(Башы өткөн санда)
Ортодон эки жыл көз ачып-жумганча өтүп кетти. Канат менен Шооланын эгиз козудай ээрчишип жүргөнүнө баары көнүп калышты. Ата-энелери, достору, ал тургай мугалимдер да аларды көргөндө бактылуу жылмайып алышар эле. Анткени Жараткан бул экөөнү чындап эле бири-бири үчүн жаратып койгондой жарашып турушчу. Экөөнүн тең жүрөктөрүндө кенедей кири жок, бүт ааламды сүйө тургандай кең пейилдик бар эле. Шоола мурун көпчүлүктөн четтеп, тартынуу ээлеп турган мүнөзү Канаттын жанында ачылды. Азыр андан ачык, андан шайыр, андан мээримдүү кыз жок. Мектепти бүтчү убакка аз калган. Ар ким өз ойлору менен алышып, келечектерин көз алдына элестетип жатышты.
– Канат, сен кайсы окууга тапшырасың?- деп достору сурап калышты.
– Спорт, спорт жана да спорт,- деп тамашалай жооп берди Канат.
– Туура, сен эмитен эле таанымал мушкерсиң. Мен да сурап коём. Сен деген жылдызсың да.
Канат спорттон башка жактан чын эле өзүн элестете алчу эмес. Акыркы жылдары машыктыруучусу да “сенин келечегиң алдыда” деп көп айтып жүрөт. Ал эми Шоола таптакыр башка жакты самап жүргөн. Биринчи жолу Шоола экөөнүн талаш-тартышы ушундан чыкты.
– Сен эмне дагы деле мушташып жүрө берейин деп жатасыңбы?
– Ооба, мунун эмнеси жаман?
– Мени бага аласыңбы анан?
– Ия?- Канат таң кала берди.
– Сен канчадан бери айтып келе жатасың го. Биз эрте эле үйлөнөбүз деп. Анан биздин келечегибизди ойлонуш керек да. Спорт менен кайсы чекке чейин бармак элең? Биз үйлөнө турган болсок кайда жашайбыз? Эмне кылабыз?
– Эй, коё турчу. Азыр биз жапжашпыз го. Эмне дароо эле үйлөнүп алмак белек. Жок дегенде 20 жашка чыкканда үйлөнөбүз да. Ага чейин ойлонобуз.
– Азыр ойлонушубуз керек.
Шоола чыныгы аялдык логикага таянып жатты. Мурунку жумада эле апасы экөөнүн ортосунда ушул тууралуу сөз болуп, Канат ага мектепти бүткөндөн кийин эле үйлөнөрүн айтканынын бир четин чыгарган эле. Апасы болсо “кантип жашайсыңар, али жашсыңар” деген таризде бир нерселерди айткан. Бирок Шоола көшөрүп койгон болчу. Азыр ошол суроону берип тургандагысы. Канат болсо “үйлөнөбүз” дегени менен, турмуш тууралуу ойлоно элек болчу. Башын тырмап туруп калды.
– Эмне, сен сөзүңө турбайсыңбы?- деди Шоола каректерин жарк эткизип.
– Турам, албетте. Мен бирок ойлонбоптурмун.
– Мени атам Америкага окууга барасың деп жатат. А мен сенин жаныңда калам деп болбой койдум. А сен али биз тууралуу ойлонбой жүрөсүң...- кыз тултуңдап ары бурулду. Канат эмне кыларын билбей аркасынан басты.
– Шоола, биз муну ойлонуп туруп чечели, ээ? Сен мага капа болбочу. Мен сөзсүз ойлоном. Мага ишен, бир нерсе кылып сени бакканга кудуретим жетет.
Канатты безилдеткен кандай жакшы. Шооланын жүрөгү балкып кетти. Өмүр бою ушул жигит аныкы болорун ойлогондо жыргап алды. Көзү жадырап турса да, мурчуңдай берди. Канат ага болмок беле, чуркап жетип жепжеңил көтөрүп алды.
– Түшүр мени, жинди бала...
– Мени сүйөрүңдү айтмайынча түшүрбөйм.
Шоола кыткылыктай берди. Канат аны жерге түшүргөндө моюнуна асыла көздөрүнө карады.
– Антип карабачы,- деди Канат тайсалдай.
– Мени эч качан таштаба, Канат! Суранам...
– Ал эмне деген сөз? Мен сенсиз кантип жашамак элем?
– Бизди эч ким, эч нерсе ажыратпасын, ээ? Биз бактылуу болобуз. Ушуну айтып мага сөз бер!
– Сөз берем! Тирүү жүргөнүмдө Канаттын жүрөгү Шооланыкы. Андан башкача болушу мүмкүн эмес!
– Шооланын жүрөгү толугу менен Канаттыкы!
