БЕРИЛ ПОЗАМ

Түрк актрисасы Берил Позам менен маектешкен адамдар аны шайыр, боорукер, зирек адам деп мүнөздөшөт. Мектепте театрлаштырылган сценкаларга катышканда эле “актриса болом” деп келечектеги кесибин тандап койгон Берил айымдын максаты ишке ашты. Ал азыр Түркияга эле эмес, түрк киносун сүйгөн бир катар мамлекеттерге таанымал.

Туулган жери: Түркия, Стамбул

Туулган жылы: 1995-жыл, 1-январь

Жылдыз белгиси: текечер

Бою: 170 сантиметр

Кесиби: актриса

Үй-бүлөлүк абалы: актёр Арда Корай Өзмен менен кыз-жигит мамилесинде

Тартылган белгилүү сериал-тасмалары: “Көрсөтүлгөн сүйүү”, “Чаян”, “Аралдагы жомок”, “Ата”, “Зимородок”, “Ах, Белинда” жана башка

Балалыгы

“Негизи бала бакчадан баштап эле сахнага чыгып, элдин кол чабуусуна, колдоосуна ээ болгон жагат эле. Мектепте деле активдүү болдум, мен катышпаган иш-чара жок болчу. Бир жолу Стамбул шаарындагы мектептер аралык театрлаштырылган спектаклдердин сынагы болмой болду. Биздикилер Тургут Өзакмандын “Дубалдардын артында” аттуу спектаклин койдук. Бул спектакль келечек кесибимди бекемдеген окуя десем жаңылышпайм”.

Берил Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Бактылуу балалыкта, ата-энесинин мээримине бөлөнүп чоңойду. Актрисалыкка токтолгонго чейин бир күнү мугалим болом деп, эртеси кайра Стамбулга келген чет элдик эс алуучуларга шаарды тааныштырган гидге айланат эле, кийинки күнү полиция кызматкери болуп кылмышкерлерди кармагысы келчү. Ата-энеси искусствону сүйгөн адамдар, кызын жетелеп театрга көп барышты. Ошондон улам да Берил болочогун театр менен байлады окшойт.

Театр

“Мен кыялдангандай чү дегенде эле актриса болуп кеткен жокмун. Бир топ убакыт сахна артындагы кызматтарда иштедим: аны алып кел, тигил жакка кой деген жардамчы, режиссёрдун ассистенти, спектаклдердин котормочусу жана башка майда-чүйдө иштер. Бирок бул жумуштардын баары театрды жакындан тааныганга, түшүнгөнгө жардам берди”.

Мектептен кийинки билимди Анкара шаарындагы окуу жайлардан алды. Алгач колледжде, андан кийин Билкент университетинде музыка жана аткаруу ошондой эле театр факультеттеринде окуган. Басымды бир гана театрга жасабаган кыз англис, немис, испан тилдерин да мыкты өздөштүрдү. Тил билгени жумушунда жардам берип, көптөгөн спектаклдердин котормочусу аталган. Акырындап отуруп актрисалык карьерасын баштаган Берилдин театрда көптөгөн көрүнүктүү ролдору бар. Тагыраагы, кино талаасына караганда театрда жараткан образдары арбын.

Кино

“Сценарийди кызыктуу китеп сыяктуу окуйм. Ии, эми эмне болот деп кайгырып алам. Жаңы сериясы чыга элек сериалдардын уландысы эмне болот деп жакындарым сураса, керекпи апама да айтпай сыр тутам. Азыр “Зимородок” сериалы популярдуу болуп жатпайбы. Каарманым Сунанын тагдырына бир чети боорум ооруйт, жашоодо бир да кыздын башына Сунанын тагдыры түшпөсүн дейм. Экинчи жагынан анын күчтүүлүгүнө баа берем. Өзү үчүн, үй-бүлөсү үчүн жакшы күндөрдөн үмүт үзбөй, адамдарга болгон боорукерлигин жоготпой келет. Алдыда анын мүнөзү өзгөрөбү, дагы кандай сыноолор, окуялар күтүп жатканы мага да кызык”.

Кино дебюту 2016-жылы эле башталган. Бирок көпчүлүккө тааныткан ролу 2019-жылы чыккан “Көрсөтүлгөн сүйүү” сериалында болду. Берил тартылган тасмалардын арасынан “Ата” сериалы дүйнөлүк деңгээлге чыга алган. Анан, албетте, чуу жараткан “Зимородок” сериалы чыкты, учурда долбоордун 2-сезону көрсөтүлүп жатат. Берил Позамдын каарманы Суна дагы бактысы үчүн күрөшүүдө. Жылдан жылга киного тартылуу сунушу көбөйгөн Берил Позам ушул эле жылы чыккан “Ах, Белинда” тасмасына тартылды. Башкы ролдо Неслихан Атагүл болгону менен, Берилдин каарманынын ролу да көзгө көрүнөрлүк образдардан.

Сүйүү деген эмне?

“Сүйүү деген – ишеним, байлануу, жакшы маанай, кумар. Мамиледе өзүмдү бардык аспекттен коопсуз сезишим керек. Ал адам менен каалаган темада сүйлөшө алышым керек, экөөбүздүн тамашаларыбыз бир толкунда болсо, чексиз ишеним, камкордук. Эгер ушулардын бири эле аксаса, өзүмдү ыңгайсыз сезип баштайм. Демек, ал адам менен мамилем көпкө узабайт”.

28 жаштагы сулуунун айланасында көп эле мырзалар айланчыктап жүрөт. Бир нече атактуу мырзалар менен мамиле түзгөнү да белгилүү. Учурда болсо кесипеши Арда Корай Өзмен менен сүйүү мамилесинде. “Берилдин жигити” статусунда жүргөн актёрду “Жүрөктүн кагышы”, “Фатих”, “Менин атым Гүлтепе” сериалдарынан көрө аласыз.

Жана да...

Берил Позам – вегетарианка. Дүкөндөгү жарым фабрикат азыктардан качат. Ашканада өзү кожойке болуп, жаңы рецепттерди ойлоп тапканды жактырат.

Спорт – жашоосундагы маанилүү бөлүктөрдүн бири. Күнүгө тамакка көңүл бөлгөндөй эле спортко да убакыт бөлүш керек. Спорт адамдын өзүн таануусуна чоң салым кошот деп эсептейт. Йога, сууда сүзүү, фитнес, теннис жана башка спорт түрлөрүнө кызыккан сулуунун келбети көз суктанарлык.

Классикалык музыка, бий, театр, живопись, архитектура... Берил Позамдын бул кызыгууларын карап туруп канчалык искусствого берилген адам экенин байкаса болот.

Психология, социология илимдерине да кызыгат. Бир учурда бул жаатта билим алам деп университетке тапшырганга аракет кылган. Бирок театр, кино багытындагы жумушу убактысын чектеп койгон.

“Апам мага “адамдар кандай учур болбосун бири-бирине жардам бериши керек. Бул адам деген аттын эң биринчи баалуулугу” деп үйрөткөн”,- деген принципти карманган актриса кайрымдуулук иштерин көп кылат.

Деңиз, музыка жана мышыгы. Берилден канткенде жан дүйнөң эс алат деп сурашканда ушул үч нерсени атаган.

Кандай адамдар жакпайт? Жоопкерчиликсиз, жумушуна, айланасындагы адамдарга кайдыгерлик менен мамиле жасаган адамдардан алыс болгусу келет.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан