“Суунун боюнда”, “Жубайыма” деген ырлары менен эл оозуна алынган ырчы, аткаруучу, аккордеончу Төлөгөн Мамыров балалыгында кандай эле? Балалыгы кайда, кантип өткөн? Алтын балалыкка сапар алалы.
«Онго чыккыча фортепиано, аккордеон, гитараны үйрөндүм»
– Балалыгым Оштун Ноокат районунда өттү. Эстесем, тамеки тергеним, музыкалык аспаптарга кызыгуум, ынтызарлыгым көз алдыма тартылат. Биз 9-класска чейин тамеки өстүрдүк. Таң атпай туруп талаага кетет элек, кайра келип саат 8ге мектепке барып калчубуз. 1-класста башында начар окудум, анан “Д” тамгасына келгенде атам урушуп жүрүп окутту. Ошол күн, алиппенин барагындагы баланын дан үйгөн сүрөтү, “Дуулат дан үйдү” деген сүйлөм бүгүнкүдөй эсимде. Атам “Ду” дейт, кайталап “Ду” дейм, “-лат” десе, аны кайталайм. “Ии, эми кошчу” десе эле эч нерсе жок (күлүп).
1 жашка чыга элек кезимде ата-энем ырдаса, обонун туурап калчу экенмин. Анан там-туң басып калганда фортепианого асылып, баскылай берчүсүң дешет. 4-класска келгенде мени музыкалык мектепке беришти, фортепиано классында окудум. Жашоом ошондо шаңга бөлөндү. Бир күнү картошка чаап жатканбыз, фортепианого аябай кызыгып турган кезим. Атам “мына бул эки жөөктү биз бирди чаап бүткүчө чаап чыксаң, 40 мүнөт гамма ойнойсуң” деди. Мага ушунчалык кызык болчу, эки жөөктү токтобой чаап, 40 мүнөт эс алып жыргагам. Атам ошол кезде менин кызыгуумду өзүнүн да, менин да пайдама туура колдонгон экен. Фортепиано, аккордеон, гитара, чопо чоорду 10 жашка чейин үйрөндүм. Эсимде, 4-классымда бир тойдо атам бир жакка кетиш керек болуп, мен атамдын ордуна, синтезатор деп коёбуз, Ямахада ойноп отургам. Ошондо апамдын ырдаган тонун, стилин билип ээн-эркин ойной алчумун.
«Мактагандан баштап химия сабагын жакшы окуп калдым»
– Мектепте жакшы окудум, кызыл менен бүттүм. Бул ата-энемдин таягынын, алдыма катуу милдеттерди койгонунун үзүрү. Химия сабагын аябай жаман көрчүмүн, түшүнчү деле эмесмин. Бир жолу сабакка чала-була даярданып, эптеп эки ооз сөз сүйлөдүм. Ошондо мугалим “азаматсың, мен сенден көптү күтөм” деп аябай мактап салды. Мугалимдин кыраакылыгын караңыз. Ошол күндөн тарта химияны жакшы окуй баштап, кийин районго чейин барып, олимпиадаларга катышып жүрдүм. Жактырган сабагым музыка сабагы эле, ошондо эле экинчи үндү алчумун. Чейректе менден сурабай эле баа коюп берчү. Дене тарбиядан дагы ушундай эле.
«Мактагандан баштап химия сабагын жакшы окуп калдым»
– Мектепте жакшы окудум, кызыл менен бүттүм. Бул ата-энемдин таягынын, алдыма катуу милдеттерди койгонунун үзүрү. Химия сабагын аябай жаман көрчүмүн, түшүнчү деле эмесмин. Бир жолу сабакка чала-була даярданып, эптеп эки ооз сөз сүйлөдүм. Ошондо мугалим “азаматсың, мен сенден көптү күтөм” деп аябай мактап салды. Мугалимдин кыраакылыгын караңыз. Ошол күндөн тарта химияны жакшы окуй баштап, кийин районго чейин барып, олимпиадаларга катышып жүрдүм. Жактырган сабагым музыка сабагы эле, ошондо эле экинчи үндү алчумун. Чейректе менден сурабай эле баа коюп берчү. Дене тарбиядан дагы ушундай эле.
«Агайдын сөзүн эки кылбай, спортту таштагам»
– Бала кезде шок болчумун. Шоктугумдан ата-энемден көп эле токмок жедим. Бир жолу мал кайтарып жүрүп уктап калып малдарды жоготконум эсимде. Кечке издеп, кечинде үйгө ыйлап келсем малдар үйгө келип калыптыр (күлүп). Азыр спорт десем күлөсүз, бирок бала кезде спорттун көп түрү менен машыкчумун. Азыркы кебетеме жарашпайт, бирок футболду жакшы ойноп, терме командада чабуулчу позициясында жүрдүм. Командада машыгуулар күчөгөндө футболдон качып калдым. Турникке да жакшы тартынып, ойночумун. 5-классымда балдардын арасында боюм эң кичинекей, бирок 11-класстар тартынган турникке барып секирип жетчүмүн. Эсимде, бир жолу чоң класстын балдарына трюк көрсөтөм деп башым менен түшүп, ээгим сынган.
Спортту таштап койгонума өкүнөм. 1-курска келгенде стол теннисин жакшы ойночумун, ыраматылык Ашым Молдокулов деген агайым буга каршылык кылган жок. Бул “көрүүңө, акыл-эсиңе жакшы” дечү. Бир жолу турниктен мактана калам деп трюк жасап жатканымды агайым көрүп калып катуу урушкан. Колумду ысык сууга салып, массаж кылып, анан “экинчи көрбөйүн, эгер музыка жаатында өсөм десең стол теннисин ойно, мейли, футбол ойно, башкасын токтот, жадакалса волейбол да болбойт сага” деди. Анткени турник сыяктуу спорт түрлөрү колубузду катырып коёт да. Агайдын сөзүн эки кылбай, ошондон кийин спортту таштадым. Мектепте бокс менен да машыкчумун. Баары калды, жадакалса, футбол, теннис да калды. Үйлөмө аспаптын жаман жери, машыгып жатып 40-50 мүнөттө эле курсагың ачат. Анан жейсиң. Кыймыл жок, отуруп ойнойсуң. Ошентип жүрүп толуп кеттим окшойт.
«Музыкант болбосом, куруучу болмокмун»
– Биз төрт бир тууганбыз, 3 уул, кенжетайыбыз карындашым. Улуусу менмин. Улуусу болгон үчүн мага көп жоопкерчилик жүктөлдү. Буга атам азыр деле басым жасайт. “Инилериңе тилиң өтө тургандай болсун, улуусу экениңди көрсөт, үлгү бол” деп турат. Кудайга шүгүр, бир туугандарым мени угат, бир сөзүмдү эки кылышпайт, ынтымакпыз.
Эгер музыкант болбосом, куруучу болмокмун. Атамдын куруучулук да өнөрү бар. Атам эмне кылса жанында жүрдүм, кыштын күнүндө үйдүн чатырын жапкан күндөрүбүз болду, бул эми шартка жараша. Мен азыр ошого сүйүнөм. Эгер барчылыкта чоңойсом, балким, азыркы жашоомду алып кете албай калмакмын. Студент кезде да куруучулук кылып акча тапчумун. Үч жыл мурда орозодо тойлор токтоп калды, үй-бүлө багышым керек, ошол кезде да куруучулук кылдым. Бул үчүн атама ыраазымын. Азыр Кудайга шүгүр, той-жакшылыктардан кол бошобойт, куруучулукка убакыт жок.
Гулийпа Маметосмон кызы