Турат Жумаев, төкмө акын: «ЖУБАЙЫМА 2 ЖЫЛ КИТЕП ТАШЫДЫМ»

Үй-бүлө очогун жылуу кармап туруу жубайлардын милдети. Үй-бүлөдөгү балдардын бактысы, ден соолугу, билими, эртеңки ийгилиги үчүн кам көрүү – бул да алардын жоопкерчилиги. 10 жылдан бери бирге түтүн булатып, 5 баланы тарбиялап келе жаткан, бири-бирине “сиз” деп кайрылган жубайлар – төкмө акын Турат Жумаев жана анын жан шериги Гүлбү Адилбек кызы менен маектештик.

– Турат мырза, алгач жубайыңыз менен таанышып алалы.

Турат Жумаев: – Рахмат. Жубайым Нарындын Ак-Талаасынан болот. Кесиби мугалим, биолог-химик. Баш кошкондон кийин 2 жылдай мугалим болуп иштеди. Азыр биздин үйдүн бала бакчасынын кожоюну (күлүп). Экөөбүз 5 уулду тарбиялап жатабыз.

– Сонун. Экөөңүздөр качан, кантип таанышып, табышып калдыңыздар?

Т.Ж.: – 2012-жылы агенттен таанышканбыз. Анда студент болчумун. Агенттен 2-3 ай сүйлөшүп, жолугушуп, жылдызыбыз келишип, 5-6 айдан кийин баш коштук.

– Гүлбү, Турат мырза кайсы сапаты менен жүрөгүңүздү жибитип алды?

Гүлбү Адилбек кызы: – Бул киши ошондо эле башкача адамдай сезилген. Жаңы таанышканда эле “сиз” деп кайрылды, мен башында сен деп жазып жаткам, кантип “сиз” деп калганымды өзүм да байкабай калдым (күлүп). Башкача ой жүгүртчү, чечкиндүү болчу. Анан китепти аябай көп окучу. Ушул кишинин арты менен мен да китепке кызыктым.

– Турат, сизчи, Гүлбүнүн кайсы сапаттарына арбалдыңыз?

Т.Ж.: – Биз таанышканда айылдан жаңы келген кыз эле. Таптаза аруулугун көрдүм. Апасынан башка эч ким өппөгөн, жаман ойлонуп көрө элек кези болчу. Жумшактыгы, башы оор деп коёт го, бир мүнөз, ошол сапаттарын жактыргам.

– 10 жыл деле аз убакыт эмес. Кандай сыноо, кыйынчылыктарды жеңип өттүңүздөр?

Т.Ж.: – Негизи үй-бүлө толук кандуу жолго түшүш үчүн аз дегенде 5 жылдан 10 жылга чейин убакыт керек экен. Биз баш кошкондон кийин 2 идиш, 2 төшөк менен Бишкекке келдик да. 1 жыл студент болуп, андан кийин айылга барып мугалим болуп иштедик. Анан окуюн деп Искусство университетине тапшырдым, окубасам айылда кетмен-күрөк менен эле калып калчудаймын. Ошентип мен Бишкекке келдим. Ошол маалда келинчегимдин колдоосу жакшы болду, 2 бала менен айылда калды короо-жайды карап. Мен бул жакта бир жыл бойдоктордой эле окуп жүрдүм.

Каржы жагынан кризистер көп эле болду, башында мен да студент, бул да студент. 3-4 балалуу болгон кезде жатаканадан чыгыш керек болуп, батирден батирге көчүп жашадык. Бир жолу батир таап, ээси менен келишип, акчасын берип, көчүп келип жүктөрдү түшүрүп жатсак эле тиги эжени Кудай урса болобу?! Балдарды көргөндө “бербейм, кет” деди, анан уруша кеттик. “Балдарың көп экен” деген сөзү намысыма тийди. Азыр ошол эжеге рахмат айтам. Ошондо намыстанып жер тилке сатып алып, жаз келери менен үй салып кирип алдык.

– Үй иштерине кол кабыш кыласызбы?

Т.Ж.: – Ооба. Кимибизге ылайыгы келсе жасай беребиз иштерди. Антпесем беш бала, баары уулдар, оңой эмес. Эртең менен бала бакчага, мектепке жеткирип, түштө, кечинде тосуп алыш керек дегендей. Баланын кийим-кечеси, тамак-ашы деген бар, мунун баары күнүгө бир үй конок тоскондой эле.


– Балдарды тарбиялоодо кимиңиздердин таасириңиздер көбүрөөк?

Г.А.: – Эркек балдар болгондуктан атасынын орду чоң. Атасы балдарын катуураак кармайт, мен жумшакмын. Бир нерсени жасаарда “атаңардан сурайлы” деп турам. Атасы менен өздөрү келишип алышат. Улуу балам бир нерсе алгысы келсе атасына айтат. Жылдын башында сүйлөшүшкөн, “5” алган сайын 50 сомдон берип турам, эгер “2-3” алып калсаң кайра 100 сомдон алам” деп. Анан бала өзү эле жан талашып окуп баштайт экен. Азыр ноутбук алам деп аракет кылып жүрөт.

– Жогоруда каржылык кризис дедиңиз. Ал эми мамиледе кризис болдубу?

Т.Ж.: – Андай да болду. Баш кошуп, 2-3 жыл өткөндө экөөбүздүн ортобузда сүйлөшүү маселе жаратып калды. Мен жактырбай баштадым. 18-19 жашында үйлөндүк, аялзаты үйдө бала менен отуруп артта калып кетет экен да. А биз эмне, элдин арасында жүрөсүң, көргөнүң башка, талабың башка боло баштайт. Сүйлөгөнү, кылык-жоругу жакпай баштады, муну байкап калдым. Анан жубайыма 2 жыл китеп ташыдым. Ошентип сөздөрү өзгөрүп, жашоо кызыктуу боло баштады кайра. Экөөбүз окуган китептерибизди азыркыга чейин талкуулайбыз. Мамиледеги гармонияны сактап калуу эркектердин милдети болуш керек. Ошол кезде “Өзүңдү өнүктүр” деген сабактарга капысынан барып калдым, жалгыз өнүгүү мүмкүн эмес, өзүң өнүгүш үчүн биринчи үй-бүлөңдү өнүктүр. Анан чөйрөңдү өнүктүр дейт. Азыр баары жакшы, бири-бирибиздин тилибизди түшүнбөй калган учурлар дээрлик жок.

– Эл арасында “аял эркектен бир тепкич ылдый турушу керек” деген түшүнүк бар. Көп учурда үй-бүлөдө эркектин кыял-максаттары биринчи орунга чыгат. Сиздерде кандай?

Т.Ж.: – Бизде деле ошондой, үйдөгү майда-чүйдө менен башымды оорутпашым керек деп ойлойм. Мен болушунча инвестиция тартып беришим керек. Аялзаты алсыз, назик жан, аял-эркек эриш-аркак жашашы зарыл. Эр иш – эрдин иши, аялдын иши кыргызда “аркак” деп айтылат экен. Аялга эркектин ишин жасатпа, эркекке аркак-бел бол деген сөз.

– Гүлбү, жолдошуңуз сиздин кыялдарыңыз тууралуу сурайбы?

Г.А.: – Сурайт. Буюрса, балдарым чоңоюп жатышат. Кийинки жылдан тарта мектепке кирем, мугалимдигимди өнүктүрөм деп жатам. Албетте, мунумду колдоду, “эмнени каалап жатасыз?” деп сурап турат.

– Турат мырза чыгармачыл адам. Чыгармачыл адам жакшы чыгарма жаратыш үчүн бирөөлөрдү сүйүп туруш керек дешет. Сиз муну кандай кабыл аласыз?

Г.А.: – Туура эле кабыл алам (күлүп). Ыр жазыш үчүн деп айтылат эми, негизи андай боло элек да. Чыгармачылык үчүн ал нерсе туура эле болуш керек.

– Кызганасызбы?

Г.А.: – Негизи кызганам, бирок кызгантпайт деле.

– Эмнесине жиниңиз келет?

Г.А.: – Аябай ажыкыс, тамашакөй, артыңдан ээрчип алып тамашалайт.

– Кандай учурда сүйүүңүз оргуштап кетет?

Г.А.: – Өтө камкор, балдарына да, мага дагы. Бизге абдан жакшы көңүл бурат. Мисалы, көпчүлүк эркектер жумуштан үйгө келип эле тамак сурайт болуш керек. А биздин атабыз “канча китеп окудуңар? Сиз өзүңүзгө убакыт бөлдүңүзбү?” деп сурайт биринчи.

– Турат, жубайыңыз таарынганда таарынычын кантип жазасыз?

Т.Ж.: – Таарынганда бат алданат.

Г.А.: – Артымдан калбай бирдемелерди айтып жатып күлдүрөт.

– Экөөңөр чогуу жасаганды жактырган иш?

Т.Ж.: – Тойдон келгенден кийин түнкү 12де тынч отуруп чай ичкен жагат, сүйлөшүп 3-4кө чейин отурабыз.

– Бактылуу болуңуздар!

Акыркы жолу...

...качан уруштуңар?

Г.А.: – Урушуп көрө элекпиз.

...качан эс алууга бардыңар?

Г.А.: – Мурдагы күнү Ысык-Көлгө тойго барып келдик. Жакшы эс алуу болду.

...качан белек берди?

Г.А.: – Бир ай болуп калды, башымдагы жоолуктарды алып берген.

...көп акча короттуңар?

Т.Ж.: – Коротуп жатабыз азыр деле. Үйдүн ары жак, бери жагын бүтүрүп алалы деп эле чуркап жүрөбүз.

...качан бири-бириңерге жакшы сөз айттыңар?

Т.Ж.: – Мактангандай болбоюн, бирок күндө эле айтышабыз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан