Жийдеш Идирисова, ырчы: «АЗЫРКЫ ЫРЛАР ЭЛГЕ СИҢБЕЙ ЖАТКАНСЫЙТ»

Белгилүү ырчы, бир жылдары хит ырлары менен Кыргызстанды гана эмес, чет өлкөдөгү сынактарды да дүңгүрөткөн Жийдеш Идирисова бул аптанын каарманы. Бул жолу ырчы айымдын дүйнөсүнө саякат жасайбыз.

«Жолдошум аябай токтоо, мен эмоционалдуумун»

– Дүйнөмдү үй-бүлөм, жакын адамдарым, чыгармачылыгым түзөт. Анын ичинде жолдошум өзгөчө орунда турат. Жолдошум менин продюсерим, мен ырдап жүргөн ырлардын баарынын музыкасын жазып берет. Өзү музыкант, корей улутунан, абдан жакшы киши, Андрейди жакындан тааныгандар муну жакшы билишет. Бактыгүл Бадыева кээде “мен сага караганда күйөөңдү жакшы көрөм” деп тамашалап калат. Жашоодобу, чыгармачылыктабы, мага кылган колдоосу аябай чоң. Үйдө кээ бир күйөөлөргө окшоп “неге үйдү жыйнаган жоксуң, неге ысык тамагың жок?” дебейт, тескерисинче, кол кабыш кылып турат. Мүнөзү аябай токтоо, а мен тескерисинче, өтө эмоционалдуумун. Андрей экөөбүздүн сүрөтүбүздү социалдык тармактагы баракчама чыгарып койсом, “жолдошуңуз неге күлбөйт, аябай бактысыз көрүнөт” деп жазышат. Андай эмес, болгону ошондой токтоо, жөпжөнөкөй адам. “Кыргыз кызы болгондон кийин кыргызга эле тийбейсиңби” дегендер да бар. Кеп сүйүүдө экен. Сүйүүдө “мен мындай улуттагы, мындай келбеттеги жигитти сүйөм” деп ойлобойт экенсиң. Экөөбүз бирге иштешип жүрүп, кантип сүйүп калганымды деле билбей калгам (күлүп). “Северное сияние” деп коёбуз го, түндүк жарыктарын көрсөм деген кыялым бар эле, жакында эле жолдошум Мурманскка жолдомо алып коюптур. Кудай буюрса, бул тилегим ишке ашканы турат.

«Кыздарымдын келечегин көп ойлойм»

– Учурда улуу кызым Севара 17ге чыкты, кичүүсү Адель 6 жарым жашта, даярдоо классына барып жатат. Улуу кызымды төрөгөндө өзүм деле жаш болгон экенмин, ага эне катары эмес, куурчактай эле мамиле кылыптырмын. Муну экинчи кызымды төрөгөндө түшүндүм. Аделди жашым 30дан өткөндө төрөдүм да. Севара мени энеси катары эмес, өзүнүн улуу эжесиндей кабыл алат, анткени 11 жашка чейин таенесинин колунда чоңойду. Экөөбүз ачык сүйлөшөбүз, кандай маселе болсо да кеңешип турат. Бирок өзү ички дүйнөсүн көп ача бербеген кыз, токтоо, көп сүйлөбөйт. Албетте, өткөөл куракта бир аз түшүнбөстүктөр болду. Бир учурда психологго да бардык. Азыр Кудайга шүгүр, баары жакшы. Кичүү кызым мага окшош, аяштарыбыз “өзүңдүн эле копияңды төрөп алыптырсың” деп калышат. Жолдошум кээде “ии, кандай экен? Өзүңдүн кандай экениңди көрдүңбү?” деп тамашалап калат.

Коомдогу, интернеттеги терс жаңылыктарды, кылмыш-кырсыктарды окуп отуруп кыздарымдын келечегинен кабатырланам. Кыздарым жакшы жолдошко туш болсо экен деп көп санаа тартам.

«Апам элге таанылууну каалабайт»

– Менин дүйнөмдө дагы бир өзгөчө орунга ээ адам – апам. Бирок апам өзү тууралуу менин элге айтышымды каалабайт. “Эмне үчүн апаңызды чыгарбайсыз? Апаңыз жөнүндө айтпайсыз?” деп көп сурашат. Бул апамдын өзүнүн суранычы, “мен жөнүндө айтпа, мен “Жийдеш Идирисованын апасы” деп таанылгым келбейт, өзүмдүн жеке жашоом менен жашагым келет” дейт. Азыр эми айтышым керек, туура түшүнөт деп ойлойм. Бизди төрөп, жаштыгына карабай 2-3 жумушта иштеп иним Жаркынбек экөөбүздү бутубузга тургузуп, тарбиясын, сүйүүсүн берип өстүргөн апам дайым жүрөгүмдө, ыраазымын.

«Курбуларым дайым каталарымды түздөп турушат»

– Ата-энебиз, туугандарыбыз, досторум дагы дүйнөмдүн бир бөлүгү. Алардын да амандыгын каалайм. Досторум ар дайым колдоосун аяшпайт. “Сен бул жерден туура эмес кылдың” деп туура эмес кылганымды да ачык айтып түздөп, чыгармачылыгымды карап-байкап турушат. “Виниливый проигрыватель” алууну кыялданчумун, жакында курбуларым жолдоштору менен биргеликте пластинкасын кошо белек кылышты, мен үчүн бул күтүлбөгөн белек болду.

«Учурда ырларымды элге кантип таратам деп ойлонуп жүргөн кезим»

– Ортодо чыгармачылыктан алыстап кеткениме кичүү кызымдын төрөлүшү себеп болду. Жогоруда айткандай, бул кызымда башкача сезимде болдум. Севараны көрүп, кызым бат эле чоңоюп кетерине көзүм жетти. Ал учурларды артка кайтарууга мүмкүн эмес экен. Андыктан колумдан келишинче жанында болгонго аракет кылдым, балалыгын өткөрүп жибербейин дедим. Чыгармачылыкка 2022-жылдан баштап кайра киришип, “Диско” деген ыр менен кайтып келдим. Бирок азыр таптакыр эле башкача болуп кетиптир. Мурда, мисалы, жаңы ырыңды радиого алып барат элең, радиодон кайра-кайра коюп жатып элге бат эле сиңип кетчү. Клиптериңди телевидениеге алып барсаң, ал деле бат тарап кетчү. Азыркы чыгып жаткан ырлар элге сиңбей жаткандай сезилет. Ошентсе да талыкпай иштей беребиз. Учурда ырларымды элге кантип таратам деп ойлонуп жүргөн кезим. Азыр элдин көңүлү музыкада эмес, такыр башка көйгөйлөрдө окшойт.

Тойлорго да чыгып калам, эми заманга жараша тойго чыгып акча табабыз да. Азыр концерт коюп акча табуу мен үчүн эле эмес, көп артисттер үчүн кыйын болуп калды. Ырчы катары көбүрөөк концерттерде, сахнада ырдасам дейм, сахнанын касиети такыр башка.

«Хоббиге деле убакыт бөлбөй калыптырмын»

– Бир нерсени токуганды жакшы көрөм. Улуу кызым да тигүүчүлүккө жакын, ал майрамдарда белекке берилген акчасын чогултуп тигүүчү машина сатып алган. Ошону кээде экөөбүз талашып тигип калабыз. Анан китеп окуганды жакшы көрөм, бирок азыр убакыт тартыш болгондуктан аудиокитептерди угам. Велосипед тээп, сууда сүзүүгө кызыгам. Азыр чыгармачылыкты өркүндөтүү үчүн ары-бери чуркап жүргөндүктөн, хоббиге деле убакыт бөлбөй калыптырмын.

Эмнеден ырахат алам? Уктоодон (күлүп). Анткени тойлорго кечинде чыгып, кайра эртең менен эрте кичүү кызымды мектепке даярдайм. Андан тышкары үй-бүлөм, апам, Андрейдин ата-энеси болуп чогулуп бир столдо кобурашып отургандан ырахат алам. Анан саякаттагандан, сөзсүз эле чет өлкөгө баруу эмес, мисалы, Нарынга баратып деле табияттын кооздугуна суктанып барган жагат.

«Кыргызстанды дүйнө жүзү билсе дейм»

– Бала кезимде атактуу ырчы болуу кыялым эле, ага жеттим десем болот. Учурда Орто Азияда популярдуу ырчы болуу кыялым бар. Асманда жылдызым күйүп калса, буюрса, ага да жетермин. Чыңгыз Айтматов сыяктуу Кыргызстанды, өзүмдүн улутумду, элимди дүйнө жүзүнө тааныткан инсан болгум келет. Чет өлкөгө барсак бизди кыргыздар деп дароо таанышпайт. “Кыргызстандан келдим” десең, “ал каякта?” дешет. Анан интернеттен көрсөтөбүз. Ошого жеткизбей эле бизди таанышса дейм. Динара Асанова аттуу режиссёр, сценарист болгон экен, мен билбептирмин, мен төрөлгөн жылы каза болуптур. Бирок өзүнүн артында чоң эмгек калтырып кетиптир. Жакында Динара Асанованын трибьюту, концерти болду. Кыргыз фильмдериндеги ырлар оркестрге салынып жаңыртылып ырдалды. Кыргыз маданиятына ошондой салым кошкон инсан болсом дейм.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан