КӨЗ ЖАШТЫН КУСУРУ

Ал бутуна жабышып алып ыйлап жаткан уулуна эч нерсе дей албады. Кийимдерин чогултуп жатты. Төрт жаштагы наристе ата-энесинин эмне маселеси бар экенин кайдан билсин, сезгени коркунуч эле. Анын сүйүктүү атакеси кайдадыр кеткени жатат.

– Атаке, кетпечи, суранам! Мен бала бакчага ыйлабай барам, кийимимди кирдетпей ойнойм. Тамакты да жакшы жейм. Оюнчуктарымды чачпайм. Болгону, сен кетпе. Атаке, мен да сени менен кетем.

Боздоп, көз жашын көлдөтүп ыйлап жаткан бала бул үйдүн трагедиясын сыртка чыгарып жатты. Муну үйдөгү үч чоң адам карап турушту. Баарынан босогодо баарын тиштене карап турган 13 жаштагы Эмилге оор эле. Эгерде азыр кичинекей иниси Амандын сөзүнө муюп, атасы жыйнап жаткан кийимдерин ыргытып жиберип, уулун кучактап “мен кетпейм, балам” деп отуруп калса, анда Эмил атасын өмүрүндө эч кимди жакшы көрбөгөндөй жакшы көрмөк. Дароо жүрөгү жумшарып, атакесинин моюнунан кучактап элдешкенге даяр эле. Балким, ошентип калабы деп да карап турду. Бирок атасынын кабагы түйүлүп, буюмдарын чогултуу менен убара. Апасы болсо ашканада шалдырап гана отура берди. Атасынын бутуна асылып ыйлап жаткан Аманды карап туруп Эмил чыдабай кетти.

– Болду, ыйлаба, ал кетсе мен бармын! Ага экөөбүздүн керегибиз жок, башка аялга кетет. Ал аял баарыбыздан кымбат экен,- деди ызырына. Ыйлап жаткан бөбөгүн колуна алды эле, ал тыбырап бошонуп кайра атасынын бутун кучактап жалына берди. Бакырайган көздөрүндөгү жалынуу кимдин болсо да жүрөгүн оорутуп жибере тургандай эле. Атасын жибите албады бирок. Үн катпаган бойдон чыгып кетти. Эшиктин карс жабылганы угулду. Шолоктоп ыйлаган кичине бала, ызырына көз жашын муштуму менен аарчыган өспүрүм, селдейген аял кала беришти.

Аман үчүн мындан кийинки жашоо таптакыр башкача болду. Ал бала бакчадан атасы алып кетерин күтө берди. Агасы, же апасы келгенде кадимкидей моюну шылк эте түшөр эле. Агасы менен апасы канча жамандабасын, ал сөздөр наристе жүрөгүндөгү атасын кирдете алган жок. Кантип эле анын атакеси жаман босун? Аны уктаткан, китеп окуп берген, моюнуна отургузуп алып шаар аралаткан, балмуздак алып берген атасы кантип жаман болушу керек? Жүрөгү муну такыр кабыл ала албады. Чоңдор бир нерсени жашырып жаткандай сезиле берди.

Кийин эки жылдан соң атасы апасына келип кечирим сураган экен. Бирок жаны кашайып калган аял үйгө киргизбей коюптур. Ал тургай бул тууралуу балдарына да айткан эмес экен. Муну Аман кийин чоңоюп калганда укту. Ошондо бир ичи сыйрылганы эсинде. Эгерде ошол кезде үйдө ал болсо, балким, атакесин жетелеп үйгө киргизип алмак.

Жылдар өтүп жатты. Эки бала тең эрезеге жетишти. Эмил бизнесмен болду, ал эми Аман болсо колу жеңил аябай мыкты хирург болуп чыкты. Анткени бир жолу атасы ага “сен мыкты врач болосуң” деп айтканы эсинде.

Бир күнү агасы экөө шаарда сейилдеп жүргөн. Күз аяктап, аба ырайы суук тартып калган учур болчу. Көчөдө бир бурчта алдына пакет коюп коюп, алысты телмире карап турган кишини көрдү Эмил. Буту тизесинен ылдый жок экенин байкады. Эмнегедир анын көздөрү тааныш эле. “Ким болду экен бул?” Көзүнөн мурун да жүрөгү тааныды. Селт эте токтоду да, ал адамды кадала тиктеп калды. Тиги киши ойлуу, алыстарга телмирип отурат. Карып, жүдөп калган экен.

– Байке, эмне болду?

– Бул кишини карасаң...

– Кайсы?

–Кайыр сурап отурган, буту жок...

Аман агасы көрсөткөн кишини карап калды. Ал атасын тааныган жок, анын элесинде кычырап кийинген, атыр жыттанган, бойлуу, кең далылуу атасы калган эле. Эмил ал адамга чукул келип, ийинден ала анын көзүнө карады. Ооба, бул атасы болчу. Ата да балдарын бир заматта тааныды. Эмил аны көздөрүнө бир саам карап туруп каткырып жиберди.

– Хе, хе-хе, сенсиңби, ата. Жете турган жээгиң ушул эле беле?- деди ызырына. Чүкөдөй чал эмне дээрин билбей калды. Оозуна сөз келбеди.

– Алыс кетпепсиң го, атакеси? Бизден ушунчалык шашылып качып кеттиң эле го?

Экөөнүн сүйлөшкөнүн нес боло карап турган Аман эми гана тиги киши атасы экенине көзү жетти. Чуркап барып атасынын колдорун кармай калды. Анын көздөрүнө тике карады. Ооба, ошол көздөр! Карып, таанылгыс болуп калганы менен, көздөрүн тааныды.

– Атаке, мени тааныдыңбы? Мен, Аман, сенин уулуң!- жаш аралаш кубаныч менен сүйлөдү.

– Ооба, уулум. Экөөңдү тең тааныдым.

Кайырчы абышка көп жылдар мурун бакырайган, өзүнө ишеним менен тиктеген төрт жаштагы баласын эстеди. Ошол учурдагыдай эле жалжылдаган мээримдүү көздөр экен уулунда.

– Жүрү, ата, мен сени бул жерге таштабайм. Мен врач болдум. Бутуңду айыктырам.

– Жок, уулум. Мен эми бара албайм. Менин силерге барчу жолдорум жабылган,- деди абышка башын чайкап.

– Сен эмне келесоо болуп жатасың? Ташта, мунун экөөбүзгө боору ачыды беле? Бизди жалдыратып таштап кетпеди беле? Мунун айынан кайгырып жүрүп апабыз эрте өлдү.

– Байке, машинеге бара берчи, сураныч.

– Эгерде атаңды тандасаң, мени жок деп бил.

Эмил ушуларды айтты да, басып кетти. Куду өспүрүм кезиндегидей эле чарт-чурт, ызакор мүнөзү бар экенин байкады атасы.

– Байкең туура айтат. Мага силерди көргөнүм эле жетиштүү,- деди ал көз жашын аарчый.

Аман эки ортодо калды. Баары бир атага деген боор толгоо жеңип кетти. Байкеси аны кечирет, кайсы бир күнү түшүнөт деп ойлоду. Арыктап жепжеңил болуп калган атасын көтөрүп машинесине басты.

Кайырчы абышка ыйлап бара жатты. Бутуна жабышып ыйлаган төрт жаштагы уул, азыр кең далылуу жигит болуп өзүн көтөрүп бара жатканына ыйлады. Тагдыры аны жазалаганы менен, Жараткан анын уулунун жүрөгүн бала кезиндегидей таптаза, мээримдүү кылып койгонуна ыраазы боло уулунан колдорунда кетип бара жатты...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан