Белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кутман Жолдошев менен жубайы Назира Жээнбекованы кепке тартып, сонун баарлаштык. Рубриканын аталышы айтып тургандай, жубайлар алгачкы таанышуу, баш кошуу, аял-күйөө катары ынтымакта жашоонун сырлары, сыноолору тууралуу кызыктуу маек куруп беришти.
– Кутман, Назира, кандайсыздар? Учурда таанышуулардын көбү интернет аркылуу болуп калды окшойт. Ал эми сиздердин таанышууга ким же эмне себепкер болду эле, сөздү ушундан баштайлы.
Кутман Жолдошев: – 1995-жылдын май айы эле. Жалал-Абаддагы аданият техникумун бүтүп, филармонияда иштегениме 1 жыл болуп калган. Бир күнү үйгө Советбек деген агай-досум келип калды. “Абдували досумдун үйүнө балдызы келиптир, татынакай экен. Барып көрбөйсүңбү?” деди. Көңүл бурган жокмун. Бирок жанымдагылар жабыла көндүрүштү. Анткени жашым 29га барып, достор мени үйлөнтө албай жүрүшкөн.
Барсак, Назира салат даярдап жатыптыр. Бадыраң, помидорлорду шакылдатып туурап жатат. Өзү да татынакай экен, бир көргөндө эле жакты. Ичимден ашканага тың экен дедим. Ошентип андан көзүмдү ала албай калдым.
Ошол учурда Назира Москвадан үйүнө, Кара-Көлгө келген экен. Анан ата-энеси Жалал-Абаддагы эже-жездең менен учурашып кел деп жөнөтүшүптүр. Эптеп аккордеон таптырып, Назирага жагыш үчүн ырдай баштадым. Шериктерим да мага кыздын жагып калганын сезип, мени сүрөп, Назирага мени туш тараптан мактап жатышат...
Назира Жээнбекова: – Кутмандын достору эже-жездемдин тайпалаштары экен. Үйгө конок келет деп даярданып жатсак булар барып калып жатпайбы. Советбек байке жездеме “балдызыңды бизге бербейсиңби?” деп тийишип жатат. Эжемдер да Кутманды мактап жатышты. Мен болсо “мага андайды угузбагыла, кайра Москвага кетишим керек” десем, булардын уга турган түрү жок. Ошентип тайпалаштар биздикинен чыкпай калышты. Күндө келишет, ырдап-чордошот. “Биздин бала “золотой”, мүнөзү жакшы, аты чыккан ырчы. Сени эч жакка кетирбейбиз” деп эле мени айланчыкташат. Көрсө, ошол кезде Кутман Жалал-Абаддын жылдызы экен. Мен аларды жаман көрүп, катуу айтсам да капарга албай баягы сөздөрүн кайталап жатышты.
Кутманды карасам, арыкчырай сары бала экен. Көзү бүтүк, бою кыска. “Ии, ушундай досун мактап бүтпөй жатышыптыр да” дедим ичимден. Бирок Кутмандын үнү, ырдаганы жаккан. Ошентип акырын сөз айта баштады. Менин пландарым өзгөрүп кетти.
– Анан Назира айымды Москвага кетирбей алып калдыңыздар?
К.Ж.: – Ооба, Назираны көндүрүп, филармонияда иштегени алып калганбыз. Чогуу иштеп жүрүп, 1 айдан кийин баш коштук.
Н.Ж.: – Кутман колумду сураганда “жок” десем, ыйлап жиберген. Ошондо “ии, жакшы эле жигит окшойт” деп калгам.
К.Ж.: – Ал кезде “ачуу суудан” кичине сеп этип калчумун да. Достор “для храбрости” деп 50 грамм алдыртып туруп жөнөтүп жиберишти. Ошого эрдемсип барып колун сурасам жок десе, эмоцияга алдырып ыйладым да (күлүп). Анан Назира жибийин деп калганда туугандарды жуучулукка жөнөттүм. Анан үйлөнүү тоюбузду өткөрдүк. Тойдо Назира шиш така туфли кийип алыптыр, менден такыр эле узун көрүнүп калды. Мен болсо боюмдун кыскалыгын билдирбейин деп калпак кийип алдым. Ага деле болбой мунун бою менден 1 карыш узун болуп турду.
Н.Ж.: – Кийин билсем, биз баш кошкон учурда техникумдун кыздарынын көбү Кутманды жактырышчу экен. Тием деп жүргөндөрү да көп экенин билдим. Алар Кутманды кызганып бир топ эле болушту да.
– Баш кошкондон кийин күндөр, жылдар кандай өтүп жатты? Балдар биринин артынан бири төрөлүп, чоңоюп жатышты...
К.Ж.: – Ооба, балдар бат эле чоңоюшту. Атай азыр 24 жашта, юрист. Эмки жылы, буюрса, үйлөнтсөк деп турабыз. Кызыбызды турмушка бергенбиз. Кийинки уулум Арлен 18 жашта, IT адистигине окуп жатат. Элүү жашымда уулубуз Элхан төрөлдү, келинчегим мааракеме белек кылды (күлүп). Учурда 6 жашта. Назиранын кош бойлуу экени билингенде врачтар “жубайыңыздын жашы өйдөлөп калыптыр. Төрөттө, бакканда кыйналасыңар го?” дешти. Мен “төрөйт, өзүм багышам” дедим. Ошентип эмизбегеним эле болбосо, үйрүлүп түшүп карап, багыштым го карыганда көргөн балам деп (күлүп).
– Үйдө таарыныша кеткенде элдешүүгө биринчи кадамды ким таштайт?
К.Ж.: – Назира акылгөй жан. Кээде чарт-чурт болуп кеткенде өзүн кармап, урушту токтотуп калат. Бат да кечирет. Мен кабагымды бүркөп, Назираны бир топко коркутуп жатып, узакка барып жазылам.
– Назира, Кутман мырза сизди жакшы ырдайт деп калды. Сиз дагы музыкалык билим алгансызбы, же тубаса талантпы?
Н.Ж.: – Атайын окуган эмесмин. Бирок үнүм жакшы. Элдин жакшылыктарында дайыма ырдайм. Кутман экөөбүз концерттерде, тойлордо дуэт ырдап жүрөбүз.
– Турмуштук тажрыйба топтолгондон кийинки көз караш болсун... Бири-бириңердеги кайсы сапатты жогору баалайсыздар?
Н.Ж.: – Кутман мыкты кожоюн. Кара жумушту, курулуш иштерин, дегеле эркекке тиешелүү иштерди майын чыгара жасайт. Баштаган ишин бүтпөсө үйгө кирбей жүрө берет. Балдарын ээрчитип, көрсөтүп, үйрөтүп жүрүп иш кылат көбүнчө.
К.Ж.: – Назира токтоо, сабырдуу, таза, тыкан, тиги-бул керек деп ашыкча жулунбаган жан. Ашыкча сөзү жок, жоктон бар кылып, тапкандарыбызды кураштырып жүрүп үй-жай кылды.
– Кутман мырза, "ашканага жокмун, жубайым жокто үйдө ачка калам" дегендердин катарына киресизби же...
К.Ж.: – Казанды чанда гана кармайм. Бирок Назира тамак жасаганда жардамдашам. Манты жасаса түйүшүп, палоо кылса сабизин туурашып дегендей. Анан отун жагып берем. Мыкты от жаккычмын.
– 50 жаштан кийин деле мурункудай кызганыч болот бекен?
К.Ж.: – Жаш кезде Назира көбүрөөк кызганса, мен жаш өткөндө кызгана баштадым. Неге мындай, өзүм да таң калам.
– Ал эми жыл өткөн сайын жубайлардын бири-бирине сыйы, камкордугу өсөт дешет...
Н.Ж.: – Соңку жылдары Кутманды абдан аяп, эркелетип, көзүн карап калдым. Анткени 2 жыл ичинде кайненем, кайнежем, кайнагам каза болуп калды. Ошондон улам кайгыга чөгүп, жашык болуп кетти. Досторуң менен мончого, футболго бар, концерттерге катыш деп турам.
К.Ж.: – Ооба, мени моралдык жактан колдоп, жакама кир жугузбай, үйүбүздүн куту болгон жубайыма ыраазымын.
Н.Ж.: – Биз бактылуу үй-бүлөлөрдүн бирибиз деп айта алам. Балдарга татыктуу ата-эне болууга аракет кылып келе жатабыз.
– Келип кызыктуу маек куруп бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Бар болуңуздар!
Канымжан Усупбекова