ААЛЫМДАР КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫН СОГУШАМ ДЕП ПАЛЕСТИНАГА БАРБООГО ЧАКЫРДЫ

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши 6-ноябрда Израиль-Палестина согушу боюнча билдирүү жасап, анда Израилдин Палестинанын карапайым элине жасаган согуштук кыргынын кылмыш деп атады.

– Бул кайгы бир гана палестиналыктардын эмес, бүт дүйнөдөгү мусулмандардын кайгысы болууда. Болуп жаткан согуштун ырайымсыздыгын дүйнө эли айыптап, тезирээк токтотууну талап кылууда. Палестинага жарыяланган согушка байланыштуу социалдык тармактарда ар кандай чакырыктар айтылып жатат. Аларды аалымдар иликтеп чыгып, жыйынтыгында мусулман бир туугандарга жардамыбыз руханий жана материалдык болушу керек деген бүтүмгө келдик. Ошондуктан эмоцияга алдырып, жеке же кандайдыр бир топторго кошулуп жихад деген ниетте Палестинага баруу шариат эрежелерине сыйбайт,- деп айтылат билдирүүдө.

Израиль-Палестина согушу 1 айдан бери уланып келе жатат. БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Израиль армиясынын чабуулунан улам Палестинанын Газа тилкесинде адамдар жашына турган коопсуз жер калган жок деп жарыялады. Ошол эле учурда Хамас кыймылы карапайым калкты тирүү калкан катары пайдаланып жатканын айтты Башкы катчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан