(Башы өткөн санда)
Бирок ушуга чейин “Канаттын атасы ким?” деген мүшкүл менен жашап келет. Ким? Анын жакшы көргөн аялын тебелеп-тепсеп, кош бойлуу кылган адам ким? Балким, жакын эле жашачу? Балким, ошол эле айылдык бирөө эле. Балким, азыр өзүн шылдыңдап күлүп, аркасынан сөз кылып жүрөт? Ушундай шектенүүлөрдөн улам жер которуп айылынан узак кетти. Бирок өзүнөн кайда качып кутулат адам? Канатты көргөн сайын онтоп жиберет. Анын сулуу, жайдары жүзүн, алабарман мүнөзүн, адамга жакшылык кылууга шашып турганын көргөн сайын жаны кашаят да турат. Куду атактуу Темучин хан уулу Жучиден шектене берген сымал көөдөнү чок ортосунда турат да турат. Анан да аялынан “бала кимден?” деп ачык сурай албай, сураса да анын үн-сөзсүз мисирейип койгонуна ичи өрттөнүп келет. Так жообун ала албай турганын да билет. Же ошол үйлөнөр күнү эле аялы Жаркындан баш тартып койсо эмне? Жараткан ар кимди өз билгениндей сынайт имиш. Жусуптун бул жашоодогу сыноосу да ушул аялы болду. Канча жылдан бери аял-күйөө катары жашап келе жатышканы менен, бири-бирине чындап жакын боло алышпады. Ортодо бир чоң дубал бар сыяктуу эле. Ал дубал да Канат. Же Канаттын атасы...
Куду бүгүнкүгө чейин ошол түн эсине келе берет. Кызды тапыратып сүйрөп келип, ала качуу деген ушундай эле болот деп отургузуп коюшту. Ал байкуш “отурбайм” деп жанталашып каршылык көрсөткөнүнө болбой жарым күн кармашты. Кыз ата-энесинин “куттуу жер, бизди сыйласа отуруп калсын” деп жеңелерине айттырып жиберген дубай саламын уккандан кийин шалдайды. Бечара, акыркы үмүтү ата-энеси эле. Алар антип айткан соң кайда кете алат? Шалдайды. Бул жолу башына салынып жаткан жоолукту ызырына алып ыргытпай башын шылкыйта тагдырга көнүп берди. Кайра башын көтөрдү, кумсарып турду да, “Жусупту чакыргылачы, аны менен сүйлөшүшүм керек” деди. Жусуп өзүнчө кыжалат болуп короодо ары-бери басып жүргөн. Кирип келди. Кыз ага тайманбай тике карады.
– Сен азыр айтчу сөзүмдү уксаң, үйгө өзүң жеткиресиң. Бирок эркекче сөз бер, бул сөз өлөр-өлгүчө экөөбүздүн ортобузда гана калат.
– Ооба, ортобузда калат,- деди тике караган кыздын көзүнөн жалтанган Жусуп. Менменсинген жигиттин биринчи жолу мизи кайтарылганы ушул эле. Жалын бүркүп турган каректерге батынып карай албады.
– Мени зордоп алып келдиңер, көңүлүм барбы, сурап да койгон жоксуңар. Мен сени сүйбөйм, Жусуп. Менин бир өмүр жүрөгүмдү ээлеп алган адамым бар.
– Аны айтканың менен эмне өзгөрөт? Кеч болуп калды...- деди Жусуп башы дүңгүрөй.
– Менин боюмда бар. Сен муну уккандан кийин мени кабыл албашыңды билем. Эч кимге айтпай, тойду азыр токтотуп, мени үйгө жеткирип койсоң жигиттик кылган болосуң.
Бул сөздү уккандан кийин Жусуп сөзсүз түрдө өзүн үйүнө жеткирип салат деп үмүт кылган эле Жаркын. Жусуптун мээсине кан дүргүй түштү. Мынчалык сынган эмес эле, маңдайындагы кызды өлтүрүп, өзү да өлүп алгысы келди. Аброюн, ата-энесин, эртеңки күнүн ойлоду. Баары бир Жаркындан баш тарта албай турду. Адамга өзү сүйгөн адамдан баш тартыш кандай кыйын. Экөөнүн тең, ал тургай боюндагы баланын да тараза ташы Жусуптун колунда эле. Кыз андан көзүн албай турду. Ушундай кашкөй карап турду. Бирок ушул көз карашы менен аны дагы сүйдүрүп жатканын байкабады. Эркектер табиятынан аңчы дейбиз, ал эми Жусуптай эркектер колуна түшүп, капканда жаткан маралды кайра эркиндикке коё бере алат беле?
– Сен муну эч кимге айтпа. Мен дагы эч кимге айтпайм. Азыр сени жеткирип коё албайм. Сени кандай болсоң да кабыл алам. Ичиңдеги бала меники болот, эч кимге билгизбейбиз.
– Бирок бул сеники эмес!
Жаакка чапкандай чорт айтты кыз. Жигиттин жүрөгү сыздай түштү.
– Менин чечимим ушул. Эч кимге билдирбейбиз,- деди да, чыгып кетти.
Чыгып алып машинесине отуруп ээн талаага айдап кетти. Нес болуп бир топко отурду, эмне кыларын билбей жатты. Ата-энесине айтып, тойду токтоттуруп салгысы да келди бир эсе. Бир эсе жок болгусу келип жатты. Балким, жашап кетем деген үмүтү, Жаркынга болгон сүйүүсү коё бербей жатты. Канчалаган сааттар бою талаада ары-бери басып жүрдү. Бирок акылына эч нерсе келбеди. Кимге айтарын да билбеди. Таң атканда келсе үйдө той башталып калган экен.
– Өз тоюңда кайда жүрөсүң, балам, баш көз болбой,- деп утурлай чыккан энесинен жүзүн ала качты.
– Ай, эмне болду сага?- деди энеси селдейе. Тамагы буулуп, үн ката албады Жусуп. Жок дегенде ошондо апасына айтса, балким, бир нерсе өзгөрүп кетет беле, ким билсин...
Жашоо ошентип башталды. Жарым-жартылай башталды булардын жашоосу. Бири-бирине чоочун адамдай жылдар бою жатыркап келгендеринин себеби да ошол. Жаркын аны коё бербегени үчүн кечире албаса, Жусуп аны башкадан кош бойлуу абалда алып, баласын өзүнүн баласы деп жарыя кылганына жаны кашаят. Экөөнүн гана ортосундагы купуя сыр эле. Канат төрөлгөндө кубангандан жүзү албырган атасын карап Жусуп ичинен эзилип турду.
– Менин неберем, атын Канат коём,- деп кубанган атасынын башканын канынан жаралган балага имерилип жатканын көрүп ичи сыздады. Жыл айланбай Жанат төрөлдү. Аны да ата-энеси кубанып аланып тегеренип жатты. Бирок Канатты ымыркайында көрүп эле тоңуп калган жүрөк Жанатка да ысыбай койду. Өзүнүн уулу экенин билип турса да жатыркады. Анын үстүнө бала алсыз төрөлдү. Ошентип экөөнө тең ата боло албады. Бирок бул нерсени экөө бири-бири үчүн толуктады. Кээде уулдарынын бири-бирин кучактап уктап жатканын көрүп Жусуп үнсүз ыйлап алар эле. Алардын эч нерсени түшүнбөй караган күнөөсүз көздөрү аны кадимкидей үйдөн кубалачу. Ошентип жатып эле жылдар өтүп кетти. Мына, азыр да экөө жыргап сүйлөшүп бара жатат. Алар үчүн аалам тегиз. Бир кезде Жусуп да ушундай бала болгон эле.
Ал үйүнө кеч келди. Балдары, аялы кечки тамакка жаңыдан отурган экен. Эмнегедир сүйлөшүп жаткан алар тымтырс боло түшүштү. Канат гана ордунан тура калып, салам айтты.
– Жакшы...
Жанат дайымкысындай агасынын канаты алдында калууга аракет кыла берди. Бул бала дайыма ушундай. Бирок мунусу менен ого бетер атасынын жинин келтирерин ал кайдан билсин.
– Жанат, сен 11-классты бүтүп жатасың? Кайсы окууга тапшырайын деп турасың?
Жанат менен Канат бири-бирин карап калды. “Канат да бүтүп жатпайбы мектепти?” деген ой келди Жанатка. Адатынча атасы өзүнө гана асылып жаткандай сезилди. Эмнегедир атасы Канаттан келечек пландарын сурачу эмес, муну Жанат өзүнүн алсыздыгы үчүн деп билчү. Ого бетер ызаланып, ал таарынычка айланып, атасын азыр да жек көрүп кетти.
– Азырынча билбейм...
– Кандайча, билбейм? Эмдигиче ойлоно элексиңби?
Жусуп баласына каардуу карады. Столду тарс эттире муштады.
– Жанатты кызыл менен бүтөт деп жатышат мугалимдер. Кызыл аттестат алса, кайда барса да эшик ачык эмеспи? “Мега мозг” деп коюшат класста Жанатты... Ошол үчүн анын келечеги үчүн тынчсызданып кереги жок, менимче,- деди Канат.
Туптуура айтты. Бирок ушул туура сөз да Жусуптун куйкасын куруштурду...
(Уландысы кийинки санда)