Жаңылай Исакова, актриса: “БИЛИМ БАГАЖЫМДЫ КҮНДӨН КҮНГӨ ӨСТҮРГӨНГӨ АРАКЕТ КЫЛАМ”

Театрда дагы, кинодо дагы көрүнүктүү талант, актрисалык дагы, режиссёрлук дагы өнөрү бар, сценарий да жазат, айтор, таланттуу адам бардык жаатта таланаттуу дегендей, гезитибиздин апта каарманы Жаңылай Исакова дагы көп кырдуу талант. Жакында ал режиссёрлук кылган спектакль Түркияга фестивалга барып, жакшы жыйынтыктар менен келди. Анда кеп Жаңылай Исакованын чыгармачылыгы тууралуу болсун.

– Жаңылай, салам. Кепти акыркы жараткан ийгилигиңиз тууралуу баштайлы. Түркияга кандай барып келдиңиздер?

– Саламатсыздарбы? Стамбул шаарында 5-эл аралык “Малтепе” театр-фестивалы өтүп, ошол жакка Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын “Кыл көпүрө” спектакли менен барып келдик. Бул спектаклде мен режиссёрлук кылгам. Пьеса Гүласал Алиеваныкы. Барып жакшы жыйынтыктар менен келдик десем болот. “Эң мыкты сценография” жана “Экинчи пландагы аялдын мыкты образы” үчүн сыйлыкка татыдык. Аталган образды актриса Шекер Жоомартова жараткан. Фестивалга 22 өлкө катышты. 11 номинациянын ичинен 2 номинация алган биздин гана театр болду. Ушундай жемиштүү жыйынтыктар менен келдик.

– Мындан башка дагы кандай жаңылыктар бар?

– Кыргыз драма театрында иштейм да, ал жакта жаңы спектаклдердин үстүнөн иштеп жатабыз. Андан сырткары да биздин репертуарыбыз бай. Күндө кечинде спектакль коюп жатабыз. Аны менен бирге тасма талаасында экинчи режиссёр, кастинг директор катары иштеп жүрдүм. Буга чейин режиссёр катары кыска метраждуу көркөм тасма тарткам. Учурда толук метраждуу тасма тартып көрсөмбү деп бел байлап турам. Бул ойду канчалык деңгээлде ишке ашыра алабыз, убакыт көрсөтөт. Буюрса, план бар, ниет бар.

– Театр же кино, кайсынысы жүрөккө көбүрөөк жакын?

– Экөөнү бөлүп айта албайм, куштун эки канатындай мен үчүн. Мен үчүн экөө тең өтө сыйкырдуу касиетке ээ бир аалам. Мен жакшы көрүп, алектенген жумуш.

– Ар бир сиз катышкан спектакль, кинолорду көрүп, талантыңызга суктанып, сиз тууралуу узун постторду жазган күйөрмандарыңыз бар экенин билем. Мындай учурдагы сезимдериңиз кандай болот?

– Ролдор боюнча рецензия, постторду жазышканы мага абдан жагымдуу. Бирок эми күйөрмандарым өтө көп, ашыгып жазгандар көп дебейм. Жок дагы эмес. Күйөрмандар, Кудайга шүгүр, өздөрүнүн сын-пикирин дагы, аны менен бирге жакшы каалоо-тилектерин дагы айтып калышат.

– Сын деп калдыңыз, “Ак шоола” сериалынан кийин урушкандар көп болуптур...

– “Ак шоолада” аябай эле уруш жегем (күлүп). Терс каарманды дагы кимдир бирөө ойношу керек. Анткени, тилекке каршы, ошондой дагы адамдар бар. Андай адамдар болбосо дагы тең салмактуулук болбой калат эмеспи. Бул роль актриса катары өзүм үчүн да чакырык болгон. Терс каармандын образын жаратуу татаалыраак. “Ак шоола” чыккандан кийин каргап-шилеп жазгандар болду. Бирок бул мен үчүн кичинекей жеңиш. Демек, Айнура аттуу каарманымдын кайсы бир кыял-жоруктары элге жакпады. Демек, мен аз болсо дагы образды ача алдым.

– Өзүңүздүн талантыңызга кандай баа бересиз?

“Таланттуумун” же “талантыма мындай баа берем” дей албайм. Эл тараза, эл сынчы, ага эл баа бериши керек. Бирок бир ордумда турбай, билим багажымды күндөн күнгө өстүргөнгө аракет кылам.

– Театрда сиз үчүн аткаруу эң оор болгон роль кайсы болду?

– Жакында эле Гарсия Лорканын “Бернарда Альбанын үйү” спектаклин койдук. Бул трагедия, башка эпоха, классика болгондуктан бул образдын үстүнөн иштөө бир аз өзгөчө болду. Бирок кайсы бир ролду өзүнчө бөлүп айта албайм. Ар бир ролдун түмөн түйшүгү, ошол эле учурда ырахаты бар.

– Кайсы роль үчүн кандай курмандыктарга бардыңыз эле?

– Ошондой курмандыкка баргым келет, кызыктуу образ жараткым келет. Бизде даярдыгына көп убакыт бөлүнгөн тасмалар тартылса сонун болмок. Менин портфолиомдо Сүйүн Откеевдин “Кыялкэштер” тасмасында Зумрат деген каарман бар. Бул ролдо өзгөчөлөнгүм келип, чачымды афро стилинде өрдүрүүнү режиссёрго сунуштасам, ал да идеяны жактырды. Ошондой жасаткам. Аны менен тасма тартылып бүткөнчө жүргөм. Андан татаалыраак нерселерди жасай элекмин, бирок эксперименттерге ачыкмын.

– Мен алгач сизди “Чак түштө түшкөн чагылган” сериалынан көрүптүрмүн. Андагы аткарганыңыз да жаккан...

– Ушул образ өзүмө да жагат. Анткени каарманымдын мүнөзү, кыялы кайсы бир деңгээлде мага жакын. Беттегенинен кайтпаган, өзүнүн чындыгы үчүн күрөшкөн, тайманбаган, тартипти жакшы көргөн кыз.

– Ырчылык да өнөрүңүз бар экен. Кайсы бир күнү ырчылыкты негизги планга койгон учур болушу мүмкүнбү?

– Кичине кезимде аябай ырдагым келчү. Апам музыкант, драматург. Комуз менен бизге ырдап берер эле. Атам да жакшы ырдайт, обон созуп ырдаса таң калып угасың. Кичинемде ушул кишилерден таасирленип ырдагым келчү. Ырдап чыгам деп айта албайм. Ар бир нерсени кесипкөй адамдар жасашы керек. Балким, тасма тартып калсам саундтрегин жазып калам.

– Ырларды көркөм окуп баракчаңызга жүктөп жүрөсүз. Уят жөнүндө окуган ырыңыз көңүлүмдү бурду. Өзүңүз да уят деп жашагандардансызбы?

– Уят тууралуу ыр өзгөчө жакын болду мага. Уят деген сөздүн аркасына жашынып алып көптөгөн туура эмес иштерди жасайбыз, куру намыска алдырабыз деген тариздеги ыр эмеспи. Мен деле уят деген сөздүн туткунуна кабылып калам көп учурда. Бирок бул ырда сөздүн бир эле тарабы ачылган. Бир четинен бул сөздүн үй-бүлө институтун түптөөдө, баланы тарбиялоодо, коомдогу нарк-насилди сактоодо өтө чоң таасири бар.

– Комментарийлерди окусам сизди “чыныгы жашоодо боюн көтөргөн, текебер кыз” деп жазышыптыр...

– Мурда ушундай сын-пикирлер айтылып калчу. Акыркы учурда андай комментарий байкай элекмин. Тескерисинче, “жаркылдак, күлүп жүргөн кызсың” деп жазышат. Ар кимге ар кандай көрүнөт окшойм. Кээде бой көтөргөндөй да көрүнүшүм мүмкүн. Анткени ар кандай учур, ар кандай маанай болот.

– Өзүңүз менен сыймыктанган учур кайсы?

– Мен өзүмө өтө сын көз караш менен караган адаммын. Сыймыктанып сүйүнө турган учур болуп жатса да “ушуну мындан да жакшы кылсам болмок, дагы аракет кылсам болмок” деп өзүмдү жемелей берем.

– Күз сизге кандай таасир калтырып жатат. Жеке жашооңузда өзгөрүүлөр барбы?

– Мен күз мезгилин көп жактыра берчү эмесмин. Быйыл ушунчалык күздү жакшы көрүп жатам, сүйүп жатам. Күз мага башкача коюнун ачты, мен да күзгө ачыла алдым. Чыгармачылык жаатта жакшы окуялар болууда. Быйыл романтикалуу күз болуп жатпайбы, жакшы идеялар келип жатат. Ал эми жеке жашоодо баары өз нугу менен.

– Демек, жүрөгүңүздү багындырган адам бар?

– Азырынча жок. Жеке жашоо боюнча айткандан бир аз ийменем. Анткени сиздер масса көргөн булаксыздар. Тууган-тушкан, ата-энем көрөт. Жүрөгүмдү бул багындырды же багындыра албай калды деген сыяктуу сөздөрдү айткандан тартынам. Буюрса, жакшылыктын эрте-кечи жок деп коёт. Баары убакыт-сааты менен болот.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан