ЛЫЖА СПОРТУ

Учурда лыжа спортунун сезону болуп жаткан кезде ал тууралуу сөз кылбасак, күнөө болсо керек. Спорттун бул түрү качан жаралган жана Кыргызстанда лыжа спорту барбы? Мына ушул суроолорго жооп издедик.

ТАРЫХКА КАЙРЫЛСАК
Биздин заманга чейин эле скандинавиялыктар лыжаны колдонгондугу тууралуу далилдер бар. Алсак, Швециянын Хотинг аймагындагы саздан мындан 2500 жыл мурунку лыжанын калдыктары табылган. Ошондо лыжа аң уулоо жана согуштук максаттарда пайдаланылган. Заманбап спорт түрү катары XVIII кылымдан тарта Норвегияда калыптана баштаган.
Лыжа спортуна түрдүү аралыктарга лыжа жарыш, трамплиндерден секирүү, тоо лыжасы, кош жарыш (жарыш жана тоскоолдуктардан секирүү), сноуборд кирет. Эл аралык лыжа спортунун федерациясы 1924-жылы уюшулуп, дал ушул жылдан тарта олимпиадалык программага киргизилген. Ал эми Дүйнө биринчилиги расмий түрдө 1937-жылдан бери өтүп келет.

«ЖЕҢИШТЕР ТУУРАЛУУ АЙТУУГА АЛИ ЭРТЕ»

Кыргызстанда лыжа спортунун абалын КРнын Лыжа спорту федерациясынын президенти Игорь Борисовдон жакшы билген инсан жок. Ал киши Казакстанда өтүп жаткан Кышкы Азиадада жүргөнүнө карабастан, интернет аркылуу суроолорубузга жооп берди.

– Игорь Геннадиевич, айтсаңыз, Кышкы Азиадага даярдык кандай болду? Кыргызстандын атынан кимдер катышып жатат?
– Азиадага даярдык көрүү максатында лыжа спорту боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү эл аралык машыгуу борборлорунда болушту. Бир катар мелдештерге катышышты. Спорттун бул түрү боюнча бизден бир туугандар Александр жана Дмитрий Трелевскийлер катышууда.
– Буга чейин ата мекендик лыжачылар кандай жетишкендиктерге жетишкен?
– Кыргызстандык спортчулардын эл аралык мелдештердеги жеңиштерин айтардан мурда лыжа спорту Европада качантан бери жашап келатканын эске алуу керек. Ал өлкөлөр канчалык көңүл бурбасын, медалдарынын саны чектелүү. А биздин спортчулар азырынча чоң жеңиштерге жетишпесе да, Дүйнөнүн мыкты 100 спортчуларынын катарында. Азыр биздин спортчулар үчүн башкысы – бирин да калтырбай эл аралык мелдештерге катышууну улантуу. Андыктан жеңиштер тууралуу айтууга али эрте деп ойлойм.
– Негизи эле лыжа спорту Кыргызстанга качан келген? Федерация качан түптөлгөн?
– Кыргыз жеринде лыжа спортунун өнүгүүсү өткөн кылымдын 60-жылдарынан башталат. Ошондо лыжа сүйүүчүлөр Чоң-Ташта лыжа тебишчү. Кийинчерээк алар ДОЛС деген клуб түзүшүп, Оору-Сайда база кура башташкан. Алардын ысымдарын атай кетсем, В.Трелевский, Г.Борисов, Г.Останков. 70-жылдарда Ю.Самарский менен Ю.Лостун аракети менен атайын спорт мектеби ачылган. Ушул мектептен СССРдин чемпиондору чыккан. Ал эми КРнын Лыжа спортунун федерациясы өлкө суверендүүлүгүн алган күндөн тарта ишмердүүлүк жүргүзүп келет.
– Өзүңүз жөнүндө айтсаңыз. Спортко кантип аралашкансыз?
– Мени лыжага атам 4 жашымда тургузган. Ошондон бери лыжа тээп келем. Спортчулар арасында жергиликтүү мелдештерден тарта Дүйнө чемпиондугуна чейин катышкам. Орусиянын Львов шаарындагы Дене тарбия жана спорт институтун аяктагам.
– Өлкөбүздөгү лыжа тебүүчү базалар жөнүндө да маалымат бере кетсеңиз. Учурда иштеп жаткан базалар, алардын мүмкүнчүлүктөрү кандай?
– Республикабызда лыжа тебүүчү базалар көп эле. Анын ичинде Бишкектен 100 чакырым аралыкта жайгашкан Төө-Ашуу ашуусундагы база да бар. Бирок баары машыгуу жана мелдеш өткөрүү үчүн техникалык нормаларга жооп бербейт. Каракол менен Орловкадагы базалар лыжа трассаларына ээ болуп, болгону, кресло тибиндеги көтөргүчтөр орнотулган.
– Өлкөбүздө лыжа спорту менен алектенген спортчулар, лыжа сүйүүчүлөр көп элеби?
– Лыжа тээп эс алууну каалагандар көбөйүп баратканы менен, профессионал спортчулар абдан аз. Профессионалдык деңгээлде лыжа спорту менен алектенүү үчүн каалоочулар бала кезинен башташы керек. Ошондой эле спортчулардын аз болушуна бизде шарттын жоктугу да таасирин тийгизүүдө. Ооба, бизде 3000 метр бийиктикте жайгашкан лыжа тебүүчү табигый тоолор бар. Бирок мунун өзү жетиштүү эмес. Спортчулар көп болушу үчүн адис машыктыруучулар жана адистештирилген базалар зарыл.
– Федерация өкмөт тарабынан каржыланабы?
– Учурда спортчуларыбыз эл аралык мелдештерге өзүлөрүнүн эсебинен катышып жүрүшөт. Өз арабасын өзү тартып дегендей. Азыр өлкө үчүн лыжа спортунан башка маанилүү маселелер көп да.
– Биздин лыжачылар эл аралык мелдештерде ийгилик жаратышы үчүн эмне кылуу керек?
– Ал үчүн кеминде 20 жыл мамлекеттик каржылоо керек. Балдар үчүн атайын мектептерди ачып, машыктыруучуларга айлык акы төлөп, шарт түзүү зарыл. Ошондо гана ийгилик жөнүндө кеп козгосок болот. Чынында, спортчулар менен машыктыруучулар энтузиазмынын негизинде эле иштеп келишет. Эгер мамлекеттик колдоо болсо, лыжа спорту бизде да Европадагыдай популярдуу болмок.
– Лыжа менен алектенем, спортчу болом дегендерге кандай кеңеш бере аласыз? Эмнеге көңүл буруу керек?
– Каалоочулар жыл бою карда тынымсыз лыжа тээп машыгуусу керек. Аны 4-5-жашынан башташы зарыл. Анан дагы профессионал машыктыруучуларга барганы оң.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
pyeon hwa
2011-02-04 19:33:47
azamatsynar .. hokkeister menen syimyktanam. algaaaaaa!!
0
sulusha
2011-02-06 22:52:23
vau, molodsy,hokkeisty!
0
LIVER
2011-02-10 12:44:50
Азаматсынар, соз жок, биздин спортчулар алга, 21-0 менен уттуууук урааа, бир бронза медаль алдык, и то 3 команданын ичинен, биздин спорчуларда куноо жок, биздин мамлекетибизде спортко конул бурулбайт, ит эле болдук, ээхх Кыргыз болуп жаралганыма суктанам, бирок мындай позор болгондон коро барбай эле коюшпайбы, артта калдык бардык нерседен.
0
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан