БИР БҮРКҮМ. НАРЫНГА ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛДИ...

  • Нарын шаарына 25-октябрдан тарта жылуулук бериле баштады.
  • Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери 178 миң сом пара алууга шектелип кармалды.
  • Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын Палестинага жардам катары которо турганы айтылды.
  • “Кумтөрдүн” мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү.
  • Коомдук ишмер Базарбай Мамбетов каза болду.
  • Кыргыз-Казак чек арасынан Кыргызстандын оор жүк ташуучу унааларынын өтүшүндө кайрадан кыйынчылык жаралды.
  • 2024-жылкы ажылык сапарга каттоо 9-ноябрда башталат.
  • Жыл башынан бери өлкөдөгү банктардын таза кирешеси 16,3 миллиард сомду түзгөнү маалымдалды.
  • Быйыл 1-январдан 1-октябрга чейин өлкөдө 53 432 жаран пенсияга чыкты.
  • Бишкектеги №1 СИЗО шаар сыртына, Төмөнкү Нооруз айылына көчүрүлөт.
  • УКМК: Камчы Көлбаевдин дагы 80 миллион сомдук асыл тукум жылкылары табылды.
  • Бишкекте 26-октябрда ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны өттү.
  • Депутат Нуржигит Кадырбеков өлкөдө батирлердин ижара акысы кескин кымбаттап кеткенин сындады.
  • “Манас” аэропорту учактардын ичи-тышын жылытуучу атайын техникаларды сатып алганын жарыялады.
  • “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде иштеген жумушчулардын маянасы көтөрүлөрү айтылды.
  • Адахан Мадумаров СИЗОдон Улуттук кардиология борборуна которулду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан