КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНЫН ДАГЫ 17 ЧАКЫРЫМЫ ТАКТАЛДЫ

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 17,98 чакырымы макулдашылды. Расмий маалыматка таянсак, 1-8-ноябрь күндөрү Тажикстандын Согди облусунда эки өлкөнүн чек араны тактоо комиссиясынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында жогоруда аталган узундуктагы тилке боюнча тил табышуу болгон. Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтүп, чек аранын калганын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрмөкчү.

Өткөн айда Кыргыз-Тажик чек арасынын адегенде 43,32, андан кийин 14 чакырымы такталганы айтылган. Ага чейин эки мамлекеттин УКМК жетекчилери жолугуп, анын жыйынтыгында “чек ара талашына жакында биртоло чекит коюлары күтүлүүдө” деген маалымат таратылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 664 чакырымы такталган, калганы аз-аздан такталып жатат. Талаштуу жерлердин кимге, кантип өткөнү жатканы тууралуу азырынча ачык жарыялана элек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан