Ар кандай маданий иш-чараларда баатырларча кийинип, оюн-зоок көрсөтүп келе жатышкан алп жигиттерди көрүп жүрсөңүздөр керек. “Кожомкулдун жолун улантуучулар” деп сыймыктанышат көптөр. Узун бой, алп денелүү мырзалардан түзүлгөн топ, анын жаралуу тарыхы кызыктырса макалага көз чаптырыңыз.
НУРИСЛАМ ЖАРТИЕВ, “КЫРГЫЗ АЛПТАРЫ” ТОБУНУН ЖЕТЕКЧИСИ: “АЙМАКТАРДАН 7 АЛП ТАПТЫМ”
– Учурда Ак-Суу районунун Константиновка айылында жашайм. 2019-жылы Сауд Арабиясында Эл аралык “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалы өтмөк болуп калды. Ошондо “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” долбоорунун жетекчиси Асхат Акибаев менен сүйлөшүп отурганда мага “Кыргыз алптары” тобун түзүү идеясы келди. Анткени алп жигиттерден түзүлгөн топ Монголияда, Казакстанда бар. Биз да түзөлү дедим. Оюмду Асхат кубаттады. Ал кезде Бишкекте жашачумун, 7 дубандан сураштырып отуруп 7 жигит таптым. Топтун максаты – оюн-зоок программасына катышып, Кыргызстанды, улуттук кийимдерди, кыргыздын тарыхын таанытуу, кыргыз баатырларынын образын, кыргыз жүзүн көрсөтүү.
Алптар сымбаттуу, сүрдүү ата-бабаларды эске салат эмеспи. Аларды форма менен камсыз кылышым керек эле, Караколдон карышкырдын, түлкүнүн терилерин алдырдым. Жигиттердин бут кийимдеринин өлчөмү 48ден 54кө чейин, аларды бишкектик Бактыбек Байызов аттуу өтүкчү тигип берди. Тери-соот кийимдерди Улан Дербишалиев менен Максат Коңурбаев даярдады. Ал эми кылыч, калкандарды Акыл Турдубаев аттуу зергер жасады. Ар бир формага 1800 доллардан кетти.
“ЧЕТ ӨЛКӨДӨ АБДАН КЫЗЫГЫШТЫ”
Ошентип Эр-Рияд шаарына бардык. Эл алптарыбызды курчап алып, бура бастырбай коюшту. “Кайсы өлкөдөн келдиңер? Улутуңар ким?” деп кызыгып сурашып, сүрөткө түшүп жатышты. Азыркы тапта Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мамлекеттик иш-чараларга биздин топту чакырып турат. Айта кетчү нерсе, мурунку топтон айрымдар чыгып кетип, орду жаңылар менен толукталган. Биз кээде сырттан башка элдин өлкө, өкмөт башчыларын тосуп алууга катышабыз. Туризмди өнүктүрүү долбоору менен топ 4 мамлекетке: Өзбекстан, Орусия, Германия, Бириккен Араб Эмираттарына да барып келдик. Элдин кызыкканы ушунчалык Эр-Рияддагыдай эле курчап алып, суроолорду узатып жатышты. Чет өлкөдө көбү жигиттерден сүрдөп, сүрөткө түшүп алалы деп айта алышпайт. Мен аркылуу айттырышат. Алдыда дагы көп пландарыбыз бар. Сауд Арабиядан келгенден кийин топко 3 кызды да алганбыз. Бирок алар менен иштеш оор болуп, кийин топтон чыгып кетишти. Улуттук кийимдерди кийген бою узун кыздар баары бир керек экен. Эми кайра кыздарды кошсок, топтогулардын санын 15ке чейин көбөйтсөк деп турабыз.
Учурда топто 8 мырза бар:
• Тилектеш Усенакунов, туулган жери – Нарын. Боюнун узундугу 2 метр 6 сантиметр. Салмагы 135 килограмм.
• Кайрат Умеркулов, туулган жери Жалал-Абад. Бою 2 метр 2 сантиметр, салмагы 136 килограмм.
• Сыргабай Абдылдабеков, туулган жери Талас. Бою 2 метр, салмагы 120 килограмм.
• Тилек Усупов, туулган жери Ысык-Көл. Бою 2 метр, салмагы 130 килограмм.
• Михаил Новоселедский, туулган жери Чүй. Бою 2 метр, салмагы 130 килограмм.
• Адилет Аалиев, туулган жери Ысык-Көл. Бою 2 метр, салмагы 120 килограмм.
• Алмаз Бекботоев, туулган жери Талас. Бою 1 метр 98 сантиметр, салмагы 120 килограмм.
• Манас Жылтыров, туулган жери Кара-Балта. Бою 1 метр 97 сантиметр, салмагы 140 килограмм.
Тилек Усупов, топтун мүчөсү:“Эмне жеп чоңойгонсуңар деп сурашат”
– Мен Ысык-Көлдөн чыккан Тилекмат акенин урпактарынан болом. Кичи мекеним – Тилекмат (Шалба) айылы. Учурда 52 жаштамын. Бишкекте жашайм, жеке мектепте дене тарбия мугалими болуп иштейм. Алп денелүүлүк жагынан тегимди тарткам. Баш кийимден 62, бут кийимден 48инчи өлчөмдү кием. Тилекмат бабамдын бою 1 метр 90 сантиметр, салмагы 120 килограмм, чоң атам Усуптун бою 2 метр, салмагы 180 килограмм болуптур. Чоң атам ат, букаларды так көтөрүп кетчү экен. Мелдеше кетип 1 козунун этин өзү жалгыз жегендигин да айтышат. Атамдын бою да чоң атамдыкындай. Мен 180 килограммга чейинки оордукту көтөрө алам.
Балдарым да узун бойлуу. Улуу балам 22 жашта, бою 1 метр 88 сантиметр, бокс менен машыгат. 14 жаштагы уулумдун бою да 1 метр 88 сантиметр. Кызым 16 жашта, бою 1 метр 80 сантиметр. Волейбол, баскетбол ойношот. Балдар дагы өсүп, бойлору дагы узарат го деп турабыз.
Бизге, алптарга базардагы кийимдер туура келбейт. Андыктан кийим, жууркан-төшөк дегендерди буюртма менен жасатууга, же чет өлкөдөн алдырууга туура келет.
Топтогу жигиттер менен чогулуу бизге жагымдуу. Узакка көрүшпөй калсак сагышынып калабыз. Көчөдө жүргөнүбүздө баары кызыгып карай беришет, ушуга ыңгайсыз болобуз. Кээде “дөө”, “төө” деп тийишкендер болуп калат. Аларды угуп үстүнөн карап күлүп коёбуз.
Бизде коомдук унааларга түшүү, учакка чыгуу ыңгайсыз. Маршруттук таксиге батышыбыз кыйын. Учактын отургучуна бутубуз батпай кыйналабыз. Жоокердик формабыздын салмагы эле (тумак, териден зоот, кур, өтүк, чапан) 25 килограммды түзөт. Учак менен бир жакка учарда багаждын лимити ошону менен толуп калат. Калган кийимдерди кол сумкага салууга туура келет. Жайындабы, кышындабы, айтор, иш-чарага катышканыбызда ошол формабыз менен аягына чейин чыдайбыз. Оордугуна көнүп деле калдык. Эр-Риядда күн абдан ысык болгонуна карабай кийип жүрдүк. Чет өлкөдө мындай алптар азыр да бар экен ээ деп таң калышат, улутубузду, мекенибизди сурашат. “Эмне жеп чоңойдуңар?” деп сурагандар да болот. Биз аларга таза абада, табигый тамактарды жеп чоңойгонубузду айтабыз.
Тилектеш Усенакунов, топтун мүчөсү: “Ата-бабаларыбызда алптар болгон окшойт”
Кичи мекеним – Нарын шаары, жашым 46да. Боюм 8-класстан баштап абдан өстү. Ата-энемдин, 4 баламдын бою кадимикдей эле. Сыягы түпкү ата-бабаларыбызда алптар болгон окшойт, мен ошолорду тартып калсам керек. Мен мекенибизди, кыргызды даңазалап жүргөнүмө сыймыктанам.
Адилет Аалиев, топтун мүчөсү: “Чет элдиктер да бата беришет”
– Жашым 32де. Ак-Суу районунун Теплоключенко айылынан болом. Учурда “Кумтөр” алтын кенинде курулуш тармагында эмгектенем. 2 кыздын атасымын.
Кытайлык, арабиялык расмий делегацияларды тосуп алганыбызда алар бизге таң кала карашып “оорубай, эл-жериңерди даңазалап аман жүргүлө” деп бата беришкен.
Канымжан Усупбекова