Кийин бул сөздөр эчен ирет экөөнүн тең жанын кашайтарын булар азыр билген жок.
ххх
Жанат өз ойлору менен алпурушуп бара жатты. Азыр анын бою мурункудан өсүп, келишимдүү жигиттерден болуп калган эле. Көз айнеги менен дайыма колтуктан түшпөгөн ноутбугу анын көп окуй турганын билдиргендей, кадимки “ботаник” балдардын образын түзүп турчу. Жанат ойлуу, токтоо, бирок ички өзөгү бекем жигиттерден болду. Сыртынан Канатка караганда алсыз көрүнгөнү менен, өжөрлүгү андан ашып кетчү. Анын ичиндеги күчтү эч ким байкачу эмес.
– Жанат!- аркасынан кыйкырып келе жаткан Канатты байкабаган экен, так жанына келгенде байкады.
– Эмне кыйкырсам үн катпайсың?
– Наушник бар болчу да кулакта...
Канаттын күлмүңдөгөн көздөрүн көрүп бир нерсе болгонун түшүндү.
– Дагы эмне кылышымды суранганы жатасың?
– Менин ордума тестке кирип бер.
– Эмне-е?
– Онлайн экен, чет өлкөдөгү бир окуу жай имиш. Шоола менин ошол окууга тапшырышымды каалап жатат. Өтүп кетсем экөөбүз чогуу окуйбуз.
– Мээң жайындабы? Сен спортту таштай турган болуп калдыңбы? Машыгуулар эмне болот? Жыргал агай сага уруксат бербейт.
– Шоола да суранып жатат. Балким, өтпөй калам. Макул, сага сырды айтайын, бирок апама же атама оозуңдан чыкпасын. Мектепти бүтөрүм менен мен... Ой, биз Шоола экөөбүз үйлөнгөнү жатабыз.
– Куттуктайм. Анын эмнеси сыр? Менимче, баары эле билишет.
– Эмнени?
– Силердин үйлөнө турганыңарды...
– Кызыксың го, мен өзүм бүгүн билдим. Кантип башкалар билишет?
– Ой, он мүнөткө бири-бириңден бөлүнө албайсыңар го. Силердикиндей сүйүү азыркы заманда жок да. Анан үйлөнбөй кайда бармак элеңер.
Жанат адатынча токтоо жооп берди, Канаттын жүрөгү кабынан ыргып кете жаздап жатканын байкап турду.
– Сен менин ордума тестке кирип берчи, Жанат. Сенин мээңдей мээ жок да. Генийсиң!
– Жок, андай болбойт. Текшеришкенде билинип калат.
– Башкалар сен экөөбүздү тамчы суудай окшошсуңар деп жатышат го. Эч ким байкабайт. Кепка кийип аласың. Кээде мени Жанат деп, сени Канат деп чакырып калышат го достор деле.
Канат канча безеленсе да болбой Жанат баш чайкай берди. Мунун принциби ушундай. Такыр калп айта албайт. Экөө ушул теманы кызуу талкуулай үйгө келе жатышты. Жусуп машине менен келе жаткан, уулдарын акырын байкап келе берди. Мына, эр жетип да калышты. Курттай жеген оору менен бир өмүр кечирди. Канат менен Жанат бири-бирине куюп койгондой окшош эле. Бирок ушунчалык эки башка да болчу. Өң келбеттери жагынан экөө тең апасынын көчүрмөсү. Оо, бир кезде Жусуптун аялы бир айыл элди тамшандырган сулуу болчу. Канча жигиттин жүрөгүн уурдаган кыз эле. Жусуп ага мектептеги кезинен ашык болду. Азыркыга чейин ашык. “Менин аялым болсо эле жүрөгүн багындырам, кайда бармак эле” деген ой менен ата-энесинин кадыр-баркын колдонуп жатып үйлөнгөн. Бирок андан бери эчендеген жылдар өттү, аялынын жүрөгүнөн орун таба албады. Алгач жүрөгүн өзү ачат деди, кийин зордоп болсо да ачтырам деди. Мунусу да, тигиниси да болбоду.
Келинчегин зордоп көшөгөгө алып кирип, боздотуп нике кыйдырганы, сүйбөй турганын билип турса да мажбурлап өзүнө аял кылган күнү бүгүнкүдөй эсинде. Ал кезде Канат апасынын курсагында бир айлык болуп калган эле. Жусуп анын өзүнүн уулу эмес экенин билсе да тойду токтотуп коё албады. Ошол кезде “эл эмне дейт?” деген сокур намысы үчүнбү, же кызды катуу сүйгөнү үчүнбү, эч кимге билдирген эмес. Ал үчүн азыркыга чейин өзүн ичтен жеп келет...
(Уландысы кийинки санда)