Айымдардын мүнөзүн түшүнүп болбойт. Бирде карасаң андан ашкан сүйкүмдүү жан жок, бирде карасаң кабагынан кар жаап, эч нерсени сүйбөй калат. Бул жагдайда айымды туура түшүнүү менен жылуу мамиле жасаган оң. Айымды миң кубултуп жаткан нерсе – гормондор.
ЭСТРОГЕН ЖАНА ПРОГЕСТЕРОН
Гормондор – адамдын ден соолугундагы эң маанилүү нерсе. Адамдын организминде ар түрдүү бездер бөлүп чыгарган бир нече гормон бар. Алардын ичинен бүгүн биз айымдардын турмушунда эң чоң роль ойногон эстроген жана прогестерон деген эки гормон жөнүндө сөз кылалы. Бул эки гормон аялзатынын эне болушуна алып келет. Тактап айтканда, жумуртка клеткасынын өсүп-жетилишине, балалуу болууга шарт түзөт.
Аялдын этек кири келип кеткенден кийин анын баскан-турганын, күлгөнүн, жадакалса адамдарга кандай мамиле кылыш керек экенин эстроген гормону көзөмөлгө алат. Бул гормон аялзатына сулуулук, наздуулук, сексуалдуулук жана энергия тартуулайт. Байкасаңыз, дээрлик бардык айымдар этек кири келип кеткенден кийин жаңы ачылган гүлдөй кулпура түшүшөт. Энергиясы ашып-ташып, ажары бетине чыгып, көп иш бүтүрүүгө ашыгып калышат.
Ал эми этек кир келерине 10-12 күн калганда эстроген гормонун прогестерон сүрүп чыгып, анын ордун ээлейт. Бул учурда прогестерон аялзатын пассивдүү кылып салат. Айымдын энергиясы азайып, токтоо тартып калат. Бул гормон айымды кош бойлуулукка даярдайт. Чынында, кош бойлуу айымдар көп кыжалат болбой, ачууга алдырбай сабырдуу болуулары керек эмеспи. Этек кир келерде айымдын организминде прогестерондун саны өтө көбөйөт. Ошондуктан айызы келип жаткан айым болор-болбос нерсеге эле капаланып, сиркеси суу көтөрбөй чукчуңдап калат.
ГОРМОНДОРДУН БИЙЛИГИНЕ ЖАРАША ИШ КЫЛУУНУ СУНУШТАЙБЫЗ
Айымдар ар кандай маанилүү иштерди гормондорго ылайык чечишсе жеңил болот. Мисалы, кандай иштер? Студенттер үчүн курстук иштер, сүйүктүүсүн таба элек бийкечтер үчүн сыртынан көзгө басып жүргөн мырзасын торго түшүрүү, кыскасы, ушул өңдүү маанилүү жагдайларда акылга күч келүү менен зор энергия жумшалат эмеспи. Турмуш чылбырын колго алуу аракетин организмде эстроген бийлик кылып жатканда жүзөгө ашыруу эң жакшы натыйжа берет. Бул аралыкта иши оңунан чыкпаса да, көп капа болбой баарын жеңүүгө мүмкүнчүлүк бар. Анан да эстроген гормону айымды өзүнө ишенүүгө, чечкиндүүлүккө түртөт.
Ал эми прогестерон үстөмдүк кылып жаткан учурда алдыда болчу иштер боюнча чечим кабыл алууга шашылбаш керек. Анткени бул гормон аялзатын токтоолукка, ой жүгүртүүгө чакырганы менен, айым бул убакта чечкинсиз, энергиясы жетишсиз болуп турганын эстен чыгарбоо зарыл.
Гормондордун бийлигине жараша иш кылууга көпчүлүк айымдарда шарт деле жок. Ошентсе да гормондордун таасири, башкаруусу күч экенин, турмуштук өзгөрүүлөргө салым кошо алгандыгын эстен чыгарбасак.
ЭСТРОГЕН КӨП БОЛСО, АЯЛ ТОЛО БАШТАЙТ
Эгер организмде эстроген аз болсо, прогестерон басымдуулук кылып, аялдын жамбашы, эмчеги көп билинбей, атүгүл жигиттерди суктанткан узун буттары булчуңдуу, ичке болуп, тизеси уркуюп чыгып эркекке окшошо баштайт. Ал аз келгенсип тукумсуздукка алып келүү менен миоманы пайда кылат.
Эстроген гормону үчүн Е витамини (өсүмдүк майы, акшактар), К витамини (ашкабак, уйдун боору, жумуртканын сарысы), фолий кислотасы (петрушка, капуста) маанилүү.
Организминде эстрогендин деңгээли калыптагыдай болуп, дайыма кыймылда жүргөн аялдар өз курагына караганда жаш көрүнүшөт.
Эгер эстроген көп болсо, аял толо баштайт. Негизи, аялзаты кош бойлуу болгондо, климакс убагында жана бойго жетип калганда гормоналдык баланс бузулуп, толуп кетишет. Эстроген май ткандары менен тыгыз байланышта. Организм кабыл алган зыяндуу заттар, токсиндер ички зыянын тийгизбеши үчүн бул заттарды эстроген “коопсуз жайларга” жеткирет. “Коопсуз жайлар” – жамбаш, бел жана курсак. Ошентип, организм токсиндердин зыяндуу таасиринен алыстаганы менен, ашыкча салмак көбөйө берет. Эгер буга кошумча кофе, спирт ичимдиктерин ашыкча ичсе же гормоналдык дарыларды колдонсо, организмдин салмак кошуусу күчөп кетет. А эгер гормоналдык дары-дармек колдонбой, алкоголдук ичимдиктерди ичпей туруп семирүүгө кабылса, анда организм эстрогенди нормадан көп чыгарып жатышы мүмкүн. Анда гормондук анализ тапшырып, тезинен эндокринолог-гинекологго кайрылуу керек.
ГОРМОНДОР ЖАНА МОДА
Акыркы убакта Саламаттыкты сактоо министрлиги баш болуп ден соолугу чың энелердин саны жыл өткөн сайын азайып баратат деп каңкуулап келет. Буга себепкер нерселердин бири деп моданы баса белгилеп көрсөтүшөт. Айрымдар бул сөздү капарына албаганы менен, кашкайган чындык. Мода деп жаш кыздар кубалап кийип жүргөн курсакты, белди, бөйрөктү жаппаган шымдар, юбкалар алардын жыныстык органдарына, бөйрөгүнө залалын тийгизип, ооруга чалдыктырууда.
Анан да көпчүлүк кыздар толук көрүнгүсү келбей, арыктоонун аракетин кылып көптөгөн ыкмаларды колдонушат. Ар кандай диеталардын артынан түшүп дары-дармек ичип, арыкчырай, сулуу көрүнгүлөрү келишет. Кыздар өздөрү каалагандай дене-мүчөгө ээ болгондору менен, гормоналдык баланс бузулуп, төрөй албай калуу коркунучуна кабылышууда. Зордук менен арыктаган организмге эстроген өтө керек. Организмге эстроген жетишпесе, анда анын ордун эркектин гормону ээлейт.
ДЕН СООЛУКТА БОЛОМ ДЕСЕҢИЗ,
ТӨМӨНКҮЛӨРДҮ ЭСИҢИЗДЕН ЧЫГАРБАҢЫЗ
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg