Гезитибиздин өткөн санында Бишкек-Ош жолундагы өрт кырсыгында бирөөнү куткарыш үчүн өз өмүрлөрүн тобокелге салып, оор жаракаттан улам каза болуп калган милиция кызматкерлеринин эрдиги тууралуу жазган элек. Алардын бири Кызыл-Кыя ШИИБинин тергөөчүсү, 41 жаштагы Дилмурат Шамшиев болчу. Маркумдун апасы Назакат Шамшиева “жалгыз уулум эле, ушул ишиңди таштачы, балам, элдердей эле оокат кылчы деп көп айттым, болгон жок” дейт. Дилмурат Шамшиевдин жакындарын анын кандай адам, кандай кызматкер болгонун оор үшкүрүнө баяндап беришти.
Гүлхан Бердикулова, маркумдун жубайы: “Кылмыштын бетин тез ача турган механизм ойлоп тапсам дечү”
– Биз азыр абдан оор күндөрдү баштан кечирип жатабыз. Бир үйдүн жалгыз уулу, 3 баланын атасы, менин тирегим, өмүрлүк жолдошумду жоготтук. Дилмурат жумушка жоопкерчиликтүү жан, өз кесибинин чыныгы фанаты эле. Биз аны жоготуп алганыбызга дагы деле ишенбей турабыз, иш сапарга кетип, кайра келчүдөй эле күтүп жатабыз. Экөөбүз досторубуздун тоюнда таанышып, 3 ай сүйлөшүп 2007-жылдын 14-февралында баш кошконбуз. 2 уул, 1 кызыбыз бар. Кызына абдан жакын эле, анын бала бакчадагы сүрөттөрүн телефонуна жиберсем “ханышам”, “сулуум”, “бийкечим, жаным менин” деп элжиреп кетчү. Ошол каргашалуу 27-октябрь күнү да эртең менен кызы экөө видеочалуу аркылуу сүйлөшкөн. Кызы “ата, сизди сагындым” десе, “сагынбай тур, бүгүн барам, экөөбүз бекем кучакташып жатабыз” деген эле. Бирок анте албай калды.
Мектепти, жогорку окуу жайды артыкчылык менен бүтүп, милиция кызматкери болуп жумушка орношкон. Кызыл-Кыя шаарынын четиндеги айылдарда участкалык милиция кызматкери, өспүрүмдөр менен иштеген инспектор болуп, Баткен РИИБинде экстремизмге жана терроризмге каршы бөлүмдө иштеген. Жумушу абдан кооптуу эле. “Чогуу түшкөн сүрөттөрүбүздү социалдык тармактарга жүктөбө, менин жумушум кооптуу, душмандарым көп” деп калчу. Ошондон чочулап балдарыбызды да мектепте кеч калтырбаганга аракет кылар элек. “Ички иштер башкармалыгынын бардык бөлүмүндө иштегим келет, бул чоң тажрыйба” дечү. “Кылмыштуулук менен күрөшүүнү, анын бетин ачууну ыкчам ишке ашыруу жолдорун жөнгө салсам, кылмыштын бетин бат ача турган механизмдерди ойлоп тапсам, ошондон кийин тынч пенсияга кете бермекмин” деп кыялдангандары эсимде. Жолдошум азыркы Кыргыз милициясынын илимдүү-билимдүү кадрларынан эле.
“Өкүнгөнүм – көп убактысын үй-бүлөсүнө арнай албай калды”
– Жашоомдун эң бир кубанычтуу күндөрү жолдошум менен өттү. Аттиң, ошол күндөрдүн кыскалыгын кантейин. Анын кыска өмүрүндө эстен кеткис жашадык (ыйлап). Жумушта сүрдүү, оор басырыктуу болсо, үйгө келгенде балдары менен күрөшүп, жашынмак ойноп жаш баладай эле жүрчү. Ата-энесин жакшы көргөнүн сураба, апасына кичинекей баладай апалап бутун өөп эркелечү. Маанилүү даталарга аябай маани берет эле, үлпөт тоюбузду 14-февралда өткөрөлү деп өзү тандаган, көңүлүнө жаккан, жакшы даталарды үй-бүлөбүз менен чогуу белгилейт элек. Өзүнүн да 1-ноябрь – милиция кызматкерлеринин майрамында көз жумганы Кудайдын бир белгиси болуш керек. Бул күнү башкалар майрамдашса, биз аза күтөбүз. Өкүнгөнүм – жолдошум жумуш деп жүрүп көп убактысын үй-бүлөсүнө арнай албай калды, балдарым толук кандуу ата мээримине тойбой калышты. Ооруп жатса да, дары ичип алып жумушка кетип калчу. Кырсык болорго жакын негедир жумуштарын шашып бүтүрүп, шашып жашап калган. Бишкекке 24-октябрда жумуштары менен кетмек, ага чейин кайын сиңдим төрөгөн, ошого жолугуп коёлу деп аябай шашты. Карындашына алтын сөйкө алып берип, баласынын көрүндүгүн берип, чайын ичип келгенбиз. Туугандары менен акыркы жолугушканы ошол болду.
“Алгачкы тез жардам убагында көрсөтүлгөндө аман калышмак”
– Кырсык 27-октябрда саат 14:00-15:00дүн ортосунда болгон. Бирок жолдошум менен шеригин Бишкектеги ооруканага түнкү саат 1-2лерде жеткиришиптир. Шериги экөө күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусуна жардам берип келип, өздөрүнүн унаасына отурайын деп жатышканда цистерна жарылып кетиптир. Ошондо күйөөм шериги экөө сууга секиришиптир. Секиргенде жолдошумдун башы ташка катуу тийип жарылыптыр, анан ооруканадан жарылган жерин тигишиптир. Өрттүн масштабы ушунчалык чоң болгондуктан жардам берүү үчүн алардын жанына эч ким бир топко чейин бара алышкан эмес. Күбөлөрдүн айтымында, алар суудан өздөрү чыгышып, окуя болгон жерде 2-3 саат туруп калышкан. Анан жолдогу таксисттер Кара-Балтадагы ооруканага жеткиришкен. Өздөрү басып-туруп, сүйлөп эле жүрүшкөн экен. Бирок Кара-Балтадагы оорукананын дарыгерлери шашылыш жардам көрсөтүүнүн ордуна аты-жөнүн, иштеген жерин сурап, каттоого алышыбыз керек деп, документ иштери менен шашпай отуруп алышкан окшойт. Жолдошум шериги менен ал жакта да 3-4 саат Бишкектен “Тез жардам” кызматынын унаасы келгиче күтүп отурушкан. Анын ордуна өздөрүнүн эле унаасы менен эртерээк Бишкекке жеткиришсе, өмүрүн сактап калышат беле дейм. Арадан көп убакыт өтүп кеткен. Кырсык чак түштө болсо, аларды түн ортосунда Бишкекке жеткирип жатышат, күйүктүн таасири ички органдарына өтүп кеткен деп ойлоп жатабыз. Убагында жардам берилгенде мындай болмок эмес. Биз ошол биринчи медициналык жардамды ыкчам көрсөтпөгөн дарыгерлердин суракка алынышын талап кылабыз.
Назакат Шамшиева,маркумдун апасы: “Мен жакшымын, апам кыжалат болбосун дептир”
– Балам Дилмурат жөнүндө ал 41 жашка чыккыча бир да жаман сөз уккан жокмун элден. Ныпым тентектиги жок, тартиптүү, сылык уулум бар эле. Кесиптеш, жетекчи, баары менен тегиз тил табышчу, жадакалса кылмышкерлердин да тилин таап сүйлөшөт эле. Жумушу үчүн акыры минтип жанын да берди. Кыргыз-тажик согушу болгондо такай катышты, бир жолу бутуна ок тийип, гипс менен жүрдү, ошондо да отчётторду жазып, ташып жүрөт десең. Балама боорум ооруп “ушул ишиңди таштачы, балам, элдердей эле оокат кылчы, мени көп кыжалатка салбачы” деп канча сурандым, болбойт такыр. Кичинесинде ышкырыгы менен көчө жаңыртып ышкырып “чоңойгондо полицейский болом” дей берчү. Эңсеп, дегдеп жүрүп жетти бул кесипке. Бирок аягын карабайсыңбы, баарыбызды боздотуп кете берди. Байкуш келиним жолдошун күтүп жүрүп жашады. Майрам дегенди билчү эмес, булар Жаңы жыл күнү деле аянттагы жалгыз балатыны кайтарыш үчүн иштей беришчү.
Төө-Ашууда кырсыктап, Кара- Балтанын ооруканасына жеткирилгенде бир кесиптешине чалып, “биз кырсыкка кабылдык, бирок үйдөгүлөргө, атама-апама кабатыр болбосун деп айтып койгула, 5-10 күндө айыгып барам” деп айткан экен. Балам ай, айыгып келип калса кана эми. Кеңешчим, эркем, жароокерим эле, башкача күйүмдүү жан болчу.
Лунара Бекиева