БАЛА БАКЧАДА БАЛДАРДЫН ТАМАГЫН АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ТӨЛӨТҮҮ АРАКЕТИ СЫНГА КАБЫЛДЫ

Өлкөдө мамлекеттик бала бакчалардагы балдардын тамагын мындан ары ата-энелер гана каржылашат. Маалыматты Каржы министрлиги ырастады. Мекеменин билдиришинче, быйыл 11-августта “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, мектепке чейинки билим берүү жайларында балдарга тамак берүүнү уюштурууга мамлекет акча бөлүүнү токтотот. Бул милдет ата-энелерге же балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө жүктөлмөкчү.

Айта кетсек, буга чейин бала бакчаларда тамак-аштын жарымына жергиликтүү бийлик органдары, жарымына ата-энелер акча бөлчү. Мындан ары 100 пайыз ата-энелерде болот деп айтылууда. Мыйзамдын бул талабы коомчулукта нааразычылык жаратты.

Буга чейин билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектеп окуучуларынын тамагына бөлүнгөн акча көбөйтүлүшү мүмкүн экенин айткан. Ал билдиргендей, учурда 1 окуучунун тамагына күнүнө 7-10 сом бөлүнсө, ал сумманы 20-30 сом кылуу маселеси каралып жатканын, бул үчүн бюджеттен кошумча 1 миллиард 502 миллион сом талап кылынары күтүлүүдө.

Бала бакчаларда ысык тамакты ата-энелерге төлөтүүчү мыйзам кайра жокко чыгарылат деп билдирди 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо. Айтымында, учурда тийиштүү мыйзам долбоору даярдалууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан