Белгилүү актёр Асан Амановду сиз “Аталар керээзи” тасмасында почточу Жусуптун, “Свет акеде” Эсендин, “Ээнсиреген үйдө” аракеч атанын образынан улам жакшы тааныйсыз. Эпизоддук ролдорду да жогорку деңгээлде аткарып элдин эсинде калган Асан аганы кепке тарттык.
– Арыбаңыз, Асан ага! Чоң-Кеминде, тоодо жашайм дедиңиз. Качантан бери ал жактасыз?
– Бар бол! Тоодо 2002-жылдан бери жашайм, мал багып, бак-сак карап тиричилик кылам. Кемпир экөөбүздүн 2 уул, 5 неберебиз бар. Айылда жашасам да жыл сайын киного тартылып турам. Быйыл эле төрт фильмге тартылдым. Иши кылып жан тынбайт, иштеп жатабыз. Театрдан кеткениме 23 жыл болду, ошондон бери кинодомун. Баш-аягы 37 фильмде бармын. Тынбай чакырып турушат, ушунусуна шүгүр. Алдыда да чоң долбоорлор бар, алдын ала айтпай турайын.
– Жакшы. Сизге кандай жанрдагы фильмге тартылуу, кандай ролду аткарган жагат?
– Драмасы деле, трагедиясы деле, комедиясы деле оңой мен үчүн, баарын ойной берем. Негизи комедия, анан драма жагат. Трагедия деле жакшы, бирок аны ойнойм деп өзүң кыйналып каласың. Ишибиз ушул эми, кыйналасыңбы-кыйналбайсыңбы, жактырасыңбы-жактырбайсыңбы, баары бир ойной бересиң.
– Артка бир кылчайсак. Азыр сүрдүү көрүнөсүз, бала кезиңизде кандай элеңиз?
– Бала кезде көп деле тентек эмес элем. Үсөн, Эсен деген инилерим бар эле, Үсөндүн көзү өтүп кетти. Ал экөө тентектик кылып, алардын айынан атабыздан мен таяк жечүмүн. “Сен улуусуң, эмне карабайсың?” дейт да. Экөөнү кайтарып отурмак белем? Ошондо эле оор басырыктуу болсом керек. Бирок тамашалап сүйлөп, куудулданып классташтарымды күлдүрүп калчумун.
– Бала кезиңиздеги кыялдарыңызга жеттиңизби?
– Тээ кичине кезимде эле артист болгонду жакшы көрчүмүн, ага жеттим. Анан комузду жактырчумун. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга, комуз жагына тапшырсам дечүмүн, ага жетпей калдым. Кол жарабайт экен да, кесилип калгандан кийин (ред.: сөөмөйүн көрсөтүп).
– Колуңузга эмне болду эле?
– Ооруп, көбүргөн деген бир балээ чыгып, ошондон ырбап кеткен. 10ду бүткөндөн кийин мал кайтарып, чабанга жардамчы болуп жүрдүм. Бир күнү гезиттен “Щепкин атындагы жогорку окуу жайга актёрдук факультетке кабыл алабыз” деген жарыяны көрүп калдым. Анан ошого тапшырмакчы болдум. Оо, анда эмне, шаарга келе элек кезим. Атамды ээрчип картөшкө-партөшкө сатканда келбесем, шаарды деле билбейм. Бир-эки жолу консультациясынан кечигип калып ичим күйүп, туталандым. Анда этюд эмне экенин билчү эмесмин. Үчүнчү жолкусунда катышып, Кудай жалгап өтүп кеттим. Ошентип аны бүттүк. 22 жыл театрда иштедим, Ошто, азыркы Султан Ибраимов атындагы театрда. Анан шартка байланыштуу театрдан кетишке туура келди. Атам чакырбаганда мен деле, балким, артисттер көргөн турмушту көрмөкмүн. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп айылга көчүп келип алганбыз. Кудайга шүгүр, андан бери кино актёру болуп жүрөм. Эң биринчи тартылган тасмам – “Аталар керээзи”, ага Нурбек Эген чакырган. Ошол жылы “Ээнсиреген үй” дегенди да тартты.
– Театрды таштап, айылга көчүп кетип калганыңызга өкүнөсүзбү?
– Эми азыраак өкүнүч бар. Жан дүйнөң башка болгондон кийин кылып жаткан иштериң миң балекет болсо дагы, ар бир өстүргөн багың алтын байлап турса дагы көңүлүң чаппайт. Баары бир түшүмдө театрда жүрөм. Ички дүйнөнүн ырахаты бөлөк экен. Азыркы иштеп, жашап жатканым деле Кудайга шүгүр, аны деле чангым келбейт. Анын ырахаты өзүнчө. Бакчамдан түшүм алсам, ал өзүнчө ырахат. Өкүнөсүң, өкүнгөн менен айла жок. Ата менен эненин сөзүн кыя албайт экенсиң да. Чоң энем менен апам “дагы 4-5 жыл иштесин” деп жакшы эле айтышты, атам көнбөй койбодубу. Кичине кыялы чортураак, айтканынан кайтпаган киши болчу.
– Атаңызга окшошсузбу?
– Ооба. Көчүрмөсү элемин. Адашып кетип "Аман аке" деп салам айткан улуу кишилер да болгон.
– Азырчы, театрга келип иштегиңиз келеби?
– Жок, жаш өтүп калды, ал жерде эмне “массовкада” ойномок белем? Театрда актёр дарактай өсүп-өнөт да. Дарак мөмөсүн берип кулпурат, анан картая баштайт, андан кийин бутактары куурайт. Мөмөсү да майда боло баштайт. Азыр эми бизде кайсы мөмө, кайсы бутак бар дейсиң? Чалдардан башка эмнени ойнойм? Искусство деле жаштыкты сүйөт. Азыр кинодо жүргөнүм жакшы.
– Сиз киного тартылып баштагандан азыркыга чейинкисин салыштырып көрсөк. Сапат, сценарий жагынан өзгөрүүлөр барбы?
– Албетте, болот. Ар бир сценаристтин, режиссёрдун өзүнүн ой жүгүртүүсү бар. Өзгөрүү да, өсүш да бар. 90-жылдары кино эле эмес, бүт искусство тармагы токтоп калбадыбы. Байкап көрсөм, 2002-жылдан бери көп эле кинолор чыгып жатат. Бирок көбүнчө, орусча айтканда, “дешёвый” фильмдер. Эптеп ырсайып койсо, колун көргөзүп, көзүн ымдап койсо эле баары каткырып жатып калышат. “Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун” дегендей, ар бир ишти өзүнүн адистери жасаганы жакшы. Профессионалдык деңгээлде тартылган фильмдер азыраак. Бирок аракет кылып жатышат, аларды күнөөлөгөнгө болбойт.
Өзүм деле ролдордун баарын кыйратып аткардым дей албайм. Экрандан көрүп “каап, бул жерин минтип ойноп койсом болмок экен” деп калам. Колтойгон башкы ролду ойноп, бирок элдин эсинде калбаган жаман. Кичинекей эпизод болсо да элдин эсинде калса – актёр үчүн ошол жеңиш.
– Интернеттеги социалдык тармактарда барсызбы?
– Жок. Тикток дегенди, мына жакында “Апам кайра студент” деген комедиялык фильмге тартылганда билдим. Тасма тартуу учурунда “бийлей коюңуз, минте коюңуз” деп, жаштар жаман экен, кубалап алышат экен да (күлүп). Негизи интернетке, телефонго деле кызыкпайм. Телефонум үйдө эле калат.
– Тиктокто сиздин эки сап ыр айтканыңыз тарап жүрөт, ошол тууралуу сурайын дегем.
– “Особняк” деген фильмде ыр окуп бергем. Ошол жерин чыгарып жиберишсе керек, балдар жөнүндө ырларым бар да өзүм жазган.
– “Турмушка чыгам десең макияжды байка” деген сыяктуу саптары бар...
– Ыы, “Кыз балдарга” деген. “Чыгам десең турмушка макияжыңды байка, тааныбай калып эртеси жеткирбесин кайта”. Бул өзүм жазган ыр. Ошол тасма тартуу учурунда эс алып отурганда айттырып чыгарып жатышпайбы, мына Аскат, Альбина (ред.: Сулайманов, Имашова) деген “шустрийлер”. Ыр жазып калам, тээ жаш кезде арзуу ырларын жазчу элем, сүйүү-пүйүү деп. Азыр эми балдардыкын жазып калдым. Балдарга керек экен. Жазган ырларымды чыгарып беребиз деп алышат, же ырымдан дайын жок, же чыгаргандан дайын жок. Чачылып кетти го ырларым. Китеп чыгарайын деп далалат кылсам, тээ асмандын башын сурайт экен, ага чамам келбей жүрөт.
– Убакыт бөлүп келип бергениңизге ыраазычылык. Бар болуңуз!
Гулийпа Маметосмон кызы