«КОТОРМОЧУ»

Белгилүү британиялык кинорежиссёр Гай Ричинин кезектеги тасмасы жарык көрдү – “Котормочу” деген. Бул тасма режиссёрдун карьерасындагы эң олуттуу эмгек дешет кино сынчылар. Анткени буга чейин Ричи гангстер, суперагент темасына көп көңүл бурар эле. Көрөрманды ойго салган “Котормочу” тасмасы согуш, анын адамдардын тагдырына тийгизген оор кесепеттери тууралуу баяндайт.

Тарткан өлкө: АКШ, Улуу Британия

Чыккан жылы: 2023-жыл

Жанры: боевик, триллер, драма

Режиссёру: Гай Ричи

Башкы ролдордо: Жейк Жилленхол, Дар Салим, Александр Людвиг, Энтони Старр, Жейсон Вонг, Эмили Бичем жана башкалар

Тасманын узактыгы: 2 саат 3 мүнөт

Бюджети: 55 миллион доллар

Топтогон каражаты: 21,5 миллион доллар

“Өзүң өлсөң да, шеригиңди таштаба!”

Тасма Ооганстанда кызмат өтөп жаткан Америка армиясынын сержанты Жон Кинли (актёр Жейк Жилленхол) жана анын жергиликтүү котормочусу Ахмед (актёр Дар Салим) жөнүндө. Мурунку котормочу каза болуп, отрядга жаңы кошулган Ахмедге алгач ишенбөөчүлүк менен карашат. Бирок кезектеги тапшырманы аткарууга чыкканда отряд талибандардын буктурмасына туш болуп, Жон Кинлини ажалдын оозунан дал ошол Ахмед сууруп чыгат. Америка аскерлери жайгашкан жерге жетиш үчүн экөө канчалаган кыйынчылыктан өтүшөт. Тагыраагы, бардык күч Ахмедге түшөт, анткени сержант Жон оор жаракат алган эле. Ахмед аны оңой эле жердештеринин колуна салып берип койгонго алы жетмек. Бирок ал адамгерчилиги күчтүү, аскер адамы болбосо да “өзүң өлсөң да, шеригиңди таштаба” деген аскердик мыйзамды катуу карманган, негизгиси көп жылдык согуштан тажап, үй-бүлөсүн алып Америкага көчүп кетүү кыялы менен жашаган адам болчу.

Акыры аман-эсен штабга жеткирген Ахмедге Жон Кинли Америкага кетүүгө жардам берем деп сөз берип мекенине кайтат. Бирок посттравматикалык стресс абалына түшкөн сержант дарыланып жүрүп көп убакыт өтүп кетет. Өзүнө келип Ахмедден кабар алганда ага дагы деле качкын статусу берилбегенин, виза ачылбаганын, Америка армиясы аны коргоп калбаганын билет. Анан да талибандар котормочуга жана анын үй-бүлөсүнө “аңчылык” кылып жүрүшкөнүн укканда Жон Кинли кайрадан Ооганстанга куткаруучу катары жөнөйт. Экөө кайрадан чогулуп өмүр үчүн бирге күрөшөт. Жон Кинли аларды тозоктун отунан алып чыгып кете алабы, Ахмеддин кыялы орундалабы, аны тасмадан көрө аласыз, окурман.

Согушта жеңүүчү болбойт

Тасманы көргөндөн кийин согуш эч кимге пайда алып келбей турганына дагы бир жолу ынанасың. “Котормочуда” режиссёр басымды эки баш каарманга койгон. Аларды касташкан эки мамлекеттин жараны эмес, жөнөкөй гана адамдар катары алып карасаңыз, согуш адамдардын тагдырына канчалык терс таасирин тийгизип жатканын көрөсүз. Кырылган аскерлердин артында жоктогон жакындары калды, тирүү калган майыптар тирүүнүн өлүгүнө айланышты, психикалык жаракат менен жашагандар канча... Тасманын өзгөчөлүгү – мамлекет жөнөкөй адамдарды согушта куурчак катары колдонот, максатына жеткенден кийин куурчактардын кийинки тагдыры менен баш оорутпайт дегенинде. Ал эми Жон менен Ахмед адамгерчилик, ар-намыс, үй-бүлө жана башка баалуулуктарды жогору койгон үчүн бири-бирин аягына чейин колдоп берген адамдардын образында.

Эмне үчүн?

Режиссёрго “эмне үчүн Ооганстандагы согуш темасына кайрылдыңыз?” деген собол болгон. Гай Ричи: “Мен Ирактагы, Ооганстандагы согуш тууралуу көптөгөн даректүү тасмаларды көрдүм. Америкалык, британиялык жана башка мамлекеттерде иштеген режиссёрлордун көз карашын байкадым. Тасмалар ар башка, бирок баарын бириктирген согуштун адамдарга тийгизген оор таасири экен. Балким, ушул темада көбүрөөк тасма тартсак, согуш болушуна кызыкдар адамдардын акыл-эсине жетер деген үмүт болду. Анан да Ооган согушуна катышкан аскерлер, котормочулар менен көп маектештим. Алардын айтып бергендери мени тасма жаратууга таасирлентти”,- дейт.

Тасма тууралуу фактылар

Тасма тууралуу сүйлөшүүлөр 2021-жылы башталып, 2022-жылдын февралында тартуу иштери жанданган.

Режиссёру, продюсери – Гай Ричи, сценарийин болсо Гай Ричи Айван Эткинсон жана Марн Дэвис менен биргеликте жазган.

“Котормочу” Испаниянын Аликанте шаарында тартылган. Тартуучу топ алгач Ооганстанга барып, байкап келишкен. Ал жактан тарталы десе көптөгөн маселелер жаралгандыктан Испанияга токтолушкан. Аликанте аймагы Ооганстанга окшошуп кетет, муну режиссёр байкаган. Анткени Гай Ричи жаш кезинде Испанияда жашап калган эле. Тасманын акыркы сценалары Амадорио суу сактагычында тартылган.

Сержант Жон Кинлинин ролундагы америкалык актёр Жейк Жилленхол буга чейин да согуш темасындагы тасмаларга тартылып жүргөн (мисалы, “Морпех”). Андан сырткары боевик жанрында көрүнүктүү актёр. Гай Ричи Жейк Жилленхол менен иштешкиси келип жүргөнүн, “Котормочу” тасмасындагы сержанттын ролу актёрго туура келерин билип чакырганын айтат. Ал эми Ахмеддин ролун даниялык актёр Дар Салим аткарды. Актёр Иракта төрөлгөн. Андыктан согуш мыйзамдарын жакшы билет. Актёрдун көрүнүктүү ролдорун “Так талашуу оюну”, “Көпүрө”, “Өкмөт” жана башка сериал-тасмалардан көрө аласыз.

2021-жылы чыккан “Дат” тасмасын тартуу учурундагы трагедиядан кийин (туура эмес колдонулган куралдын натыйжасында бир аял каза болгон) Гай Ричи тартуу иштеринде бир дагы чыныгы курал-жарак болбошу керек деген эрежени карманат. “Котормочу” тасмасында көргөн курал-жарактар страйкбол оюнунда колдонулган пневматикалык же болбосо резина пистолет-автоматтар.

Тасма алгач “Котормочу” аталган. Бирок режиссёр аталышын “Келишим” кылып өзгөрткөн. Дүйнөлүк прокатта болсо “Котормочу” бойдон жүрөт.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан