КЫШ КЕЛЕ ЭЛЕКТЕ БИШКЕКТИ ЫШ БАСТЫ

Бишкек кайрадан абасы абдан кир 10 өлкөнүн бири деп табылды. World Air Quality’нин рейтингинде Кыргызстандын борбору абанын сапаты боюнча дүйнөдөгү ири шаарлардын ичинен 10-орунга жайгашты. Абанын сапатынын индекси 118 (AQI) – “сезимтал топтор үчүн ден соолукка зыяндуу”.

Тизменин сап башында Индиянын борбор калаасы Дели шаары, экинчиге Пакистандын Лахор шаары жайгашты. Алдынкы ондукта Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаары да бар (тизмеде 7-орунда).

Кыш мезгили келе электеги бул көрсөткүчкө караганда быйыл дагы Бишкек ыштын астында калат сыягы. Ыш маселеси жыл сайын кышында негизги көйгөйлөрдүн бирине айланат. Ыштын себепкери деп шаар четиндеги конуштарда көмүрдүн көп жагылышы, автоунаадан чыккан түтүн жана Бишкек ЖЭБинен чыккан түтүн деп айтылып келет. Быйыл Бишкекке жылуулук берүү 31-октябрда башталды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан