АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Көөдөнүмдө бороон-чапкын. “Дайым жаныңдамын... Дайым жаныңдамын...” Ушул сыйкырдуу эки ооз кеп, анан курсагы ачканда эмчек сурап ыйлап, башка учурда бышылдап уктагандан башка жумушу жок балам гана кунарсыз жашоомо бир маани берип тургандай. Мындай абалдан качан кутулам, кантип кутулам?
Арстандын алыста жүргөнү мен үчүн жеңилирээк болгон экен. Эми баягыдай уктап жатканымда келип, көрүнбөй кетип калчудай тынчсыздануу мени дайыма коштоп алды. Уйку жок, атүгүл түнкүсүн да эки тиземди кучактай, жыргап уктап жатышкан балам менен күйөөмдү тиктеп отура бермей адат таптым. Мага караганда Элдар бул жоругума көп тынчсызданчу болду. “Адистерге кайрылып көр” дегенине ынабай койсом, өзү консультацияга барып келиптир. “Жаңы төрөгөн аял кээде ушинтип депрессияга кабылат. Көңүлүн ачканга жардам бериңиз, бирок кайра-кайра “кабакты ач” дей бербеңиз. Жакшысы, бир жактарга алып барып, күнүмдүк адаттарын өзгөртүңүз” дешиптир. Ошондон бери ал бечара күйпөлөктөп жанымдан чыкпайт. Адамга жакшылык жакпайт деген да чын. Менин ордумда башка бирөө болсо жыргап жашамак. Мен болсо дайыма Элдардын маанайын бузам. Мына бүгүн да шашып, кудуңдап келип, шаабайы сууп отуруп калды.
– Жаны, сага сонун сюрприз алып келдим, көзүңдү жум.
Дагы эмне болду экен? Охх, ушу сюрприз дегенден коркчу элем...
– Жумбасамчы?
– Анда минтип жумдурабыз.
Бир колу менен көзүмдү жаап, экинчи колу менен бир баракчаны кармата салды.
– Тада-даам, эми карай берсең болот.
– Бул эмне?
Жакшылап карап көрсөм авиабилет экен. Экөөбүзгө.
– Жаңы жылды Дубайдан тособуз.
– Кандайча?
Ымм-ммм, биз барып келгиче Арстан Москвага кетип калсачы.
– Искен али кичинекей, аны самолётто алып жүрүү кооптуу. Кичине торолгондон кийин барбайлыбы?
– Мен сураштырдым. Алып барсак болот экен. Андан кам санаба. Жакшысы, чемоданыңды даярдай бер. Аз эле убакыт калды.
– Чынын айтсам, эч жакка баргым жок...
Күйөөм суроолуу тигилип калды. Суранам, антип карабачы?! Ансыз деле өзүмө-өзүм батпай жүрөм.
– Ии?
– Үйдө эле, балам менен тынч отургум келет.
Көздөрүн бат-бат ирмегилеп, мени тиктеп калды. Ачууланып, не кыларды билбей калганда ушинтет. Мен да көзүмдү албай туруп бердим. Ушундай кежирдик кайдан пайда болот?!
– Айдай, кел, жакшылап сүйлөшөбүз. Мына, Искендин төрөлгөнүнө бир айдан ашты. Ошондон бери бир гана жолу көчөгө чыктың. Анда да баланы эмдөөгө алып барыш үчүн. Бери карачы.
Колумдан дегдеңдете сүйрөп, дубал бою менен бир болуп турган күзгүгө алып келди.
– Карачы, мобу мөлтүрөгөн кыз сенсиң. Болгону 19 жаштасың. Күлүп күлкүгө, ойноп оюнга тоё элек курактасың. Ойгон, алтыным, ойгон.
– Мен эмне, бир нерсеге нааразы болуп, чатак салып жатамбы?
– Азыркы абалыңдан көрө чатак салганың жакшы болмок!
– Элдар, деги менден эмнени каалайсың?
– Эч нерсени. Болгону, бактылуу жашашыңды каалайм. Бакытың сөзүңдөн, көзүңдөн, күлкүңдөн көрүнүп турушун каалайм. Эмне, ишке ашпай турган жаман нерсени талап кылып жатамбы?
Кечиресиң го, ушул нерсени мен сага убада кыла албайм. Мен бир гана адамдын алдында чын дилден жыргап күлөр элем. Бирок андан айрылып калышыма сен күнөөлүү эмессиң.
– “Жакшы тилек – жарым ырыс” дейт. Менин бактылуу болушумду тилесең, демек, бактылуу болом. Кудай жакшы тилектерди угат да. Анан да... Мени бактысыз деп ким айтты?
Чыдабады. Тиктешүү жагынан чын эле кыйын окшойм. Экөөбүз ушинтип тиреше тиктешип калган чакта дайыма Элдар жеңилип берет. Азыр да эч нерсе дебестен, бооруна кыса кучактап алды. Ошентип, чечилди. Демек, Жаңы жылды Дубайда тособуз.
Ажар кайрадан жагымсыз жоруктарын баштады. Кечээ атам экөө үйгө конокко келишкен. Атам менин “бактылуу” турмушумду көрүп, жетине албай бапылдап кирди.
– Мобу сары кызым “ушу кишиге турмушка чыгам” деп жер тепкилеп туруп алганында аябай ачуум келген. Элдар, сен капа болбо. Сени жаман адам деп ойлоп эмес, “жаш эле туруп күйөөгө чыгам дейт, кичине жүрө турса болбойбу” деп кыйналгам. Мына, сенин да кызың бой жетип калыптыр. Мени түшүнүшүң керек. Аталарга кызы секелек бойдон кала берет окшобойбу. Экөөңдүн турмушуңду, жаман чүрпөңөрдү көрүп, бекер эле каршы болгон экенмин деп отурам. Кудайга шүгүр. Кызымды ушундай адамга тапшырганыма ыраазымын. Эми Арстанды үйлөп, жайгаштырып алсак, кемпирим экөөбүздүн санаабыз биротоло тынчымак.
Арстанды үйлөп?.. Жүрөгүм бир саамга сокпой, токтоп калды. Кимге? Качан? Кандайча Арстан үйлөнүшү мүмкүн?
Ажар менин көкүрөгүмдө эмне болуп жатканын сопсонун билип турат да. Мени жакшылап түшүнүп алсын дегенсип, ар бир сөзүн чоюп сүйлөп калды.
– Арстан менен Айдай абдан ынтымактуу болчу, эгиз козудай ээрчишип жүрүшөр эле. Карындашынын окубай туруп турмушка чыкканына нааразы болуп, баарыбызга таарынып, эмгиче жазылбай жүрөт. Бирок дилинде Айдайды абдан жакшы көрөт да, жазылбай кайда бармак эле? Биз деле экөөнүн бири-бирине мурчуюп, эки жакта жүргөндөрүн каалабайбыз. Окуусун бүтүп, азыр Бишкекте жүрөт жумуш караштырып. Ошону байкап көр. Жаныңа алсаң, иш билги бала, ишиңди өздөштүрүп кетсе Айдай да аябай кубанмак. Экөө бири-бирине жөлөк-таяк болсо, биздин да көңүл тынчыбайбы.
– Аа, чын эле. Бизнес башкаруу боюнча бүттү да, ээ? Апа, ал башка жактан жумуш издеп эмне кылат, келсин мага. Мага деле билимдүү, ишенимдүү адам керек.
– Ошону ойлоп, абышкам экөөбүз кечээ акылдаштык эле. Арстанды көндүрүп көрөлү. Жаш да, бир аз өжөрлүгү бар. Карындашына айылдын балдарын жолотпой кайтарып жүрөр эле. Ага айтпай күйөөгө берип жиберсек, келип алып аябай чатак салган. “Айдай али жаш. Бүгүн бир нерсени кааласа, эртең айнып, башканы талап кылышы мүмкүн. Күйөөгө чыгам десе эле коё бердиңерби? “Окуп-чокуп, жашоону көр, ойноп-күл, анан деле күйөөгө жетишесиң” дебейт белеңер” деп бизди айыптап жүрөт.
– Аны түшүнөм. Айдайдай карындашым болсо, мен деле жанына эч кимди жолотмок эмесмин.
Элдар атамдын сөзүн коштоп, экөө күлүп калышты.
– Ошо, күйөө бала. Арстан менен сүйлөшөлү. Көндүрүп, сага жиберели. Анан Айдай экөөң тыңыраак кыздардан караштыра жүрсөңөр, келин бала кылганга.
– Апа, ал жагынан кам санабагыла. Жакшы кызга үйлөйбүз, ээ, Айдай?
Мындан ары чыдап туралбадым. “Чай демдейин” деп толтура чайы бар чайнекти көтөрө качып чыктым. Көз жаштан көздөрүм тумандап, колума ысык чай куюлуп жатканын да байкабаптырмын. Разия чайнекти колумдан ала койду. Анын суроолуу көздөрүнөн мени Искендердин ыйы куткарып кетти.
“Арстан Элдардын колунда иштөөгө макул болбойт”. Көңүлүмө ушул ой уюп калды. “Айдай, бул сен үчүн эле жакшы. Дайыма анын жанында жүрүү кооптуу. Алыс жүрүшүң керек!” Ичимден улам-улам кайталап, өзүмдү тынчыта албай жаттым. Анткени тээ жүрөк түпкүрүндө башка ой жаткан. Анын жанымда жүрүшүн каалаар элем. Ошол жылуу, керек жерде от чачкан каректерди күн сайын көрүп турсам болгону.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
operaledi
2011-02-04 19:13:43
Алыс жургонун жакшы эле болмок. А чындыгында унутууга аракет кылсан жакшы болоор эле.
0
Arstan
2011-02-05 18:57:59
Арстан конбосо керек чогуу иштегенге.....
0
АНАРА
2011-02-05 23:32:15
ka4an butot ay
0
Gumaw
2011-02-06 19:04:25
ЭЭЭЭЭЭЭЭЭЭээх турмуш ушундай татаал,ушундай таш боор да,мен Айдайдын Арстанга болгон суйуусун аябай жакшы тушунуп турам,бирок Айдай ушунчасында баарына акыл токтотуп, иш кылыш керек. Суйгон жары,баласы жанында дагы не керек. суйуу бул ар бир адамга ар дайым бирдей боло бербейт да!!!!!!
0
meerime
2011-02-06 23:04:44
Arstan Eldardyn kolunda ishtep,Aidai ekoonun romany bashtalat okshoit...
0
prisessyadina-medina
2011-02-07 02:29:42
ктиптер баары кызыктуу болуш учун кээ бир жерлерин кооздоп жазышат,Арстан Элдардын колунда иштеп,Элдардын кызына уйлонсо керек,
0
aku
2011-02-07 09:50:10
balasy 1 aiga tolo elekte kaidagy Dubai,ushul jeri kichine okshoshopoi kalyptyr.anan dagy menin baikashymcha avtor kommentaryilerge karap ele chygarmany burup jazyp ketet okshoit.
0
Elmira
2011-02-07 10:06:34
Кызыксыз болуп кетип баратат,АКУ айткандай коментарийлерге карап эле озгоруп жатат окшойт.Акырында коросуздор кызыксыз эле бутот го
0
Venchuk
2011-02-07 16:53:19
Айдайды суйуп,атасын айыктырып олумдон алып калса,козунун кареги менен тен айланып турса,балалуу болсо анан дагы эмне керек бул кызга тушунбойм.Суйуп,куйуп уйлонуп анан ажырашып кеткендер азбы
0
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан