КЫРГЫЗСТАН ӨЗҮН-ӨЗҮ 3 ГАНА АЗЫК МЕНЕН КАМСЫЗДАЙТ

2023-жылдын январь-август айларында Кыргызстан өзүн-өзү 3 гана азык менен толук камсыздады. Алар: картошка, жер-жемиш жана сүт. Мындай маалыматты 30-октябрда Айыл чарба министрлиги таратты.

Нан азыктары боюнча Кыргызстан өзүн-өзү 77,6 пайызга, картошка менен 167,4 пайызга, жер-жемиш менен 164,5 пайызга, мөмө-жемиш менен 18,2 пайызга, эт менен 80,5 пайызга, сүт менен 116,5 пайызга камсыздаганы айтылды. Ал эми кумшекер менен 69 пайыз, жумуртка менен 63,9 пайыз, өсүмдүк майы менен 44 пайыз камсыздаган. Бул социалдык мааниде деп саналган негизги азыктар боюнча көрсөткүч. Калган жетишпестик импорт аркылуу жабылууда.

Быйыл сентябрда айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков парламентте маалымат берип жатып “Кыргызстан өзүн-өзү негизги 9 азыктын ичинен бешөөсү менен толук камсыздай алат” деп билдирген эле.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан