Уникалдуу талант ээси, төкмө акын, комузчу, СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиевди тааныбаган адам жок чыгар кыргызда. Акындын өзү арабызда болбосо да, анын ырлары, термелери дайыма элдин жүрөгүндө. Ошол атактуу төкмө акындын өмүрлөшү, 83 жаштагы Райкүл Деркембаева менен баарлаштык. “Эстекемдин арбагын сыйлап мага сый-урмат көрсөткөндөр көп, анын ак дилден кызмат кылып кеткенин кыргыз эли баалады, мен ушуга абдан ыраазымын”,- дейт.
“Чоң эле киши экен, мага сөз айткысы бар деп жиним келчү”
– Өзүм Жумгалдын кызы болом. Райондук, облустук, республикалык музыкалык ыр сынактарга катышып жеңүүчү болуп жүргөм. Ал кезде Токтоналы Шабданбаев деген төкмө акын бар эле, ошол киши мени Жумгалга издеп барып, “жакшы ырдайт экенсиң, биз менен филармонияда иште” деп ата-энемдин колунан алып кеткен. Болбосо үйдөгүлөр мени күйөөгө беребиз деп камданып жүрүшкөн эле. Кудай жалгап, эрте күйөөгө тийгенден кутулуп кеттим. Жөнөп жатканымда апам байкуш “гастролдо чоң кишилер деле тийише бериши мүмкүн, абайла, түз жүр. Жашаганга үйүм жок де, филармония жатаканадан бөлмө берсин” деп аябай кулагыма куйду.
Ошентип филармониянын артисттери менен Казакстанга гастролго жөнөп кеттик, арабызда Эстекем да бар эле. Көзүмө чоң эле кишидей көрүнчү, сөз айткысы келип мага жакындайын дегенде өзүмдү ала качып жакын жолотпой жүрдүм. Ичимден “чоң эле киши экен, мага сөз айткысы бар” деп бир ачуум келет. Анын үй-бүлөсү, балдары бар экенин билчүмүн да. Биздин ортобузду жакындатууга Шекербек Шеркуловдун салымы чоң. Ал киши мени гастролдордо киного алып барып, ашканадан тамак алып берип курсагымды тойгузуп эле басып жүрчү. Көрсө, Эстебес ага “Шекем, ушул кыз мага жакты, өзүң карап жүрчү” деп дайындап койгон экен. Шекем ортомчу жеңенин ролун мыкты аткарды, кыскасы.
“Эстебеске тийбейм деп өмүрүмө кол салгам”
– Менин тыңдыгым Эстебеске гана эмес, кайненеме да аябай жагып калат. Ушул жагдай да биздин баш кошуубузга себеп болуп калды. Концерттерибиздин бирине кайненем да келип, мени аябай жактырып калыптыр. “Жаркылдаган, келин кылчу кыз экен” деген экен. Ошентип Эстебес менен апасынын ою бир чыгып, пландарын ишке ашыра башташат. Баштаганда да менден эмес, апам менен байкемди көндүрүүдөн башташкан. Мен гастролдо жүргөндө Эстекемдин апасы менин апама барып кулагына шыбырай берген “кызыңды уулума алып берейин, уулум да жөн жигит эмес” деп. Эстебес да биздин үйгө тез-тез каттап, байкемдин көңүлүн табат. Айтор, баарына менин тиешем жоктой абал (күлүп). Эстекем ал кезде “сүйөм” же “сага үйлөнөм” деп деле айтпайт. Менин кыялым актриса болуу эле, Ташкенттеги театралдык институтка тапшырам деп “копилкага” акча чогултуп жүргөм. Ал “копилкага” Эстекем да “менден жардам” деп акча салып турчу. Ошондо мен так кесе эле “мага үй-бүлөлүү мырзанын кереги жок, бактыңызды башка жактан издеңиз” дечүмүн. Бирок ага болгон жок. Байкем менен апам урушуп “Эстебеске күйөөгө тиесиң, мындан артык ким күйөө болуп берет сага” дешти. Чынында Эстекем ошол жылдары популярдуулуктун туу чокусунда турган Кыргызстанда эң белгилүү адам эле, ошол атагына эле кызыккан болуш керек деп ойлойм. “Эстебеске тийбейм, актриса болом, болбосо өлөм” деп, жүрүп бараткан унаанын астына боюмду таштаганга аракет кылгам. Эки жолу өз өмүрүмө кол салганда байкем куткарып калган. Кийин айылдан апам келип мени кайтарып жүрдү. Айтор, нике кайып экен. Эстебес атаңардын сүйүүсү күчтүүлүк кылды, ага башымды байлап, бирге түтүн булатып калдык. Ал жашаган үйүн жубайы менен балдарына таштап, өзү менин үйүмө келип жашап калды.
“Аябай кызганчаак болчу”
– Эстекем жарыктык, жаш кезинде аябай кызганчаак эле. Алыска иш сапарга кетсе, эки күндөн кийин эле мени өзүнө чакыртып алчу. Мен дагы жаш экенмин, чакырса эле 2-3 баламды жетелеп алып жөнөйм десең. Мага эмне бар алыс жолдо самсаалап балдар менен? Өмүр бою жанында жүрдүм, эс алсак да бала-чака менен бапырап барабыз. Мен ошого аябай көндүм, азыр деле үйдө бака-шака угулуп, балдар ойноп-күлүп турбаса өзүмдү жалгыз калгандай сезем. Чогуу гастролдо жүргөндө сөзсүз эшиги кулпулана турган бөлмө алчубуз, ажатканага чыкса да эшикти сыртынан бекитип кетер эле. Бул сапаты мага жакчу эмес, чынында, бирок күйөөң болгондон кийин кемчилигине көз жумуп жашайсың да. Экөөбүз 6 уул, 2 кыздуу болдук. Эстекем да өз заманынын чыгаан адамы болгон, ага сөз айткан, ашык болгон кыз-келиндер көп эле. Бирок мен бир да жолу кызганып кулак-мээсин жеген жокмун. Аны коруп, ажылдап отурсам эл сүйгөн ырлары кантип жаралмак. Бир жолу мага бирөө тоголок кат жазып жибериптир, “күйөөң гастролдо баланча деген артист келин менен сүйлөшүп жүрөт, ишенбесең барып кара” деп. Ошол күндөрдө Эстекем Ысык-Көлгө гастролго жөнөп жаткан. Мен узатканы бардым. Эки өрдөктү союп тоңдуруп алгам, баштыкка бир бөтөлкө аракты, таттууларды, нанды кошо салдым. Барсам, артисттер чогулуп туруптур. “Ой, эми жакшы барып келгиле аман-эсен” деп колумдагы баштыкты баягы артист келинге карматтым. “Сен эми Эстебестин кир-когун жууп, кирпигин терип жакшы карап жүр. Бул баштыктагыны жолдон менин ден соолугум үчүн ичип койгула” дедим. Ошондон кийин мага эч ким “сенин күйөөң баланча артист менен жүрөт” деп ушак айтпай калды. Анткени өздөрүн мат кылдым да, “силер айта бересиңер” деп. Мага Кудай сабырды кенен бериптир. Кызганыч бул өзүмчүлдүк. Эстебестей жолдошко туш кылганы үчүн Кудайга ыраазымын.
“Бильярдды абдан жакшы көрчү”
– Үйдө каржы жагын Эстекем карачу, анткени мен үнөмдөштү билбейт элем. Эртең менен 10 миң сом берсе, кечинде кайра бир бөлкө нанга акча сурачумун. Ушундан тажап “кой, айланайын, акчаны өзүң эле кармачы” деп бардык бюджетти ага өткөрүп бергем.
Бир жолу Крымда эс алып жүрөбүз. Жарыктык, бильярдды абдан жакшы көрчү. Эртең мененки тамакка чогуу барабыз. Андан кийин бильярдга кирип кетет да, кечке чейин чыкпайт. Кечки тамакты жалгыз ичем. Айлам кеткенде акырын бильярдга барсам баары эле мени жаман көзү менен карайт. Көрсө, кавказдыктар эркектердин артынан аял кишинин издеп келгенин жактырышпайт экен. Анан кечке кумга жатам, сейилдеп басам, жалгыз отуруп тамак ичем. Бир күнү “ээ, Эстеке, эс алууга келип же күйөөсү бар эмес, же жок эмес аял болуп жалгыз жүрөм. Эс алуу бүткүчө убактылуу ажыраша турбайлыбы” деп койсом, “ээ, Кудай урган” деп күлүп, ошондон кийин бильярдга барбай калган.
“Тазалыгы жан дүйнөсүндө, ырларында, күүлөрүндө катылган”
– Эстекем элине ак дилден кызмат кылды. Аны сүйгөндөр ушунчалык көп болчу. Концерттерине эл батпай, эки сеанстан өтчү. Популярдуулугунан пайдаланып бир да жолу коммерциялык концерт берген жок. “Үй-бүлөлүк концерт коюп көрбөйлүбү, ыя, Эстекем?” десем “кой, антип элди кыйнагым келбейт” дечү. Тазалыгы жан дүйнөсүндө гана эмес, ырларында, черткен күүлөрүндө да бар эле. Эл сүймөнчүгү экенин мындан бил, Эстекемдин арбагын сыйлайбыз деген айрым инсандар азыркыга чейин мага майрамдарда белектерин, акчасын берип жиберет. Таластык кайын журтум качан барбайын жеңелеп, колуңдан иш талашып турушат. Эстекемдин көз жумганына 20 жылга чукулдап калса да эл арасындагы кадыр-баркы табында, анын байбичеси катары бул ийгилигине сыймыктанам, өнөрдү баалаган кыргыз элимден айланса болот.
Лунара Бекиева