Маяк Мамытов, акын Жолон Мамытовдун уулу: “АЙТКАН СЫНЫМ АТАМА АБДАН КАТУУ ТИЙИПТИР...”

Бул жолку маектешим чыгаан акын Жолон Мамытов менен Кыргыз Эл акыны Меңди Мамазаированын уулу Маяк Мамытов. Атактуу инсандардын уулу болуу кандай? Балалыгы кандай өткөн? Атасы кандай керээз айтып кетти эле? Ушул суроолорго маектен жооп таба аласыз, окурман.

“Атамдын жасап берген тамактары бир өмүр эсимде калды”

– Атам Жолон Мамытов өз атасын көрбөй калган экен, ал бир жашында чоң атам Мамыт фронтко кетип, ошол жактан келбей калыптыр. Чоң энем “атасы жок экенин сездирбейин” деп эрке чоңойтот. Ошондуктанбы, атам абдан эркин адам эле. Үй-бүлөгө карамдуу, жоопкерчиликтүү болчу. Биз 4 бир тууганбыз, үй иштеринен чарчаган апама “сен эс алып тур” деп, өзү жеңин түрүп ашканага кирип, бизге сонун тамактарды жасап берчү эле. Атамдын жасаган тамактары бир өмүр эсимде калды. Биз борбор шаарга 1974-жылы көчүп келдик. Ошол жылдар аябай бактылуу мезгил эле биз үчүн, үйгө кыргыз-казактын аттуу-баштуу инсандары, Чыңгыз Айтматов, Сүймөнкул Чокморов, Мухтар Шаханов сыяктуу эл мыктылары көп келчү. Мен чоңоюп калгандыктан алардын жанында отурчумун. Кичинемде сүрөт тартканды жакшы көрөр элем, бир жолу Сүймөнкул абам келип кеңешин айтып, тарткан сүрөтүмдүн кээ бир жерлерин оңдоп бергени эсимде. Чыңгыз Айтматов Жазуучулар союзунун төрагасы, атам анын орун басары эле. Жумушуна байланыштуу чет өлкөгө көп чыгып жүрдү. Ошол жагдай ден соолугуна терс таасирин тийгиздиби, же башка себеби барбы, 1988-жылы атам катуу ооруп калды. Ак кан оорусу дешти. Аны дарылатуу үчүн Москвага узатып жатканыбыз эсимде. Кийинчерээк ооруканага барсам атамдын көздөрү мурункудай жалындабай башкача болуп калган экен. Көрсө, ошол жолугушуу биздин акыркы көрүшкөнүбүз экен. Атам менен чогуу Москвага жазуучу Өскөн Даникеев, апам кошо кеткен. Айтматов өзү кийлигишип күчтүү врачка көрсөттү. Бирок атамды ажалдын колунан сууруп ала албадык. Анын өлүмүн оор кабыл алдык, балдарынын улуусу катары мага үй-бүлөгө жоопкерчилик алганга туура келди.

“Базарда жер-жемиш саткан күндөрүм болду”

– Чыгармачыл чөйрөдө өскөн үчүнбү искусствого баш-отум менен берилдим. 5 жашымдан сүрөттү жакшы тартам, ошол тармакты аркаладым. Сүрөтчүлүк кесибим аздык кылчудай сезилдиби, анан жазуучу болом деп чечтим. Болгондо да драматург же сценарист болгум келди. 1989-жылы Москвага адабият институтуна тапшырып, эки жыл окудум. Анан Союз чачырады, апам жалгыз үч баланы карашы керек эле. Апама каралашайын деп, мекенге кайттым. Ар кандай бизнес менен алектендим, базарда жер-жемиш саткан күндөр, палоо жасап саткан учурлар болду. Атам элдик акын, мамлекеттик кызматкер болгон да, эч кандай деле байлык топтогон эмес.

Апам аябай мээнеткеч адам, такыр бош отура албайт. КТРКда иштеп, пьесаларын жазып жүрдү. Атанын өрнөгү, апанын үлгүсүнөн улам го, бир туугандарыбыз баарыбыз ак иштеп, адал жашап келе жатабыз. Мамлекеттик кызматтарда да иштедим, бирок мени баары бир чыгармачыл чөйрө өзүнө тарта берди. Аңгеме жазып жүрдүм. Башынан эле ыр жазбадым, анткени акын болуш үчүн тубаса талант керек деп ойлойм. Сценарий жазып, кино тармагына ыктап кеттим. Бир туугандарымдан мен жана кичүү иним Азамат чыгармачылык тарапка кеттик. Карындашым модельер-конструктор болуп иштейт. Экинчи иним Улан бизнеске жана спортко жакын эле. Тилекке каршы, көзү өтүп кетти.

“Жолон Мамытовду тааныбайм деп тамашалап койсом, бир киши аябай урушкан”

– Атактуу адамдардын баласы болуу бир чети сыймык, бир чети чоң жоопкерчилик. Мен негедир Жолон Мамытовдун баласымын деп көп айтпайм. Мактанып жатат деген ойлор жаралбасын дейм.

Ушуга байланыштуу бир кызык окуяны айтып берейин. Апам менен бир иш-чарага барып калдык. Барсам, кой союлуп, эт бышырылып жаткан экен, жардамдашып калдым. Анан бир киши келип эле мага кыйын боло баштады. “Чий көбүгүн алдыңбы? Эт бышырып көрдүң беле?” деп эле жатат. Анан кайсы жерден болорумду сурады эле, “Төлөйкөндөн болом” дедим. “Эй, төлөйкөндүк болсоң, Жолон Мамытов ким болгон билесиңби?” деп калды. Мен куудулданып “аа, ветврач беле?” деп койсом кызууланып кетсе болобу. “Ал деген кыргыздын мыкты акыны, төлөйкөндүк болуп туруп кантип аны билбейсиң?” деп уруша баштады. Жаныбыздагылардын боору эзилип калды күлө берип. Анан мени “ошол акындын уулу Маяк Мамытов” деп тааныштырышты. Тиги киши аябай таң калып, уялып, мени кой союп конокко чакырмай болгон.

Атам кыргызды абдан сүйгөн патриот киши эле. Эт жиликтегенди, ат мингенди, устукан тартканды атамдын айтуусу боюнча блокнотко жазып алып үйрөнгөн элем. Ат чапканды да атам үйрөткөн. Азыр кандай азоо ат болсо да секирип минип чаап кете алам.

“Ырды так Жолон Мамытовдой эч ким жарата албайт”

– Ачыгын айтканда, бала кезден чет өлкөнүн жана орус адабиятына ыктап чоңойдум. Мен үчүн Айтматовдон башка адам Кыргыз адабиятына чоң иш кылбагандай сезилчү. Атамдын чыгармаларын эл эси оогончо мактап жатса, мага ал кезде жетпеген экен. Мен аскердик кызмат өтөөгө кетип жаткан учурда атам бир поэма жазган. “Бошсуңбу, окуп берейинби?” деп калды. Анан бир жарым сааттай окуп берип “кандай экен?” деди. “Жакшы эле экен, бирок кийин бул чыгармаларды ким окуйт? Лермонтовдой, Пушкиндей жазсаңыз убакыт кетирсеңиз болот беле? 200 ырыңыздын канчасы эл оозунда калат деп ойлойсуз” дедим. Атама бул сөз аябай катуу тийиптир. “3-4 жыл ыр жазам, ошондо өзүмдү чыныгы акын болдум дебесем, анда акындыкты таштап башка иш менен алектенем” деген экен. Аскерден ажалды өз көзүм менен көрүп келдим, өзгөрдүм дегендей. Ооруп да калдым. Атам баягы поэмасын кайра жазып чыгыптыр, аскерден келгенимде окуп берди. Ушунчалык таасирдүү жазыптыр, окуп жатса сөздүн күчү денемден өтүп, жүрөгүмө чейин жетти. Атама “сонун болуптур, ата” дедим. Бир топко пикир алышып отурдук, атам көзүнө жаш алды. “Чыгармаңды балаң жүрөгү менен түшүнгөнү кандай бакыт” деп айтканы азыркыга чейин эсимде. Азыр атамдын чыгармаларын, ырларын жаңы басылган сайын окуйм. Окуган сайын ар башка өңүттөн ачылат мен үчүн. Азыр ойлойм, атамдай эч ким ыр жаза албайт. Балким, жакшы жазар, балким, чийки жазар. Бирок ырды так Жолон Мамытовдой эч ким жарата албайт. Мен анын уулу болгонум үчүн сыймыктанам.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nur1111
2023-10-31 16:03:00
Акыркы подтемада акындын аты-жөнүн баш тамга менен жазсаңар болмок да.
0
nur1111
2023-10-31 16:06:00
ЛермАнтов???? ЛермОнтов десеңер туура болот.
0
nur1111
2023-10-31 16:14:00
МеНди Мамазаирова бекен? МеҢди Мамазаирова деп билчү элек го...
0
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан