“Аят”, “Мурас” сыяктуу тасмалардан улам режиссёр, актёр катары элге тааныла баштаганда Кыргыз кино айдыңынан алыстап кеткен эле маектешим. Жакында жаңы эмгеги менен кайра тасма талаасына кайтты. Ортодо эмне үчүн тыныгуу болду? Бул арада эмне менен алектенди? Каарманыбыз Азамат Арыковдун өз оозунан угалы.
– Азамат мырза, көптөн бери маектеше элек экенбиз. Кандай жаңылыктарыңыз бар?
– Жаңылыгым “Ниет” деген тасма жарыкка чыкты. Тасма экранга чыгаар алдында, 1-ноябрда уулдуу болдум. Бул кинонун урматына Кудайдын белеги деп кабыл алдым. Кинону элди жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакыралы деген ак ниет менен тарттык. Анда коомдогу көйгөйлөр козголот. Тасманын жанры драма болгону менен, лирикалык комедия да камтылды. Экранга чыккандан бери бир дагы адам жаман пикир айткан жок. Керек болсо оперкызматкер тааныштарым дагы “биздин жүрөгүбүз катып калган, эч нерсеге ыйлабайбыз. Бирок ушул киноңду көрүп ыйладык” дешти. Эл азыр руханий тасмаларга суусап турган кез.
– Жалпы канча фильм тарттыңыз?
– “Аят-1-2-3”, “Мурас”, анан ушул “Ниет” тасмасы менен 4 толук метраждуу, “Жырткычтын изи менен”, “Жашоо керемет” деген 2 документалдык, 5-6 кыска метраждуу тасма тарттым. Документалдык фильмдердин экөө тең эл аралык фестивалдарда жакшы баага татып, бир топ сыйлыктарга ээ болду.
Ортодо көрүнбөй кеткенимдин себеби – изденүүдө жүрдүм. Мага деле аз акчага жеңил-желпи комедиялык кинолорду тартууга сунуштар түшкөн, мүмкүнчүлүктөр болгон. Бирок аны каалаган жокмун. Ал үчүн азыр сыймыктанам.
– “Аят” тасма тартуудагы биринчи эмгегиңиз да. Азыр ал кинонун тартылышы, сапаты боюнча кемчиликтери байкалабы?
– Ал учурда адис, киночу, кинематографист катары мага болгон ишеним аз болчу. Ошондуктан каражат табуу да кыйын эле. “Кыргызфильмдеги” агайлар, киночулардын деле көз карашы “бул эмнени билмек эле, бул дилетант да” деген көз карашта эле. Анча-мынчасы азыркыга чейин ошондой көз карашта, теңине албагандай. Бирок салыштыра келгенде ал тасма азыркыга чейин актуалдуулугун жогото элек, үзүндүлөрүн, фрагменттерин социалдык тармактарга чыгарышат. Ошого сыймыктанам, анан таң калам. Албетте, ал жерде мүчүлүштүктөр көп, анткени адистерди жалдай албайт элем, жалдасам да соодалашып аз акчага сүйлөшчүмүн. “Арзандын аты арыбайт, аты арыса өзү жарыбайт” деген сөз бар да. Баары бир мунун таасири тийген. Ошентсе да жаман дебейм, “Аят-2ни” 25 жашымда тарттым. Эл деле жакшы кабыл алат, көчөдөн мени Али деп таанышат.
– Тасмаларыңызда башкы ролдорду өзүңүз ойнойсуз. Бул эмнеден улам? Башка актёрлор сиз каалагандай ойноп бере албайбы?
– Сценарийди өзүм жазам да, а сценарий жан дүйнөдөн чыгат. Негизи, жанымдагы сценаристтер, долбоордо чогуу иштешкендер, пикирлеш адамдар менен кеңешем. Алар “өзүң ойно, сени эл көргүсү келет” дешет. Азыр эми “мени эл тааныса экен” деген нерседен өттүк. Көчөдөн таанып “сүрөткө түшүп алалы” дегенден ырахаттанбайм. Мурун тим эле сүйүнүп, ырахаттанчумун.
Мындай да, актёр, ага кошумча режиссёр болуу өтө чоң эмгекти, энергияны талап кылат. Мен тартылбай турган күндөрү аябай жыргап, режиссёрлукта берилип иштейм. А тартылып да, режиссёр да болгондо энергияң чачылып кетет. Кээ бири “жыргап эле өзүн-өзү тарта берет” деп ойлойт, бирок бул атайын кылынбайт. Негизи сценарийди майда-чүйдөсүнө чейин команда менен талкуулайбыз. Кинону жеке өзүңдүн оюң, өзүңдүн элестетүүң менен эле тартып салсаң, көп кемчилик кетип калат. Муну эмнеге айтып жатам? Байкайсызбы, “бандит” десе эле кара көз айнек тагынтып, капкара кийинтип эле, машинеден баарын окшош болуп түшүрө беришет. Бул элестетүү тээ Индия кинолорунан калып калган. “Бандиттер” деген биздей эле адам, биздей эле кийинет, керек болсо кызыл-тазыл кийинип алышат.
– Тема козголуп калды, сурай кетейин. Жакында кримтөбөл Камчы Көлбаев өлтүрүлүп, ал окуя коомдо чоң талкуу жаратты. Бул окуяга пикириңиз кандай?
– Эми мыйзамдуу өлкө болгондон кийин мыйзамга баш ийишибиз керек, мыйзам өкүм сүрүшү зарыл. Ал киши мен №47-түрмөгө кино коюп барганымда мени менен маңдай-тескей отуруп, тасмам жөнүндө жакшы пикирин айткан. Ал кишинин сүйлөгөнү биздин кээ бир аткаминерлерге караганда маданияттуу болчу. Эмнеге тагдыры андай болуп калды, эмне үчүн ошондой жолду тандап алды, билбейм. Эгер бул адам башка кесипти тандаганда деле ушундай деңгээлге чыкмак. Тагдыр экен, ушул чөйрөнү тандады. А мыйзамга каршы чыккан ким гана болбосун, кандай гана адам болбосун ал сөзсүз түрдө мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек.
– Тагдыр, тандоо деп жатасыз. Өзүңүз тагдырга наалып, тандоодон жаңылган учурлар болду беле?
– Бир ай медереседе окугандан кийин жүрөктү көп нерседен бошоттум. Жакшы адам болобузбу, жаман адам болобузбу, тандоо өзүбүздөн экен. Тандоого келгенде абайлашыбыз керек, көп адамдар маалыматтын жоктугунан тандоодон адашып калышат, көп ата-эне “балам эч нерседен кем болбосун” деп жан талашып, өмүрүн, ден соолугун арнап мээнет кылып баласын камсыз кылат. Бирок баары бир ырыскы Кудайдан келет, болгону ата-эне билим, тарбия бергенди колго алышы керек.
– Балдарыңызга кандай тарбия берип жатасыз?
– Беш балам бар. Балдарым сөгүнгөн сөздү укканда нес болушат. Көчөдөн кайырчыларды көргөндө боору ооруп, акча бергиси келип турушат. Анан ушул тагдыр, ырыскы маселеси тууралуу акырындан түшүндүрүп келем, “бирөөнүн акчасына, оокатына кызыкпа, уурдаба” деп. Эң негизгиси, балдарга өзүң үлгү болушуң керек, балаңа миң акыл-насаат айтып, бирок өзүң андай болбосоң балаң аткарбайт. Такыр. “Ата, өзүң деле ушинтип жатасың го” дешет.
– Алдыда кандай максат-тилектериңиз бар?
– Кандай гана чыгарма жаратпайлы, коомго пайда келтирүү. Анан, буюрса, “Аят-4тү” тартабыз.
– “Аят-5-6” болуп уланып кетпейби андан ары?
– Жок-жок, ушуну 4 менен токтойт. Андан ары “Ниет-2, Ниет-3” болуп кетет го дейм (күлүп). Анан басмачылар тууралуу да тасма тарталы деп жатабыз.
– Кандай максатта?
– Ошол “жер биздики, эл биздики. Башкалар келип биздин үстүбүздөн бийлик жүргүзбөшү керек, биздин идеологиябызды бузбашы зарыл” деп каршы чыккан ата-бабаларыбызды басмачы дешип, аларды аябай зордукчу, кылмышкер катары көрсөтүшкөн. Биз ошолорду акташыбыз керек, бул биздин милдет.
– Ийгилик!
Гулийпа Маметосмон кызы