РОНАЛДО КАРЬЕРАСЫН ТҮРКИЯДА УЛАНТЫШЫ МҮМКҮН

Жакында Түркиянын “Фенербахче” футболдук командасынын президенти Азиз Йылдырымдын айтымында, клуб бразилиялык футболчу Роналдо менен келишим түзүп, өз тобуна тартуу үчүн аракет көрүп жатат.

Футбол дүйнөсүндө супер жылдызга айланган Роналдо үчүн Түркия бир сезондо 4 миллион еврого чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирген. Ал эми Роналдо болсо учурда тиякка же биякка бараарын билбей ойлонууда. Атай кетсек, “Фенербахченин” командасында бир топ жылдардан бери өзүнүн мурдагы достору, тагыраак айтканда, бразилиялык мекендештери Алекс де Соуза, Марко Аурелио, Дейвид де Соуза жана Роберто Карлос ойноп келишүүдө. Ал эми Түркиянын белгилүү “Фенербахчесин” бразилиялык футболдун легендасы Зико машыктыраарын баса белгилеп кеткибиз келет.

МАРАДОННА ЖИНДИКАНАГА ЖАТЫП ЧЫКТЫ

Аргентина футболунун тирүү легендасы атыккан Диего Марадонна жакында Буэнос-Айрестеги жиндиканага жатып, дарыланып чыкты.
Футболисттин жеке дарыгери Альфред Каэнин билдиргенине караганда, Марадонна алкоголизмден арылуу үчүн дарыланууда.
“Футбол тарыхындагы легендарлуу футболчулардын бири Диего Марадонна мурда кокаинге азгырылып кеткенинен дарыланган эле. Эми болсо алкоголизм менен тамекинин азгырыгына түшүп кеткендей болду. Ошонун айынан аз убакыт болсо да жиндиканада дарыланып чыгуусуна туура келди. Учурда азгыруучу илдеттерден кутулуу үчүн Диего өзү да аракеттерди көрүүдө”,- дейт дарыгер.


ОЛИМПИАДА СОЧИДЕ ӨТӨТ

Эл аралык Олимпиада комитетинин чечими менен Орусиянын Сочи шаары 2014-жылы боло турган кышкы Олимпиада оюндары үчүн ылайыктуу жер деп табылды.
Мындай чечимдин чыгаарын алдын-ала сезген Орусиянын президенти Владимир Путин Олимпиадага даярдануу үчүн Сочиге өкмөт тарабынан 12 миллиард доллар бөлүнөөрүн билдирген. Президент тарабынан спортко мындай көңүл бурулуп жатканына күбө болушкан Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөлөрү өз добуштарын аргасыздан Сочиге беришкенин туура деп ойлоп кетет экенсиң. Маалымат үчүн айта кетсек, Олимпиаданын бюджети жыл өткөн сайын өсүүдө. Атап айтсак, 2002-жылы болгон Солт-Лейк-Ситидеги Олимпиадага 3 миллиард доллар кеткен. Демек, Орусия андан 4 эсе көп акча коротууга даяр экендиктерин билдиришти. Бирок, Сочидеги кышкы Олимпиаданын бюджети менен 2012-жылы боло турган Лондондогу жайкы Олимпиаданын бюджетин салыштырсак, анда британиялыктардыкы 1,5 эсеге көптүк кылат. Тагыраак айтканда, алар 18 миллиард доллар акча бөлө тургандыктарын бүткүл дүйнөгө жар салышкан.


ВЛАДИМИР КЛИЧКО СЫНГАН КОЛУ МЕНЕН ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

Украиналык Владимир Кличко 7-июль күнү бокстун IBF версиясындагы супер оор салмак боюнча дүйнө чемпиону деген өзүнүн титулун коргоо үчүн америкалык Леймон Брюстерге каршы беттеш өткөрдү.
Эске салсак, 2004-жылдын апрель айында Кличколордун кичүүсү дал ушул Леймон менен ринг үстүндө кездешип, бирок, утулууга мажбур болгон. Себеби, 4-раундга чейин өзүнүн катуу соккулары менен айрымаланып жаткан Владимир 5-раундга келгенде алсырап, бутунда араң турганы баарына байкалган. Мындайды күткөн атаандашы 2 раунд катары менен Владимирди өзүнүн муштумдары менен былчылдатып кирген. Бирок, 2 жолу нокдаунга түшүп, үчүнчүсүндө кайра турууга аракет кылып жаткан Владимирди машыктыруучусу токтотуп, ортого ак чүпү­рөктү ыргытууга аргасыз болгон. Ошондо “Владимир Кличконун таймаш учурунда колдонгон суусуна алсыраткан химикаттар кошулган” деген имиш таркап, аны тергөө үчүн ФБР өзү киришкен эле. Бирок, имиштин чын-төгүнү ушул убакытка чейин тактала элек.
Владимир 2004-жылы Леймон Брюстерге утулгандан кийинки беттешүүлөрүнүн бардыгын жеңиш менен аяктап келген. Леймон болсо белорусиялык Сергей Ляхович менен таймашып, көзүнө катуу соккуларды өткөрүп жиберет. Жыйынтыгында, ооруканага жатып, көзүнө операция жасатат. Бир жылдан ашуун убакыт Леймон Брюстер рингге чыккан эмес. Карьерасын улантууну чечкенде Владимир Кличко менен беттеш өткөрүү тууралуу сунуш түшөт. Брюстер көп ойлонбостон эле макул болот. Анткени, 34 жашка чыгып калган мушкердин бийик тепкичтеги титулдук беттешүүлөрдү өткөрүүсү үчүн бир канча адамдар менен кара терге батып таймашканча Владимир менен бокстошкону оң.
Таймаш боло турган Кельн шаарына Леймон Брюстер кара көз айнек тагынып, сакал коюп келген. Ушундай кебетеси менен таразага түшүп, беттеш алдындагы пресс-конференцияга катышкан. Бирок, ринг үстүнө көз айнегин чечип, сакалын кырып туруп, катуу дайынданып чыкты. Ошентип, бул жолку рингде Владимирди канча жолу урууга аракет кылса да, анын булгаары мээлейи бирде оңго, бирде солго кетип жатты. Төртүнчү раундга чейин соккуларды жаадыра берип чарчаган Леймонго Владимир чабуул жасай баштады. Владимир өзүнүн темирдей соккулары менен Леймонду 6-раунддан эле бөк түшүрдү. Таймашты улантууну каалаган Леймондун абалына күбө болгон анын машыктыруучусу боору оорудубу же анын денсоолугун сактап калгысы келдиби, айтор, ак чүпүрөктү ортого ыргытып, беттешти токтотту. Ошентип, Леймон Владимирди 2004-жылы кантип утса, бул жолу өзү да ошентип утулду. Жашоонун тамашасы деген ушул окшобойбу. Эң кызыгы, Леймон менен болгон матч-реванштын 1-раундунда эле катуу соккудан Владимирдин колу сынып кеткен экен. Бирок, ал өзүнүн алсыз тарабын байкатпоо аракети менен бир колдоп ургулап, атаандашынын акесин таанытып отурган. Машыктыруучулардын айтымында, Владимирдин ринг үстүндөгү кийинки атаандашы болуп 41 жаштагы түштүк африкалык Корри Сандерс аттуу мушкер болмокчу. Себеби, жылдызы жанган Кличколордун кичүүсүн дал ушул Корри Сандерс 2003-жылы 2-раундга жеткирбей нокдаунга жиберип, бүт дүйнөгө уятка калтырган.

Даярдаган Улан МАМБЕТОВ

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 245, 13-19-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан