Асылбек Өзүбековдун жубайы – Сүйүн Жунусова: «АСЫЛБЕКТИ КИМДЕР ГАНА СҮЙБӨГӨН...»

Жан шерик

Адам бойго жетип өзүнчө түтүн булаткан соң анын эң жакын адамы өмүрлүк жан шериги болуп калат. Жана дагы ал адамдын кулк-мүнөзүн, жан дүйнөсүн, ким экендигин түбөлүк жарынан артык эч ким билбейт.
Бүгүн бизде конокто делебени козгой таамай айтылган сөздөрдүн коштоосунда муңдуу ырларды элге жеткире аткарган Асылбек Өзүбековдун жубайы – Сүйүн айым.

– Сүйүн эже, билишимче, Асылбек байке экөөңүздөрдү балалык аруу сезим табыштырган...
– Туура айтасың, Асылбек экөө­бүздү эч булгана элек, акактай тунук балалык баёо сезим табыштырган. Экөөбүз классташпыз. Асылбек 4-классты бүткөндө борбордогу Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына кетип, 9-класста кайра кайтып келди. Ал кайра келгенинде да элес алган эмесмин. Анан арткы партага отуруп алып чачымды чоюп, бирде колумду кайрып жатып көңүлүмдү өзүнө бурдуруп алган. Кечкисин жолугушууга келет, сөзүбүз эч түгөнбөйт. Биздин сүйүүбүздү мугалимдер, кыскасы, Тору-Айгыр айылы бүтүн билди. Мектепти аяктаарыбыз менен баш кошуп алдык. Ошентип, мени өзү менен чогуу борборго алып келип, Жеңишгүл эженикинде туруп калдык.
Асылбек Ташкенттеги театралдык институтка окууга кетти. Каникулга тарагыча сагынып куса болуп кетем. Тамга илинген чоң календардагы даталарды күн сайын бирден чийип, Асылбектин келер күнүн күтөм. Келгенде берерге ашымды, айтарга сөзүмдү таппай аябай сүйүнөм.
– Ал учурда Асылбек байке жаш, жакшынакай дегендей... Ашык болгондор көп болсо керек...
– Болгон. Мен аны жаштыктын жаңы­лыш­тыгы деп түшүнөм. Жаш кезде кимдер гана жаңылбаган...
– Байкенин чыгармачылык десе жанын берген адам экенин билебиз. Мындай адамдарда үй-бүлө арткы планга жылып кетет эмеспи. Балдарды тарбиялоо, үй-жайды кароо жалгыз өзүңүзгө кыйын болгон жокпу?
– Биринчи планга чыгармачылыгын коюп келгенин элдин баары билет. Мен аны туура түшүнгөм. Ошондуктан карым-катнашты, балдарды тарбиялоону өзүм эле жайгарып келем. “Бул чыгармачылык менен жашашы керек, сүйүшү керек. Сүйбөсө жакшы ыр жаралбайт. Балдарга алагды кылбайын” деп жок-жетикти билгизбей жакшысын айтып, жаманын жашырып жашап келдим. Жумуштан кеч келип үйдө уктап жатканда балдарымдын бирөөсү ыйлап калса, “кокуй, Асылбек ойгонуп кетпесин” деп үнүн угузбай сыртка алып чыгып кетчүмүн.
– Балдарына кандай ата болду?
– Жаш кезинде өтө бала кыял эле, анын үстүнө эрте балалуу болдук, ошондон болсо керек, балдарын көп эркелеткен жок. Мезгилди токтотуу кыйын экен, ары-бери карагыча балдар да чоңойду. Анан аларга чоң кишидей мамиле кылууга өттү. Улуу кызыбыз Жыпар турмушка чыгып кеткенде көпкө чейин жаман болуп жүрдү. Кичүү кызыбыз Сезимди азыр укмуш жакшы көрөт.
– “Сизди жакшы билгендер “өзү менен чогуу иштеген актрисадан кызы бар” дешет, ошол чынбы?” деп суроо бергенибизде Асылбек байке “эл айта берет, мындай ушактардан жаралган балдарымды чогултсам бир автобус” деген эле. Балким, мындан сиздин дагы кабарыңыз бар?..
– “Калк айтса калп айтпайт” деп коюшат эмеспи. Бул суроого жооп берчү убак келер, ошондо кайрылабыз. Асылбекти кимдер гана сүйбөгөн...
– "Аян" тасмасына тартылып жатканында казак кызына ашык болгон" дешет...
– 1991-жылы Жамал эже башында туруп "Туңгуч" театры “Аян” деген тасманы тартарда, Казакстандан Маржан деген кызды чакырышты. Кинонун башында эле экөө бири-бирине катуу ашык болуп калышты. Фильм аягына чыгып, тигил кыз кайра кеткенинде сөзүн Жедигер Саалаевге жаздырып, “мен өрттөнүп барам, мен күйүп барам” деген саптары бар ырын жаратты. Ошол күндөрдөгү менин тоскоол болбогонум текке кеткен жок. Жыйынтыгында эл сүйүп уккан ыр жаралды.
– Көңүл деген назик, байкеден кө­ңүлүңүз калып, айымдарга тие­шелүү мүнөзгө таянып төркүн жакка жылып кеткен учурларыңыз болдубу?
– Менин бул жашоодогу эң негизги максатым – үйүмдүн очогун өчүрбөй сактап калуу. Апам азыр 85 жашка чыкса дагы "үй-бүлөм, балдарым" деп жашап келет. Баарыбызды “үй-бүлөңөрдү сыйлагыла, эч качан ажырашпагыла, балдарыңарды чачыратпай чогуу өстүргүлө. Барган жериңерди гүлдөткүлө” деп тарбиялаган. Апамдын ошол сөздөрү жүрөгүмдүн түпкүрүндө сакталуу. Ошондуктан өз кызыкчылыгымдан дагы үй-бүлөмдүкүн жогору койгондуктан, төркүнгө кетип калуу оюма да келген эмес. Асылбекке деген таза сүйүүм азыр балдарыма өтүп кетпедиби. Ал мурдагыдан да терең, мурдагыдан да бекем.
– Асылбек байкени тамашакөй, ачык-айрым деп билебиз. Негизи, чыныгы жүзү кандай?
– Асылбектин мүнөзүн менден жакшы билген, менден жакшы түшүнгөн, менден кыйын көтөргөн жан болбос. Көчөдө андан өткөн жакшы адам жоктой жүргөнү менен, үйдө аябай түнт. Анан өзүмдү “ырдап, күлүп, сүйлөп, тамашалашып чарчап келди да” деп сооротом.
– Үйдө кызганычтан улам чыр-чатак көп болсо керек...
– Кантип эле сүйгөн адамыңды кызганбай­сың? Жаш кезде андай учурлар болгон. Бирок жөнү жок жерден кызганган эмесмин. Бир нерсени көрүп, туюп туруп анан жан далбастачумун. Азыр болсо менде кызганыч дагы, күтүү дагы жок. 35 жыл күттүм, сүйдүм, анан чарчасам керек. Азыр мен Асылбектин эл арасында жакшы ырларды жаратып, сүймөнчүк болуп аман жүрүшүн гана тилейм.
– Жаш Өзүбеков менен чоң ата Өзүбековдун айырмасы эмнеде?
– Албетте, жалындап турган жаш кезине караганда азыр бир аз токтолду. Жаш кезинде “Асылбек элге уят болбосо экен, таланты такшала электе сынып калбаса экен” деп тынчсыздана берчү­мүн, азыр антпейм. Себеби мурункуга караганда акылы токтолуп, көп нерсени түшүнүп, неберелүү болуп “таята”, “чоң ата” деген сөздөрдү угуп, ак-караны ылгагыдай жашка келип калбадыбы.
– “Артист менен жашоо өтө кыйын” деген бул жашоонун аныктамасы бар...
– Бала күнүмдөн баштап “Асылбек” деген жашоо менен алпурушуп келатам. Ыйлап эскере турган да, күлүп кубана турган да күндөр болду. Ал күндөр жөнүндө болгонун болгондой бир китеп кылып чыгарсамбы деген пландарым бар. Анткени бул өмүр бизден өтүп кетет. Анан көз өткөндө кимдир бирөөлөрдүн турмушубузду чукуп, каалагандай калчап жазышын каалабайм.
35 жыл бирге жа­шап, балдардын жакшылыгын чогуу көрүп, куда, дос, тууган күтүп, алар менен катышып келе жатканыбыздын өзү эле Асылбектин мага берген баасы го деп ойлойм. Эгер мени сыйлабаса, барктай, баалай албаса, чогуу жашоонун деле кереги жок эле да.
Достордун арасында “Сүйүн эле билет, Сүйүндүн жүр деген жагына кете берем. Сүйүн эмне десе ошону аткарам. Мен жумуштун кишисимин” деп койсо сүйүнүп калам.
– Байке азыр чоң сүйүүгө кабылып, "кетем" десе эмне кыласыз?
Буга чейинки сүйүүлөрүнө тоскоол болбогон, эми кармамак белем. Кетем десе жолун тоспойм. Бул дүйнөгө бир жаралган соң сүйгөнүң менен ырахаттанып жашоого эмне жетсин?..
– Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Эки уул, эки кызыбыз бар. Улуу балабыз Сапар менен келинибиз Фарида эки кыздуу болушту. Фаридадай келинди берген Кудайыма ыраазымын. Кызыбыз Жыпар менен күйөө балабыз Союз дагы эки уулдун ата-энеси. Күйөө балабыз Асылбекке окшоп ачык-айрым, тамашакөй, бизди ата-апалап сыйлап турат. Аргенибиз студент, көкүрөк күчүгүбүз Сезим он жашта. Менин жашоодогу кол жеткис байлыгым бул – балдарым. Алар үчүн бардыгын жасоого даярмын. Балдарымды дагы өзүм сыяктуу көтөрүмдүү, чыдамдуу болууга тарбиялап келем.
– Балдарыңыздын ичинен атасынын жолун улап кете турганы барбы?
– Асылбек кабыргасы ката элек кезинен тарта сахнанын тузун-балын татып, баарына эрте бышпадыбы. Ошондон улам болсо керек, журналисттер ушундай суроо берсе эле “таланттуусу жок, сахна адамы болбойт” деп кыска жооп берип коёт. Баары кичинесинен искусствого аралашып өсүштү. Бирок Асылбек алардын чыгармачыл чөйрөгө аралашышын каалаган жок. А өзүнө “кайрадан төрөлүп калсаңыз ким болмоксуз?” деген суроо берилсе, “кайра эле ушул жолумду тандамакмын” дейт.
– Маегиңизге рахмат, эже. Бул менин акыркы суроом болсун. “Асылбек Өзүбеков ким?” дегенге сиздин аныктамаңыз...
– Асылбек – өзгөчө жаралган ар тараптуу талант. Обончу, аткаруучу, актёр, алпаруучу, ырга жан киргизген адам. Күйөөм, балдарымдын атасы экенине караганда, талантына өзгөчө баа берем. Мындай таланттар көп эмес. Азыркыга чейин үнү жаш кездегидей, ичинде катылып жаткан байлыгы дагы 100 жылга жеткидей.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
operaledi
2011-02-04 19:39:55
Байкенин кыздары озунун эле кочурмосу экен.
0
lider-kg
2011-02-05 04:06:09
Чыгармачыл адамдар непонятный болушат
0
FIANIT
2011-02-06 09:54:55
Суйун эжедей айымдар бул жашоодо чанда гана кездешсе керек.
Мен да сиздей которумдуу, туруктуу, уй-булоо очогун бийик койгон, жолдошумдун асыл, кымбат жары болгум келет, бирок сиздин жолдошунуз канча таланттуу адам болсо да андай адамга жолукпай эле койсом деп тилейт элем.
+1
sulusha
2011-02-06 23:02:46
yrlary jagat magajan ergitet go jon ele..........
0
cosmopolit
2011-02-07 02:32:41
"супер инфо" акыркы убакта орфографиялык каталарды коп кетирчу болдунар...тартарда деп(тартаарда)тажикстан, озбекстан(тажикистан,озбекистан)деп жазылат болуш керек... бул эсимде калган создор....албетте кечирим сурап кетмекчимин....
0
ХАНЗАДА
2011-02-07 09:07:55
cosmopolit, орфографияны озун туура билбеген сон сен экообуз "тууралабай" эле койбойлубу. Озбекистан, Тажикистан деп бул олколор оздору да жазбайт.
0
Nazulya
2011-02-07 13:29:11
Аябай кыйын эже экен! Менин жолдошум Асылбек байкедей болбой эле койсо экен. Негизи эркектер жаман эле болушат экен.
+2
aminali
2011-02-11 02:59:33
Ayabai akilduu jan eken,men da uwul ejedei bolgum kelet,ui buloonu saktaw kerek erkeke iwenip otura berbei.
0
mikinookat
2011-02-11 17:18:24
Эркектин баары бир гор
+2
elkaelka
2011-02-19 23:25:39
okup jatyp men mamamdy estep kettim.mamam da dal ushul ejedei,papamdyn kemchilikterin azyrkyga cheyin kotorup kelet.eger menin kuioom ushundai kylyktardy kylsa chydabait bolchumun(eto lichno moe mnenie).
0
baby
2011-02-20 21:30:38
куйоондун ушунча нерсесин котором деп аягындаа карасан озун тугонуп калган болосун, бул нерсе(кызганыч)адам нервин мите курттай жейт! Айымдар биринчи озунорду аягыла,сабырдуулук менен уй булоону сактайлы!
+1
Asitay
2011-05-07 17:52:22
Суйун эже, баракелде сизге! Керек болсо ушул Жер шары ушундай кишилердин ийнинде турат... Бирок, эженин ар бир созундо купуя мун, арман бар экени сезилип турат.
+1
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан