КАЗИНОГО КИРГЕН КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ 5 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛАБЫ?

Казиного кирген Кыргыз жарандарын 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда. Бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканын депутат Марлен Маматалиев 30-октябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

– Казино, тотализаторлордун баары бир жерде болсун деп жатабыз. Эгер ал жерге Кыргыз жарандары киргизилсе, лицензиясы алынып, ээси ири суммада айыпка жыгылат. Ал эми ал жерге кирген Кыргыз жарандарына айып салып гана чектелбей, эркинен ажыратуу сунушталууда. Ошондо ал жерге эч ким кирбей калат,- дейт Маматалиев.

Бир нече жылдык чектөөдөн кийин 2022-жылы Кыргызстанда казинолордун иштешине уруксат берилген. Бирок ал жерге Кыргыз жарандары киргизилбеши керек деген норма бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан