Кинолордо көбүнчө терс каармандын образын жаратып таанылган актёр Садыр Сагынбаев менен маектештик. Кино тармагы, устачылык өнөрү, оош-кыйыш күндөрү ортого ташталды. Эмнеге тасмалардан көп көрүнбөй калды десеңиз, көрсө, комуз чапкандан колу бошобой жүрүптүр.
– Садыр мырза, комуз жасатууга буюртма көп окшойт?
– Ооба, буюртма көп түшөт. Кээде уктабай да калам. Комуздан тышкары кыл кыяк, жыгачтан идиш-аяктарды, камчыларды жасайм. Минтип азыр устачылык менен алекмин. Элге актёр катары таанылганым менен, кесибим боюнча сүрөтчүмүн. Сүрөтчүлүк да устачылыкка чоң пайдасын тийгизет экен. Сүрөтчүлүккө Москвадан окуп, Кыргызстанга Союз тараганда келдим. Ал учурда маданият тармагындагылар талаада калбадыкпы. Ошол күндөр эсимден кетпейт, жүрөктү өйүтөт да тим эле. Окууну Москвадан бүтүп келген 2-3 таанышым жумуш таба албай, арак ичип жүрүп эле каза болуп калышты.
– Сиз да абдан кыйналыпсыз, ичимдикке ыктаган учурларыңыз болуптур...
– Ой-ой, Кудай сактасын. Ал учурда мен деле чүнчүп кеткем, өкүнүп, арманда жүргөн кезим эле. Бирок мени Кудай сактады. Спортко кызыкчумун да, айылда улак чаап, чабандес болуп жүрдүм. Бир тойдо улак тартышта Үсөн Кудайбергенов менен таанышып калгам. Ал мени кеңсесине чакырды, барсам “каскадёрлордон топ түзүп жатам, улакты жакшы тартат экенсиң” деп мени тобуна алды. Топ менен Казакстанга барып “Кочевник” тасмасында иштегенбиз. Андан кийин Түштүк Кореядан келген машыктыруучу менен таанышып, таэквондо менен алектенип калдым. Ошол киши мени ичкилик, тамекиден куткарып калды. Ойлоп көрсөм, мен деле ичип жүрүп өлүп калмак экенмин.
– Азыр киного чакырып жатышабы?
– Ооба, актёр, сүрөтчү катары чакырып калышат. Жакында Барсбек каган тууралуу кино тартылганы жатат, ошого даярдыктар башталды. Мени сүрөтчү катары чакырышкан. Мындан тышкары, “Манастын уулу Семетей” тасмасында да сүрөтчү болдум. Бул тасма көп сынга кабылбадыбы. Негизи кыргыздар ишти колдобой, жолтоо боло берген эл экенбиз. Ушул тасманы манасчы, тарыхчылар колдоп, “кел, муну мындай кылалы” дешсе болмок. Бирок тасмага ичим чыкпай калды, шашылыш тартылды. Мени чакырышканда да “бүрсүгүнү тартып баштайбыз” деп айтышты. Азыркы кинолорду тартыш үчүн бир айдай даярданасың. Тарыхый киного бир жылдай даярданыш керек да.
– Азыркы кинолорду көрөсүзбү?
– Көрөм. 80 пайызы жакпайт. Таланттуулар бар, бирок колдоо жок. Негизи бирөөнү туурабаш керек. Ар бир эмгекте автордун жеке өзгөчөлүгү болушу зарыл. Азыр Голливуддун, Индиянын кинолоруна окшоштуруп тартып жатышпайбы, бул абдан туура эмес. Кинематографияга жаңы ачылыштарды киргизип, ар бир кинодо өзгөчөлүк болушу кажет. Биздикилер өзү сүйлөп, кайра анысына өзү күлүп эле эчки боло беришет.
– Сизге жаккан кинолор кайсылар?
– Руслан Акун, Айбек Дайырбеков, Актан Арым Кубат, Темир Бирназаров тарткан кинолор жакшы, аябай аракет кылышат, бирок аларга да колдоо жок.
– Дегениңиз менен жеңил комедиялык кинолор деле керек да...
– Ооба, өлкө ичинде көрсөтүлгөнгө ал деле керек. Бирок алар менен дүйнөлүк аренага чыга албайбыз.
– Өзүңүз да автордук кино тарткыңыз келет экен...
– Ооба, даяр сценарийлерим бар. Бирок колдоо жок. Демөөрчү таап тартайын деп жүрөм. Менин Фёдор Бондарчуктан эмнем кем? Ал деле өзү жазып, өзү тартып, өзү роль ойнойт. 2019-жылы Москвада ВГИКтин жогорку режиссёрдук курсунан окуп, Москвада “Аян” деген театр ачтым. Тажиктер менен кыргыздарды биримдикке чакырайын деп тажиктин белгилүү драматургу Жума Куддустун пьесасын кыргызчалап койдум, дүйнөлүк деңгээлге чыгарганга аракет кылдым. Тажикстандын элчиси баш болуп себет гүл, тамак-ашынан бери көтөрүп келип колдоп, спектаклди жакшы кабыл алышты. Бирок кыргыздар колдогон жок, аттуу-баштууларыбыз “кыргыздар ал жакта эптеп оокат кылып жүргөндө спектаклдин эмне кереги бар? Театрга киши келмек беле. Жөн эле окууңду окубайсыңбы” дешти. Мен болсо бир орус жараны менен мушташа кетип, ал арыз жазып салганынан Орусиядан качып чыккам. Кийин мени 5 жылга “кара тизмеге” киргизип койгонун билдим.
– Көбүнчө терс каармандын ролун ойноптурсуз. Элдин рекциясы кандай болду?
– “Салам, Нью-Йоркто” кытайларга жер саткан айыл өкмөт башчысын ойноп калбадымбы. Ошол кинонун бет ачары болуп жаткан... Артымда отурган аялдардын “ии, өлүгүңдү көрөйүн, Акаевдин учурунда ушуга окшогон как баштар далай жерди сатышпадыбы” дегенин угуп калдым. Жанымда отургандар мени карап күлүп калышты. Бир досум “ролду жеткире ойногонсуң, ошон үчүн жек көрүп жатышат” деди. Чын эле жеткире ойногон окшойм деп калдым. Кинонун аягында баарыбызды сахнага чакырып калышты. Ордумдан туруп артымды карасам жанагы аялдар “ии, айланып кетейин, сен бул жерде отурдуң беле? Кечирип кой, биз сени сөккөн жокпуз. Ошол убакта ушундай жер саткандар көп болгон да” деп калышты.
“Аманатта” кримавторитеттин ролун ойногом. Ошол кинодон кийин бир телеканалга маекке барып, түндө чыктым. Үйгө жөө бара жатсам, алдымдан автоматчан милиция кызматкерлери чыгып калышты. Эмнегедир чочуп кетип учурашып койдум. Башты ийкеп өтүп кетишти. Бир аз баскандан кийин “стоять!” деп кыйкырды бири. Бурулуп карап, “телеканалдан келе жатам” десем, укпай эле “молчать!” деп колумду кайрып калышты. Катуу бир нерсе менен уруп да жиберди. “Каршылык көрсөтсөң атып салам” дегендей сөздөрдү айтып жатышты. Анан унаага салып алып кетишти. Милиция бөлүмүнө алып барганда нөөмөттөгү кызматкер мени дароо таанып, тигилерди уруша баштады. Жетекчиси да келип калыптыр, ага “түрмөдөн качкандардын бирин алып келдик” дешкен окшойт. Ошол учурда бир нече адам түрмөдөн качып кетип изделип жаткан эле. Жетекчиси кечирим сурап, өзү мени үйгө жеткирип койгон.
Той-топурда да менден чочулай беришет. Анан ачылып сүйлөшүп калганда “сонун адам турбайсызбы” дешет. Орозбек Кутманалиев менен да бир киного тартылып калгам. Ал айтып берген бир окуяны айтып берейин. Бир жолу кафеде тамактанып отурса, мас балдар лагманын башынан ылдый төгүп салышыптыр. Анткени аны “Ак кемеден” кийин жаман көрүп калгандар болуптур да. Демек, элдин сенин тасмадагы образыңа ишенгени.
– Мамлекеттик наамдар боюнча оюңуз кандай?
– Бир жолу ресторанда Эл артисттери менен чогуу отуруп калдым. Официант балдар, кыздар акырын келип менден автограф сурап, сүрөткө түшүп жатышты. Ыңгайсыз болуп отурдум. Бир маалда Мукамбет Токтобаев “Садыр, балам, көрдүңбү жалаң Эл артисттери отурабыз. Бирөөбүз менен да келип сүрөткө түшүп, автограф алышкан жок. А сенден алып жатышат” деп калды. Чоро Думанаев да “туура, сенин наамың жок, ээ?” деп сурап калды. “Эч кандай наамым жок” десем, Мукамбет байке “сатып алба, Эл артистин алып коюңузчу” деп үйүңө чейин келгенде гана ал. Артынан чуркаба” деди. Театрда иштеп жүргөндө наам алууга бир нече жолу документ тапшыргам. Дегеле мага Эмгек сиңирген артист наамын берип коёюн деген ойлору жок. Бирок наамдын кереги деле жоктой сезилет. Болгону конокто “бул Эл артисти экен, буга жамбаш тарткыла” деши мүмкүн, ошол эле. Союз маалында Эмгек сиңирген артисттин айлыгына, пенсиясына 50 пайыз, Эл артистине 100 пайыз кошулчу. Азыр андай жок, наамдын аты гана бар.
Перизат Музуратбекова