Атактуу актриса, 23 жашында Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти наамын алган талант Алиман Жанкорозованын кызы Майрамкүл Калыгулова менен бааралаштык. Актриса кандай эне болгон? Анын уул-кыздары учурда эмне менен алектенишет? Ушул сыяктуу суроолорго маектен жооп таба аласыз.
“Артист болом деп 16 жашында борборго келген”
– Таятам Жанкороз колунда бар, тың, туугандарына кайрымдуу, калыс адам болуптур. Илим-билимдин заманы келе жатат деп уулу менен кошо апамдын да билим алышына жан үрөптүр. Апам “кичине чагымда менде кыздарга тиешелүү уяңдык, кысылып-кымтынуу деген жок эле. Эркек балдардай тектек да, элпек да элем. Атамдын күлүгү боло турган. Ошону суутуп жарышка салганда мени чаптырып жүрдү. Тон кийип алып түндө жылкы кайтарган учурларым болду” деп эскерип калчу.
Таятам комузчу, санжырачы болгондуктан, үйгө өнөрпоздор көп келишчү экен. “Саякбай Каралаев, Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов менен мамилеси жакшы болгон. Айрыкча Саякбай ата үйгө көп келчү. Анын манас айтканы, айрыкча “Каныкейдин тайторуну чапканы” көңүлүмө уюп калыптыр. Мендеги чыгармачылык шыктын ойгонушуна ошол өнөр адамдары таасир эткен” деп да айтып калчу.
Апам 16 жашында артист болом деп азыркы Бишкекке келет. Анын үнүн, дикциясын жактырып калышып радиого иштөөгө чакырышат. Ошентип апам Кыргыз радиосунун 1-диктору болуп калат. 1 жылдан кийин апамды театрга чакырышып, ошондон тарта апамдын өмүрү театрга байланат.
“Согушка кеткен биринчи жолдошун 22 жыл күтүптүр”
– Ал кезде кыздарды турмушка эрте беришчү да. Апам кеч турмуш курат, биринчи жолдошу Шаршеге баш кошкондо 25 жашта экен. Жолдошу аскерге, андан ары согушка кетет. Апам колундагы баласы менен, кош бойлуу абалында калат. Күйөөсү башында бат-баттан кат жазып жүрүп, кийин сейрек жаза баштайт да, акыры токтойт. Ал киши согушта дайынсыз жоголот. Апам андан үмүт үзбөй 22 жыл күтөт. Жолдошун издетип Москвага чейин кат жазат, бирок жыйынтык чыкпайт.
“Атам апамдан 13 жаш кичүү болчу”
– 1956-жылы атам Рыскулбек Мүсүркулов Ташкенттеги театралдык институтту бүтүп келип, Караколдогу театрда апам менен чогуу иштеп калат. Атам апамдан 13 жаш кичүү экенине карабай апамдын тазалыгын, талантын, ачык-айрым мүнөзүн баалап, сүйүп калат. Анан баш кошууну сунуштаганда апам мурунку кайнатасына барып батасын сурайт. Кайнатасы батасын берип, экөө баш кошушат. Ошол кезде апамды көрө албагандар “жаш баланын башын айлантып тийип алды. Партиялык чогулушка салып, булардын көздөрүн ачыш керек” дешет. Апамдын “мен партияда жокмун” дегенине карабай экөөнү чогулушка салышып, ал жерде ар кандай сөздөр айтыла баштайт. Ошондо атам “үй-бүлөм менин жеке ишим. Мен кемпир аламбы, жаш кызды аламбы, өзүм билем” деп апамды колунан жетелеп чыгып кетет.
“Тун баласы оорудан каза болду”
– Апамдын биринчи турмушунан Адис, Конис деген агаларым бар эле. Тун уулу Адис кичинесинен оорукчан болуп, кийин күндөрдүн биринде катуу ооруйт. Ошондо апам бирөөлөрдөн “төөнүн өркөчү айыктырат” дегенди угуп, аны таап келип бышырат. Аны Ысык-Көлгө алпаратып жолдо тамактанууга токтогон учурда уурдатып жиберет. Ошондо апам абдан кейип, ыйлаган. Анткени баласын айыктырам деген акыркы үмүтү эле. Ал агам 1970-жылы каза болуп калды. 2 баласы бар эле, үчүнчүсү жубайынын курсагында калган. Апам өмүрү өткүчө ошол неберелерине ай сайын акча салып, каттап турду.
“Апам силердин ар бириңер үчүн жүрөгүмдө өз-өзүнчө орун бар” деп айтчу”
– Бир жолу “Кыргызфильмге” мамлекеттен Волга унаасы бөлүнөт. Ошондо Чыңгыз Айтматов апама “муну алганга сиз гана татыктуусуз, алыңыз” дейт. Апам унааны акчага сатып алат. Бир күнү апам “ушуну Конис байкеңерге берели, ал ата мээримин көрбөй калды” деди. Баарыбыз макул болуп, унааны агама бердик. Кийин ал агамдын да көзү өтүп кетти.
Мен 1-майда төрөлгөнүм үчүн атымды Майрамкүл коюшуптур. Гастролго чыкканда мени да алып алчу, автобустун ичинде оюнчуктарым салынган сандык дайыма жүрчү. Жыл сайын 1-майда апам гастролдо жүрөбү, үйдө болобу, жалгыз кызым деп кой союп, туулган күнүмдү белгилечүбүз. Апам менен кошо жүрүп, ал тартылган “Уркуя”, “Жамийла”, “Бакайдын жайыты”, “Көк серек” тасмаларында, андан тышкары айрым спектаклдерде да эпизоддук ролдорду ойноп калдым.
Менин да актриса болгум келчү. Москвага актёрлуктун окуусуна жөнөөргө жакын кылмышкерлер ал жакта окуган бир кыздын башын кесип кетишип, аны уккан апам коркуп, мени жибербей койгон. Ошентип мугалим болуп калгам. Инимдин аты Темирбек, фотограф болуп иштейт.
“Түшүмдө” деген ыр элдики эмес, апамдыкы”
– Апам ыр жазчу, көп ырлары бар. 1943-жылы биринчи жолдошуна арнап “Түшүмдө” деген ыр жазган. Анын:
Түндөгү гана менин түшүмдө,
Түйүнүн гана эркем түшүнсө.
Түңүлбө гана менден жаш көңүл,
И койчу, түбөлүк үчүн түзүлсө,- деген саптары бар эмеспи. Ушул ырын композитор Жумамүдүн Шералиевге обон чыгарууга бергенин көргөм. Агай өзү даярдаган ыр жыйнакта “Түшүмдөнүн” сөзү “элдики” деп жазылып калат. Катачылыктан уламбы же башка себеби барбы, белгисиз. Кийин автордун көзү өтүп кетип, апам автордук укугун коргоого жетишпей калды.
“Апам 37 тасмага тартылган”
– Апама Жараткан келишимдүү келбет, өң-түстү, бир көргөн адамды тартып алган жылдыздуулукту, чечкиндүүлүктү, назиктикти, энелик мээримди, шамдагайлыкты бериптир. Таланты менен “Кыргыз кереметин” жаратуучулардын бири боло алды. Эне темасы апамдын чыгармачылыгындагы башкы тема болгон. Апам тасмаларда өң-келбети, баскан-турганы, сүйлөгөнү, дүйнө таанымы аркылуу кыргыздын ак маңдай аялзатынын образын ачып бере алды деп ойлойм. Ошондуктан “Кыргызфильмдин” жамааты апамды “Умай эне” дешсе, күйөрмандары “Театр сахнасынын жылдызы” атка кондурушкан. Кыргыз эненин жүзүн дүйнө апам аркылуу тааныды десек болот. Театрда 160тан ашык, 37 тасмада образ жаратты. Апамдын экинчи өмүрү тасмаларда уланууда. Айтылуу кинорежиссёр Төлөмүш Океев кыздуу болгондо кызына апамдын урматына “Алима” деп ысым ыйгарган.
Апам тыкан аял эле, үйдө баары өз ордунда, таза турушун талап кылчу. Чындыкты акырын, бирок чучукка жеткире айтчу. Үнү да жакшы эле, ырдап калчу. Кошокту жакшы кошкондуктан чыгармачыл белгилүү адамдар көз жумса апамды чакырышып, кошок коштурушчу.
Канымжан Усупбекова