Талантуу актёр Жеңиш Кангелдиев маек төрүбүздө. Бул ирет жашоосундагы аялзаты тууралуу кеп кылып отурду. Энеси, эже-карындашы, жубайы жана кызы тууралуу кызыктуу маек курду.
“Апам быйыл 92 жашында каза болду”
– Апам быйыл жазында 92 жашка чыгып каза болду. Энелүү киши аябай бактылуу. Ата-энең бар болсо канча жашка келсең деле өзүңдү бала сезет экенсиң. Атам 30 жыл мурда эле каза болгон. Кудайга шүгүр, энем жакшы жашады. Бирок 100-200 жашка чыгып каза болсо дагы баласы үчүн энени жоготуу өтө оор экен, эненин ордун эч ким толтура албайт. Ошондо апамдын өмүр бою бизди бакканы, дайым бизди ойлоп кабатырланганы, ооруп калсак уккан-билгенин кылып дарылаганы көз алдыма келди. Кичине чагымда мектепте окуп жүргөндө бронхитим бар болчу. Апам бирөөдөн угуп келиптир, денемдин баарына бал шыбап, клеёнка менен ороп жаткырып койгон эле. Ошону эстедим. Эненин мээримин сөз менен айтып кереги жок го дейм, аны эч нерсеге салыштыра албайсың. Мен 1970-жылы Ысык-Көлдө Ак-Суу районунда Ичке-Жергез айылында төрөлгөм. Мен төрөлгөндөн 1 жумадан кийинби, бир айдан кийинби катуу жер титирептир. Биз жашап жаткан үйдө кыштан жасалган меш бар экен, ал урап кетип, шыптын шыбактары түшүп жатканда энем мени көкүрөгү менен басып коргоп турган экен. Эненин жүрөгү ушундай да, өзүн ойлобой, баласын сактап калам деп ойлонот.
Менин мүнөзүм апамдыкына окшошуп кетет. Мугалим болгондуктан апам да мага окшоп көп сүйлөчү (күлүп). Апам өмүр бою кыргыз тили, адабиятынан мугалим болуп иштеди.
Дайыма дептер текшерип отурчу, түнү менен текшерчү. Начар окугандардын жат жазууларын мага берип койчу. Мен да текшеришчүмүн.
Азыр жашоомдо бир окуя болгондо энемди эстеп, энем жанымда болсо башкача болмок деп калам. Энеден артык жакын адам болбойт экен. Энелерди көзү барында сыйлап алышыбыз керек.
“Эжем да чыгармачыл адам”
Бир тууган эжем да чыгармачыл адам. Ал С.А. Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайын бүткөн. Кийин ал да педагог болуп көп жыл иштеди.
Эжем менден 12 жашка улуу. Андыктан аны менен теңтуш болуп урушуп-талашкан жокпуз. Кичине кезимде нанга май сүйкөп берчи дегенди “нанга токоч сүйкөп берчи” деп айтчу экенмин.
Короодо ойноп жатып курсагың ачканда үйгө чуркап келип, нанга май сүйкөтүп жеп кетчү эмес белек. Мен чуркап келип “нанга токоч сыйпап берчи” десем эжем дайыма нанга май сүйкөп берчү. Бир күнү эле эки кесим нанды үстү үстүнө коюп берип койду. Түшүнбөй карап калсам, “нанга токоч сыйпап берчи дебедиңби” деп күлүп коёт. Ошондон кийин туура эмес айтып жүргөнүмдү билип калгам.
Ал кезде азыркыдай компьютер, телефон жок да. Бир учурда стол хоккейи оюну популярдуу болду биз жакта. Кошуна баланын стол хоккейи бар болчу. Эжеме “ошондой сатып келип берчи” деп какшайм. Бир күнү алып келет экен деп күтүп отурсам, эжем колунда эч нерсе жок эле кирип келди, унутуп калыптыр. Анан күңкүлдөп таарындым. Жини келип мени түрттү эле, көмкөрөмдөн жатып калдым. Таарынып жүрсөм, эртеси күнү көтөрүп келиптир.
Улууну угушубуз керек да. Карындашым экөөбүз тең эжем менен кеңешип турабыз, айтканын угабыз. Улуу болгондуктан камкордугун көрсөтүп турат.
Карындашым менден 4 жашка кичүү. Аны менен чогуу ойноп чогуу чоңоюп калдык. Хоккейди экөөбүз ойночубуз. Жанымды кашайтып жеңип кетчү көбүнчө. Кандай оюн болбосун утуп алчу, аябай ичим күйөт десең (күлүп). Кудайга шүгүр, бир туугандарым бар, мамилебиз жакшы, сыйлашып, бири-бирибиздин абалыбызды сурашып турабыз. Кудай ушул бир боорлорумду аман кылсын.
“Жубайлар бара-бара бири-бирине окшошуп, окшош ойлонуп калышат экен”
– Жубайым Дамира менен театр аркылуу таанышкам. Мен театрда иштеп калганда Дамира театрдын алдындагы училищеге тапшырып окуп калды. Өз адамыңды кагазга жазып алып дал ушул адам деп издебейт экенсиң да. Сезимдер кантип пайда болгонун билбей калат экенсиң. Алгачкы жолу көргөндө эле таасирленгем. Кийин жакын болуп кеттик. Үйлөнүү сунушун киргизсем, “коё туралы” деди. Кыздар ачык макул дешпейт экен. Бир күнү Аскат Сулайманов, Назым Мендебаиров болуп чогулуп Дамираны алып кеткенбиз, түз айтканда, ала качып кеткенбиз. Ошентип баш кошуп калдык. Кудайга шүгүр, канча жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатабыз, бир кыздуу болдук. Экөөбүздүн тең чыгармачылыкта жүргөнүбүз ыңгайлуу, бири-бирибизди түшүнөбүз, колдойбуз. Дамира да кесиби боюнча актриса. Азыр театрда режиссёрдун жардамчысы, труппа башчысы болуп иштейт.
Үйлөнгөндө сүйүү, ысык мамиле болот экен. Кийин андай жок болуп калат деген сөз эмес бул. Ээрчишип жүрүп бара-бара бир туугандай болуп, табитиң дагы, ойлонгонуң да окшош болуп калат экен. Мен бир нерсени айтайын деп жатсам, менден биринчи ошону Дамира айтып салат. Мындан ары да окшошуп бактылуу жашай берели деп тиленем.
“Кызым таланттуу, аны менен сыймыктанам”
– Кызыбыз Бегимай көптөн күткөн кыз. Аны 10 жылдай күттүк. Билип калдыңыздар, Бегимай театрда, тасмаларда роль жаратып жүрөт. Жаш болгонуна карабай чоң ийгиликтерди жаратты. Мектепке бара элек жатып Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына арналган фестивалда “Кылым карытар бир күн” спектаклинде Эрмектин ролун ойноп, “Эң мыкты дебют” наамын албадыбы. Кинолорго да чакырышат. Ал жактан жакшы пикирлер айтылып жатат. Бул эле эмес, кызым жакшы да окуйт, бизге караганда көп нерсе билет. Азыр окуйм деген адамга мүмкүнчүлүк көп экен. Учурда 7-класс. Чоңоюп, үй жумуштарын, тамак жасап калды. Бегимай тың, ички маданияты да бар кыз. Актриса болом деп жүрөт. Колунан келип жатса, өзүнө жагып жатса, биз колдоо гана көрсөтөбүз. Келечеги кең болсун деп эле тиленип отурабыз.
Перизат Музуратбекова