ПЕКАН - АМЕРИКА ЖАҢГАГЫ

Учурда Кыргызстанга сырттан киргизилип жаткан жаңгактардын катарында Америка жаңгагы да бар. Базар, супермаркеттерде кеңири сатылып, популярдуу болуп бара жатат. Көрүнүшү грек жаңгагына окшошуп кетет.

Пекан – жаңгактар түркүмүндөгү дарак. АКШнын Айова, Индиана, Техас, Миссисипи штаттарында өсөт. Ошондой эле Крым, Кавказда кездешет.

Илгери америкалык индейлер аны кышка башкы азык катары чогултушкан. Анткени анын калориялуулугу эттен кем калышпайт. Аны майдалап, суу кошуп, ымыркайларга сүт ордуна да беришкен. Күч-кубат берсин деп карылар, жоокерлер жешкен. Учурда пекандын көптөгөн сорттору бар.

Анын көрүнүшү, даамы кадимки биз жакшы көргөн грек жаңгагына окшошуп кетет, бирок жумшак, таттуураак жана майлуураак. Формасы сүйрүрөөк келип, кабыгы жука.

Дарагынын бийиктиги 25-40 метрге, сөңгөнүнүн диаметри 2-2,5 метрге чейин жетет. Пекан өсүшү үчүн ысык, нымдуу климат талап кылынат. 300 жылга чейин жашайт. Мөмөсү октябрдын аяк ченинде бышып баштайт.

Мөмөсүн сатуу үчүн пекан АКШда 1800-жылдан тарта көбүрөөк өстүрүлө баштаган. Учурда эң көп экспорттогон өлкө АКШ болуп саналат.

Пекандын жыгачынан эмерек, пол, жаа, барабандын таякчалары, гольф үчүн клюшка, лыжа, кайырмак жасашат. Жыгачын күйгүзүп эт ышташат. Этке жагымдуу жаңгак даамын берет.

Курамы

Курамы адам организмине керектүү заттарга бай. Бирок башка жаңгактарга салыштырмалуу каныккан май кычкылдары көп болгондуктан аны өтө узакка сактоого болбойт, даамы кычкыл тартып кетет. Андыктан терилгенден 6 айдан кийин тоңдургучта кармашат. Өтө майлуу, ушул себептүү аны көп жегенге болбойт.

Курамындагы олеин кычкылы, каныккан май кычкылдары, антиоксиданттар инфаркт, атеросклероз менен инсульттун алдын алат. Магний кан тамырларды серпилгич кылат. Марганец иммунитетти көтөрөт. Фосфор тиш, сөөктөрүн бекемдеш, организмдеги уулардын чыгышы үчүн керек. A, E витаминдери теринин картайышынын алдын алат. Каротин көрүүнүн курч болушун шарттайт.

B тобундагы витаминдер стресс менен күрөшүүдө жардамчы, андан тышкары гемоглобинди көтөрөт.

Ашканада

Пекан жаңгагын кондитердик азыктарга, нанга, ысык тамак жана салаттарга кошушат. Аны чийки жана кууруп жегенге, эт, балык кошулган тамактарга, ал тургай талкалап кофеге кошуп ичүүгө болот. Сыр, жашылча, козу карын, күрүч менен жакшы айкалышат. Майы көптөгөн азыктарга кошулат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан