ТАНГОНУ СҮЙГӨН АРГЕНТИНА

Аргентина дүйнөгө танго бийинин жана дүйнөлүк деңгээлдеги атактуу футболчулардын мекени катары белгилүү. Кеттик, ушул өлкөгө саякаттап келели.

Борбору Буэнос-Айрес

Аянты – 2 780 400 чарчы чакырым

Калкынын саны 46 миллион 403 миң

Расмий тили – испан тили

Акча бирдиги – аргентина песосу (ARS) (1 аргентина песосу 0,26 сомго барабар)

Дини – католицизм

Аргентина өзүнчө эле калейдоскоп

Аргентина сөзү – латынчадан “күмүш” дегенди билдирет. Аргентинанын тургундары негизинен ак терилүү жана европалыктарга окшош. Өлкөдөгү этникалык көпчүлүктү креолдор түзөт, алар – Аргентинанын жерлерин колониялаштырган биринчи испандардын урпактары. Аргентина Республикасы – туруктуу экономикалык өсүштү жана калк үчүн ыңгайлуу социалдык шарттарды көрсөткөн Латын Американын эң ири өлкөлөрүнүн бири.

Түштүк Американы испандар колониялаштырган мезгилде Аргентина континенттеги эң артта калган өлкөлөрдүн бири болгон. Буга баалуу кендердин, алтындын жоктугу себеп эле. 19-кылымда мамлекеттин табигый байлыгы – анын түшүмдүү жерлери ачыкка чыкканда бул кырдаал түп-тамырынан өзгөргөн. Бүгүнкү күндө Аргентинада 46 миллиондон ашык адам жашайт жана өлкө калктын саны боюнча Түштүк Америкада Бразилия жана Колумбиядан кийин 3-орунда турат.

Аргентина өзүнчө эле калейдоскоп өлкө, ал абдан ар түрдүү, жаркыраган, кооз жана кызыктуу. Бул ар түрдүүлүк өлкөнүн уникалдуу жайгашуусуна жана ландшафтынын көп түрдүүлүгүнө: кереметтүү тоолор, субтропикалык токойлор, жаркыраган шаркыратмалар жана чөлдөр, материктин жана аралдардын океандык жээги менен байланыштуу.

Аргентинаны күмүш өлкө деп да аташат. Ал эми борбору Буэнос-Айрес шаарын дагы бир Париж дешет. Түштүк Американын түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан өлкө чыгышынан Атлантика океаны, түштүгүнөн Дрейк кысыгы менен чектешет. Ага ошондой эле Тьерра-дель-Фуэго (Оттуу аймак) аралынын чыгыш бөлүгү жана ага жакын жайгашкан Эстадос аралдары карайт. Түштүк-чыгыш жээгин Атлантика океаны жууп турат, Чили менен чек арасын бойлой Түштүк Американын эң бийик чокусу Аконкагуа (6960 метр) менен Анд тоо кыркалары өтөт. Католик гана өлкөнүн президенти боло алат

Аргентиналыктар испанча сүйлөшөт, бирок бир аз акцент менен. Буга коңшу Бразилияда сүйлөнгөн португал тили таасир эткен. Мындан сырткары немис, француз, итальян тилдери колдонулат. Калкынын көбү католиктер. Диндин таасири атүгүл конституциялык деңгээлде да бекитилген, ага ылайык, католик гана өлкөнүн президенти боло алат. Мамлекет башчысы – президент, ал 4 жылга шайланат.

Уран рудасынын запасы боюнча алдыңкы ондукта

Аргентинанын транспорттук инфраструктурасы жакшы өнүккөн. Аргентинада аймактардын алыстыгынан улам негизги транспорттук каражат – учак. Өлкөнүн дээрлик бардык шаарларында аэропорт бар. Темир жол тармагы Түштүк Америкадагы эң узун жол болсо да, начар өнүккөн.

Рельефтин ар түрдүүлүгүнөн жана геологиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүнөн улам Аргентина өнөр жайын өнүктүрүү үчүн бай минералдык-ресурстук базага ээ. Бирок Латын Америкасынын башка өлкөлөрүндөй бул жерде дүйнөлүк масштабдагы кендер дээрлик жок. Өлкө уран, марганец, жез рудалары, бериллий запастары менен айырмаланып турат. Аргентина уран рудасынын запасы боюнча дүйнөдөгү алдыңкы он өлкөнүн катарына кирет. Отун-энергетикалык ресурстардын ичинен жаратылыш газы жана мунай эң негизгиси. Өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизи биринчи кезекте Аргентинанын бай жер ресурстары болгон.

Буэнос-Айрес – шамалдын шаары

Аргентина үч климаттык зонада жайгашкан: тропикалык, субтропикалык жана мелүүн. Бул жакта жай декабрдан февралга чейин, кыш июнь айынан августка чейин созулат.

Аргентинанын борбору 1536-жылы испан конкистадору Педро де Мендоса тарабынан негизделген. Анын аты "жакшы шамал" деп которулат. Чынында ушундай, шаарда дайыма шамал согуп турат, бирок дээрлик эч кандай үшүк болбойт. Борбордо көптөгөн кызыктуу жерлер бар – байыркы соборлор, музейлер жана башка тарыхый имараттар. Заманбап искусствонун арасында 2002-жылы түзүлгөн, бийиктиги 34 метр болгон болоттон жасалган Floralis Generica гигант гүлү таң калтырат. Ал күн сайын эртең менен желекчелерин ачып, күн батканда кошо жабылат. Көчө жарманкелерин уюштуруу Аргентинада, айрыкча анын борбору Буэнос-Айресте абдан кеңири жайылган.

Футбол – сүйүктүү спорт түрү

Аргентиналыктар футболду абдан жакшы көрүшөрү белгилүү. Маанилүү мелдештер учурунда мектеп окуучулары беттештерден калбашы үчүн аларга кошумча эс алуу да берилет. Бул өлкөдөн дүйнөгө атагы чыккан эки футболчуну сиз да жакшы билсеңиз керек – Диего Марадона жана Лионель Месси. Ошондой эле өлкөнүн курама командасы эл аралык мелдештерде дайыма жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келет.

Гаучо маданияты кайдан жаралган?

Гаучо – 16-17-кылымдарда испандардын жергиликтүү индей аялдары (тупи, гуарани, мапуче уруулары) менен баш кошуусунан пайда болгон. Гаучо жашоо образы европалык колонизациянын алгачкы мезгилинде, гаучо тентип, жарым көчмөн турмушта, мал чарбачылыгы менен алектенген кезде эң кеңири таралган. 19-кылымдын аягында, 20-кылымдын башында массалык европалык иммиграциянын башталышы менен салттуу гаучо жашоо образы экинчи планга өтүп кеткен. Бирок ат менен гитара ажырагыс болгон гаучонун романтикалык образы Аргентинанын жазуучуларын, композиторлорун жана сүрөтчүлөрүн шыктандырып келет. Бүгүнкү күндө гаучо маданияты ыр менен бийде, чабандардын жана малчылардын күндөлүк турмушунда жашап жатат.

Аргентина – тангонун мекени

Бул жалындуу бий дал ушул жерден жаралган. Эки жүз жыл мурун бул бий өтө уятсыз деп эсептелген, анткени ошол мезгилдеги бийлерде өнөктөштөрдүн ортосундагы байланыш кол тийүү менен гана чектелген. Жубайлар тангону жабык жерлерде гана бийлешкен. 19-кылымдын аягында аргентиналык жаштар өздөрүнүн жалындуу бийин ачыкка чыгарып, жаңы дегээлге алып чыгышкан.

Аргентинанын түстүү карнавалы

Оригиналдуу костюмдарда түстүү көчө оюн-зооктору менен Бразилия гана мактана албайт. Жайкысын, январь-февраль айларында Гуалегуачу шаарында ар ишембиде жалтырак-жултурак жана канатчалар менен кооздолгон жаркыраган кийимдерди кийген моделдердин самбадром боюнча чыгуусун уюштурушат. Кээ бирлери өтө ачык кийимдерди кийишсе, кээ бири адаттан тыш самурайлар менен ниндзялардын кийимдерин кийишет.

Аргентина тууралуу кызыктар

Дүйнөдөгү эң кенен дарыя жайгашкан. Ал туурасы 48 чакырым болгон Рио-де-ла-Плата дарыясы.

Аргентинозавр – дүйнөдөгү эң чоң динозаврлардын бири. Анын сөөктөрү Неукен провинциясындагы Плаза Уинкуль шаарынан табылган.

Дүйнөдөгү эң кең проспект ушул өлкөдө. Ал Буэнос-Айрес шаарынын чок ортосунда жайгашып, 16 кыймыл тилкесине бөлүнгөн, туурасы 110 метр.

Америкадагы эң бийик чоку – деңиз деңгээлинен 6960 метр бийиктиктеги Аконкагуа.

Дүйнөнүн 7 кереметинин бири ушул өлкөдө. 2011-жылы Игуасу шаркыратмасы дүйнөнүн 7 жаңы кереметинин бири деп аталган.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан