(Башы өткөн санда)
Түн бир оокум болду. Шам-эл менен Алтынбек дале бөлмөдөн чыкпай кобурашып отурушат. Бир кезде аялы кирип келди.
– Экөөңдүн сөзүңөр түгөнбөй окшойт? Кеч болду, силерге ушул бөлмөгө эле төшөк салып берейин. Чер жазыша сүйлөшүп алгыла.
– Мейли, кемпир, ошент анда. Сен дагы эс ал, бизди күтүп отура бербей,- Алтынбек оозун кере эстеп жатып сүйлөдү. Аны улай уйкусу келгенин билдиргендей Шам-эл дагы көзүн ушалап калды.
– Сен анан эмне болуп кармалып калдың? Казакстандын чек арасынан кармалды деп жатпады беле,- Алтынбек жок дегенде ушул жерин угуп анан уктайын деп ойлонду.
– Мен толук бир ай Талас шаарында жаттым. Бир батир ижарага алгам. Эч ким менден күмөн санаган жок. Анын үстүнө мен бир дагы киши менен алака түзгөн жокмун. Бир күнү жаңылыктардан “прокурордун кызын өлтүргөндөр дале из жашырып жүрүшөт. Азыр бүтүндөй аймактарда издөө иштери кызуу башталды, Таласка, Нарын, Баткенге атайын күч түзүмдөрү кетти” дегенди угуп калдым. Ошондо Казакстанга өтүп кетүү тууралуу ойлондум. Даярданып Таластан чыгып кеттим. Унаам менен жолго чыгып бекер кылыптырмын. Унаам да издөөдө экен, чек арадан мени өткөрүшкөн жок. Ошондо эле колго түшкөнүмдү билдим. Телефондорумду алып койгончо жетишип калайын деп Лёхага байланышып баарын айттым. Ал “сен баарын моюнуңа ала бер, биз сени куткарып алабыз. Бишкекте кайсы бөлүмгө түшкөнүңдү биз өзүбүз сураштырып табабыз. Анан сени сууруп чыгабыз” деди. Түндө милиция кызматкерлери мени чек арадан алып кетишти. Таластын убактылуу кармоочу жайында бир күн жаттым. Эртеси Бишкекке алып келишти. Кыз өлтүрүлгөн үйдүн айланасындагы камералардан күмөндүү унааларды карап чыгышыптыр, анын үстүнө кыздын жездеси дагы унааны даана көргөн экен. Ошо...- деп оор улутунду Шам-эл.
– Анан сен прокурордун өзүн жүзмө-жүз көрдүңбү?
– Ооба, ал сурак жүрүп жатканда бир күнү өзү келди. Бөлмөдө экөөбүз эле калдык. Колум кишенделүү турган мени кирип келип көкүрөккө уруп жиберди да, маңдайыма отурду.
– Көзүмө тике кара, кызымды сен өлтүрдүңбү?
Башымды жерге салып үн дебей отурдум.
– Эй, көзүмө тике кара деп жатам,- дагы бир жолу өпкө талаштыра уруп жиберди. Жанымды койбосун түшүндүм да, көзүнө тике карап “ооба, мен өлтүрдүм” дедим.
– Эмнеге, эмнеге?!- мени моюнумдан мыкчый кармады.
– Мен кызыңызды жакшы көрчүмүн, биз үйдө бирге сүйлөшүп отурган элек, анан кокустук болуп кетти,- дедим.
– Жакшы көрөт имиш, акмак! Жакшы көргөн киши өлтүрүп алып качып кетпейт биринчиден. Өлтүрүп алса жанында айланчыктап турмак. Биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылмак?!- ызырына чылымын бетиме үйлөдү.
– Андан көрө үйдү тоногону киргем деп эле айтпайсыңбы, үйдөн эмне алып кеттиң? Сен жалгыз болбой кал. Сен дагы жок дегенде 10 чакты кишиден турган кылмыштуу топтун мүчөсү чыгарсың. Айт, кимдин кишисисиң? Айт ачык, кызымды өлтүрүүгө ким буйрук берди? Чындыкты айтсаң, жазаң да жеңилдейт,- деди. Ушул жерден баарын ачык айтып салсамбы деп барып токтоп калдым. Бүркүттүн сөзү эсиме келе түштү. Аларды айтканда камактан кутулганым менен, алардан соо кутулбасымды билдим.
–Эч кандай банданын мүчөсү эмесмин. Чындап кокустук болду. Биз үйгө экөөбүз ээрчишип эле келгенбиз. Тапанча үйдө экен, биз ойноп жатып болуп кетти ушул иш. Коркконумдан качып кеттим. Эмне кыларымды билбей калдым,- деп каратып туруп калп айттым.
– Сенин көздөрүң баары бир башкача, сенин өлтүргөнүңө да ишенбей турам. Айтчы, чынында ким өлтүрдү, эгер алар сен үчүн коркунучтуу адамдар болсо сени мен коргоюн. Сага кызымдын арбагы үчүн жигиттик сөзүмдү берейин,- жанатан каарын төгүп жаткан прокурор жибий түштү.
Кийин ойлоп көп өкүндүм. Ушул сураганында баарын төкпөй-чачпай айтып берип салбай деп калдым. Бүркүттөн жөн эле качып кутулмак экенмин. 15 жыл түрмөдө жатканча 5 жыл чет өлкөгө кетсем. Бүркүт деле Лёха деле мени унутмак го деп калам.
– Болору болду дечи, ага эми өкүнгөндөн пайда барбы? Өкүнүч өзөгүңдү жеп бүтпөйбү, андан көрө жакшыга умтулуп оокатыңды кыл. Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк барбы? Баарыбыз периште эмес, пендебиз, пенде болгондон кийин баарыбыз жаңылабыз. Бир жолу жаңылдым деп бүт өмүрдү азап менен өткөрүүнүн зарылчылыгы барбы? Мындан эч кандай пайда таппайсың. Андан көрө мындан кийинки жашооңду жаркырата жаша. Адам миң жыгылса, миң жолу кайра баш көтөрүшү керек экен турмушта. Аракет кылсаң эле берекетин Кудай берет,- Алтынбек оң капталына оодарылып уктаганга ыңгай издеди.
– Туура айтасыз, ага. Жакшы уктаңыз.
– Сен дагы жакшы жат, Шамике. Экөөбүздүн сөзүбүз бүтө турган эмес. Күн сайын кечинде окуянын уландысын укканы чакырып турат окшойм,- деп мындан ары да окуяны укканга кызыкдар экенин билдирип койду үй ээси.
Алтынбек табиятынан бирөөнүн оозунан ар кандай окуяларды укканды жакшы көргөн жан. Кичине кезинен бери эле жомок, уламыш, санжыра дегенде жантыгынан жата калчу.
xxx
Дайыр менен Алтынай, уулу дагы эмнегедир түшкө чейин козголбой укташыптыр. Алар турганда үйдө эч ким калбаптыр. Баары өз иштерине кеткен. Алтынай жуунуп-чайынып алып дасторкон даярдап баштады.
– Тамак даярдап убара болбой эле койчу, жүр, баланы ойноткончо бир жакшы жерден тамактанып келебиз,- деди Дайыр ыңгайсыздана.
– Жок, биз үйдө эле болобуз. Баланы ойнотуу эми эсиңе келдиби?- деди Алтынай нааразы болгонун билдиргендей.
– Алтыш, жок дегенде бүгүн маанайыңды түшүрбөчү, суранам. Сенин маанайыңды түшүрүүнү каалабай элемин.
Алтынай унчукпай, ыйлай баштаган уулун көздөй жөнөп кетти.
Дайыр ойлуу отурду, ушул эле күнү оңолуп, ичкиликтен арылып, баарын жолго салып салгысы келди. Ичкиликтин айынан жубайынын алдында өзүн бечара сезип отурганына жини келди.
– Ата-а-а,- ашканага кирип келген уулу атасын көрүп сүйүнүп кетти. Чуркап келип анын моюнунан кучактап калды.
– Апа, апа, ата келди,- деп кайра апасына чуркап барды. Уулунун кубанып турганын көрүп жетине албай кеткен Алтынай Дайырдын сунушуна көндү. Экөө баласын алып ээрчише оюн-зоок борборуна жөнөштү.
xxx
Айзада өзүнүн ушул ыплас чөйрөгө аралашкан учурун эстеди.
Бул нерсени кесип кылып ушунча жыл алып жүрөм деген ою жок эле. Ата-энесинин өлүмүнө себеп болгон кишиден өч алууну гана көздөп келген. Ал кишини көпкө изилдеди, акыры анын сойкуканага көп келерин билди. Дайыма жан сакчылары менен жүргөн кадыр-барктуу киши сойкуканага киргенде гана жалгыз калат экен. Анын бул сырын билгени кыз эч токтолбой ошол киши келген сойкуканага иштегени кирет. Адатта бул жакка көп кыздарды алдап алып келип ишке киргизишчү. Айзада бул ишке өзү келген. Анын иштейм деп өз каалоосу менен келишине “мамашалар” аябай таң калышкан. Айзада аларга шарт койгон. Анысына тигилер дароо макул болушкан...
(Уландысы кийинки санда)