Уландысы кийинки санда)