КУТМАН ТАҢ!

Эртең менен турганда жаныңыздагыларга кутман таң деп айтасызбы? А сизге да кутман таң каалагандар барбы? Бул эки ооз сөз адамдын жашоосуна кандай таасир бериши мүмкүн экенин психологдордун ою менен чечмелеп көрөлү.

Жаңы күнгө багыт

Уйкудан ойгонгон таңкы маал жашоонун жаңы башаты деп эсептелет. Жаңы күндөн сиздин маанайыңыз, жасаган ишиңиздин жыйынтыгы көз каранды. Андыктан ар бир күндү жакшы маанай менен баштоону жашоого позитив, жакшылык чакыруу деп түшүнүү керек. Ал үчүн жөнөкөй, бирок эффективдүү “кутман таң!” ыкмасын адатка айлантыңыз.

Камкордук

Күнүгө кутман таң (кутман күн, кутман кеч) каалоо айланабыздагы адамдарга камкордук катары болуп эсептелет. Бирөөгө кутман таң каалоо ал адамга болгон сый, көңүл буруу, анын персонасына кайдыгер мамиле жасалбаганынын белгиси.

Жагымдуу атмосфера

Күндү жакшы сөздөр менен баштоо жагымдуу эмоцияларды чакырат. Кутман таң каалоо менен биз жаныбыздагы адамдардын маанайын көтөрүп, жүздөрүнө жылмаюу жарата алабыз. Мындай жагымдуу атмосферада баарлашып отуруу, же жөн гана иш алып баруу жакшы жыйынтыктарды берет, ишенип коюңуз.

Байланыш

Саламдашуу өзгөчө таңкы саламдашуу аркылуу жаныбыздагы адамдар менен эмоционалдык байланыш көпүрөсүн түзөбүз. Саламдашып алгандан кийин андан аркы маектешүү, иш алып баруу жеңил өтөт. Практикада деле болсо керек, саламдашпаган адам менен же болбосо саламды алик албаган адам менен сүйлөшкүңүз келбейт. Сүйлөшсөңүз да аны “орой адамдардын” тизмесине кошуп коёсуз.

Таасир

Эртең менен “кутман таңды” айтууну адатка айлантканда башкаларга эле камкордук көрбөстөн, өзүбүздүн эмоционалдык абалыбызга да таасир этип жаткан болобуз. Позитивдүү сөздөр, жакшы каалоо-тилектер адамдын маанайын көтөрүп, энергиясын арттырып, ийгиликтүү күнгө даярданууга жардам берет. Маанайы жакшы адам өзүн бактылуу сезет. Өзү бактылуу адам башкаларга да бакыт таратат. Бактылуу болуңуз, окурман. Кутман таң!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан